Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

Трамп: АКШ өз кызыкчылыгын коргойт


АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтондо Конгресттин биргелешкен жыйынында "Өлкөдөгү иштердин абалы тууралуу" деп аталган жылдык кайрылуусун жасады.

Бул - Трамптын президент катары экинчи кайрылуусу.

АКШ президенти Дональд Трамптын кайрылуусу 6-февралда Кыргызстан убактысы боюнча саат сегизде башталды. Президент Трампты Конгресс мүчөлөрү жана башка чакырылган коноктор кол чабуу менен тосуп алышты:

- Урматтуу спикер, урматтуу вице-президент, урматтуу конгрессмендер жана менин сүйүктүү америкалыктарым,- деп баштады сөзүн Трамп. -Дүйнөнүн миллиондогон эли бул жараянга көз салып турат. Мен өлкөнү эки партия катары эмес, бир эл катары башкарабыз деп үмүттөнөм. Бүгүнкүгө белгиленген программа да эки партияга тиешелүү эмес, бул жалпы америка элинин программасы. Биз баарыбыз тең шайлоодо америкалыктардын кызыкчылыгы үчүн иштейбиз, Американын инфраструктурасын өнүктүрөбүз, саламаттыкты сактоо баасын төмөндөтөбүз, эл аралык саясатта Американын ордун көтөрөбүз деп убада бергенбиз. Эл аралык саясатта Америка жетишкен жеңиш кайсы бир партиянын эмес, жалпы биздин өлкөбүздүн жеңиши.

Дональд Трамп Конгресске кайрылуусунда АКШ тышкы саясатында биринчи кезекте өзүнүн кызыкчылыктарын коргоого умтула турганын белгиледи.

Ошону менен катар ал азыркы президенттик администрация бюрократияны тез арада кыскарта алган мекеме болгонун белгилеп, "65 жылда биринчи жолу АКШ энергетиканын экспортеру" болду деп билдирди. Анын белгилешинче, азыркы тапта АКШда "экономикалык керемет" өкүм сүрүүдө.

АКШ президенти Дональд Трамп мыйзамсыз миграция темасына да кайрылды. Ал "түштүк чек арага бетон дубал эмес, "болот чеп" орнотулат" деп айтты:

- Мурда бул залдагылардын көпчүлүгү түштүк чек арага дубал курууга макулдугун беришкен. Бирок аны курууга акча бөлүнгөн эмес. Мен бул дубалды тургузам. Бул бетондон тургузулган дубал эле эмес, терең ойлонулуп жасалган болот чеп болот. Дубал тургузулгандан кийин мыйзамсыз миграция токтогонун чек арачылар сиздерге айтышат. Убагында мыйзамсыз миграция күч алганда да ага каршы Техаста дубал тургузулган. Натыйжада мыйзамсыздыктар дээрлик токтогон. Техастагы Эл-Пасо шаары ага чейин эң криминалдуу болуп эсептелсе, учурда эң коопсуз шаарлардын бири.

Трамп мыйзамсыз миграцияны токтотуу аракетинде өлкөнүн түштүк чек арасына курулуучу дубал үчүн Конгресстен беш миллиарддан ашык доллар сураган. Конгрессте көпчүлүктү түзгөн демократтар буга макул болгон эмес.

Трамптын Конгресттин биргелешкен жыйынындагы бул кайрылуусу өкмөттүн ишин жарым-жартылай токтоткон АКШнын тарыхындагы эң узак “шатдаундан" кийинки учурга туш келди.

Трамп бүгүнкү кайрылуусунда өзүнүн президенттик кызматындагы эки жылдык аралыкта өлкөдө жетишилген ийгиликтер тууралуу да айтып кетти. Ал Конгресске өткөн жылкы шайлоодо аялдар көп шайланып келгенин баса белгиледи. Анын айтуусунда, былтыр жаңы түзүлгөн иш орундарынын 58% аялдар ээлеген.

АКШ Конституциясына ылайык, өлкө президенти жыл сайын Конгресстин алдында кайрылуу жасайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG