Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:20

"General Motors аскадай бекем деп ойлочумун"


General Motorsтун (GM) банкрот деп жарыяланышы дүйнөлүк автомобиль өнөр жайын солкулдатканы менен, америкалык автоөндүрүш кайра жаралып, япониялык ири компаниялар менен атаандаша алат деген үмүт жок эмес. Кечээ дүйнөдөгү эң ири корпорацияларынын бири банкроттугун жарыялаган эле.

GMдин банкроттугу күтүлгөн эле окуя болду. Соңку кездери автомобилдердин сатылышы кескин кыскарып, компания карыздарга белчесинен баткан. Корпорациянын банкроттугун колдогон АКШ өкмөтү анын акцияларынын 60 процентине ээлик кылмакчы. Финансылык жардам алкагында GM өкмөттөн 50 миллиард доллар алмакчы.

Бир катар адистер компания майга үнөмдүү машина чыгарууну талап кылган жаңы шарттарга көнө алган жок деп, GMди туура эмес жүргүзүлгөн экономикалык саясаттын үлгүсү катары келтиришүүдө. Компания андан тышкары азиялык атаандаштарынан айырмаланып, кирешесинин ири бөлүгүн мурдагы кызматкерлерине ар кандай жеңилдиктер түрүндө сарптап келди.

Банкроттук жарыясы күтүлгөн кадам болгону менен Манхэттендеги машина тетиктерин саткан дүкөндүн менежери Дайан Броу мындан 2 жылдай илгери GMдин ушундай абалга кептелерин элестетүү да кыйын болчу дейт:

- Мен GM аскадай бекем, аны эч нерсе козгой албайт деген ой менен чоңойгом. Ал дүйнөдөгү эң кубаттуу компания эле. GMдин урашына күбө боломун деп эч качан ойлогон эмесмин.

1999-жылы компаниянын 1 акциясы 87 долларга сатылса, майдын этегинде анын баасы 1 долларга жеткен жок. Броу сыңары миңдеген америкалыктар корпорацияны АКШ экономикасынын символу катары сыпаттап, тапкан жыйнаганын азыр бир тыйынга бааланып калган акцияларга салып келди.

Кечээ General Motors АКШнын эң ири 30 компаниясын камтыган Dow Jonesтун өнөр жай индексинен алынып салды.

Май айынын этегине карата GMдин автомашиналарын саткан 2 миң 500дөй ишкана жабылып, миңдеген киши жумушсуз калды.

Броунун айтымында, корпорациянын банкроттугу ага байланышкан бир катар ишканалар дагы көпкө кысталат дегенди билдирет:

- Көптөгөн бизнестер GMдин эсеби менен жан сактап келген. Автомобилдерди, алардын тетик-бөлүктөрүн саткан дүкөндөр доминодой болуп урайт. Демек, ишин жоготкондор АКШда көбөймөкчү.

Кечээ компанияны реструктуризациялоо долбоору жөнүндө жарыялап жатып, GMдин аткаруучу директору Фриц Хендерсон келечекке оптимисттик маанай менен караарына ынандырууга аракеттенди:

- Жаңы General Motors биздин бизнестин эң мыкты бренддеринен, эң мыкты продукциясынан куралмакчы. Карыздарыбыз азаят, финансылык балансыбыз мурдагыдан оңолот. Муну менен жаңы технологияларга көбүрөөк инвестиция салуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.

План боюнча компания Chevrolet, Cadillac, Buick жана GMC автомобилдерин чыгарууну уланта бермекчи.

Мындан бир айдай мурун америкалык даги бир автомобил чыгаруучу - Crysler кредиторлордон куткарууну өтүнүп өкмөткө кайрылган. Жекшембиде Cryslerдин банкроттук жараянын көзөмөлдөгөн судья анын активдеринин басымдуу бөлүгүн италиялык FIAT компаниясына сатууну жактырды. Ошентип, “Детройттун Чоң үчилтигинен” жалгыз Ford азырынча финансылык бороонго туруштук берип келатат.

XS
SM
MD
LG