Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Азиз диссидент АКШ-Кытай алакасын сыноодо


Кытайда өткөн аптада үй камагынан качкан көзү азиз диссидент Чэнь Гуанчен АКШнын Бээжиндеги элчилигинен башпаанек тапканы айтылууда. Талдоочулардын пикиринде, бул окуянын эки өлкөнүн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрү алдына туш келиши Вашингтон менен Бээжиндин мамилесин сыноодо.

Кичи мекени Шандунь провинциясында Кытайдын “жалгыз бала” саясатынын жер-жерлерде аткарылышын камсыздоо үчүн аялдардын бойдон алдырууга мажбурланышына каршы жигердүү күрөшкөнү менен таанылган Чэнь Гуанчен үй камагынан 22-апрелде качып, АКШнын Бээжиндеги элчилигине ушул ишемби күнү жетиптир.

Азиз диссиденттин достору менен туугандарынын ырастоосунда, Чэнь коопсуздук күчтөрү күнү-түнү көзөмөлдөгөн үйүнөн качууга бир нече ай даярданган. Кызматташтарынын жана досторунун жардамы менен АКШ элчилигине жеткенге чейинки жолдо ага бир нече үйдө токтоого туура келген.

Кырк бир жаштагы диссидент өзү үй камагынан качканы менен анын жубайы жана алты жашар кызы мына ушундай шартта кала берүүдө.

Чэнь Гуанчен өзү ушул өткөн дем алыш күндөрү Интернетке коюлган видеодо кытай бийликтеринен анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн сабалышын иликтөөнү суранса, анын кызматташтарынын бири, белгилүү диссидент Ху Цзянын жубайы Цзэн Цзиньянь эл аралык коомчулукту Чэнь Гуанченге жардам берүүгө үндөдү:

- Биз Кошмо Штаттар эле эмес, бүткүл дүйнө Чэнь Гуанченге жардам көргөзүүсүн, анын коопсуздугун кепилдөө үчүн чара көрүүсүн өтүнөбүз. Биз Кытайдын өзүндө мүмкүн болгон укуктук жолдордун баарын пайдаландык. Бирок али деле ага жана үй-бүлөсүнө адилетсиз, айоосуз мамиле жасалууда.

Чэнь Гуанчен кыштактагы үйүндө он тогуз ай камакта отурганга дейре, “мүлккө зыян келтирген”, “жол кыймылына тоскоолдук кылган” деген жүйөө менен төрт жыл түрмөгө жатып чыккан эле.

Маанилүү сүйлөшүүлөргө көлөкө түшүрүү

АКШ тарап азиз диссидент элчиликте отурганы жөнүндөгү кабарды расмий комментарийлей элек. Бирок “Нью-Йорк Таймс” гезитинин жазганына караганда, мына ушул маселеден улам азыр Бээжинде АКШ Мамлекеттик катчысынын Чыгыш Азия боюнча орун басары Курт Кэмпбэлл жүрөт.

Өзү диссидент менен байланышкан окуя АКШ менен Кытайдын коопсуздук жана экономика маселелери жогорку деңгээлде талкуулануучу сүйлөшүүлөрү алдына туш келди. Ал сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн 3-майда Бээжинде АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон болмок. Андыктан аналитиктердин пикиринде, бул окуя Вашингтон менен Бээжиндин алакасында кошумча чыңалуу жаратты.

Бээжиндеги жыйында соода-сатык, эл аралык маселелерден Ирандын өзөктүк программасы, Сирия жаңжалы, Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча туңгуюкка кептелген сүйлөшүүлөр талкууланмак.

Кытайдагы Ренмин университетинин эл аралык мамилелер боюнча профессору Ши Инхонгдун пикиринде, Вашингтон менен Бээжин бул окуянын эки тараптуу алакага терс таасирин басаңдатууну көздөйт:

- АКШ Кытай алар менен Иран, Сирия, Түндүк Корея маселелеринде кызматташат, Кытай экономикалык чегинүүлөргө барат деп үмүттөнөт. Мунун баары АКШдагы президенттик шайлоо өнөктүгү үчүн пайдалуу. Мындай кырдаалда эки тарап бул инциденттин кесепеттерин чектөөгө аракеттенет. Бирок алар бул проблеманы чечүү ыкмасын абдан тез таба алышабы, бул диалог жана талкуу кандай кетерине көз каранды болот.

Президенттик шайлоо демекчи Барак Обаманын атаандашы болот деп күтүлгөн Мит Ромни аны Кытай менен карым-катнашта жумшактык кылып жатканы үчүн буга чейин эле айыптаган. Андыктан, Вашингтон диссиденттен баш тартса, республикачылардын талапкери Кытай маселеси боюнча да Обамага каршы сынын күчөтчүдөй.

Кош сценарий

Аналитиктер менен адам укугун коргоочулар Чэнь Гуанчендин ишинин эки сценарийин болжошууда.

Биринчиси боюнча, анын өзүнүн, үй-бүлөсүнүн, балким качышына жардам бергендердин коопсуздугу кепилденип, Кытайда эле калат.

Экинчиси боюнча, Гуанчендин достору ал мекенин таштоону каалабайт деп ырастаганына карабай,сүргүнгө кетүүгө аргасыз болот.

Буга чейин кытайлык диссидент АКШ элчилигине кире качкан окуя 1989-жылы Тяньаньмэнь аянтындагы кан төгүүнүн артынан болгон.

Кесиби боюнча астрофизик окумуштуу, “кытайлык Сахаров” деп атыккан Фан Личжи мекенинен чыгарылып кеткенге чейин АКШнын Бээжиндеги элчилигинде бир жылча башкалкалаган. Ал өткөн айдын башында АКШда, 76 жаш курагында көз жумду.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG