Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:34

АКШ: Митт Ромни президенттикке көрсөтүлдү


АКШда оппозициядагы Республикачыл партия Митт Ромнини президенттикке талапкер кылып көрсөттү.

АКШда ноябрда өтө турган президенттик шайлоодо азыркы мамлекет башчысы Барак Обама менен Массачусетс штатынын мурдагы акими Митт Ромни ат салыша турган болду.

28-августта республикачылардын жыйынында Ромни президенттикке талапкер болуу үчүн зарыл болгон 1144 добуштан кыйла көп колдоо алды.

Бул кечеде майрамдык маанай менен уу-дуу болгон делегаттардын алдына Ромнинин аялы Энн чыгып, буларды айтты:

– Биздин келерки президентибиз ким болуш керек деп ойлогон ар бир америкалык жаранга мен ушуну айткым келет. Бул өлкөнү гүлдөгөн мамлекетке айландырууда Мит Ромнидей эч ким жанын карч уруп, күндөп-түндөп иштеп бербейт.

Энн Ромнинин сөзү карапайым адамдар менен сүйлөшкөндү билбей керсейген, чириген бай деп саналган Митт Ромнинин имиджин көтөрүү аракети катары бааланды.

Элдин пикирин сурамжылоолор көрсөтүп келаткандай, америкалыктардын көпчүлүгү Митт Ромниге караганда президент Обаманы сүймөнчүктүү адам деп санашат.

Өз сөзүндө Энн Ромни беш уул-кыз, 14 неберелүү болгон Митт Ромни менен 43 жылдан берки турмушун, кандай оор илдеттерден айыкканын айтып берди.

АКШнын штаттарынан жана аймактарынан келген Республикачыл партиянын делегаттары ошондой эле конгрессмен Пол Раянды вице-президенттикке талапкерликке расмий көрсөтүштү.

Пол Райан шаршембиде, ал эми Ромни бейшембиде курултайда чыгып сүйлөйт деп пландалууда.

Тампадагы курултайды ачып жатып, республикачыл лидерлер президент Барак Обаманын экономикалык көрсөткүчтөрүн сынга алышты, өлкөдөгү жумушсуздук жогорку деңгээлде кала берип, бюжеттин тартыштыгы өсүп жаткандыгын эскертишти.

Делегаттар Республикачыл партиянын экономиканы оңдоп-түздөө үчүн салыктарды кыскартууну, бойдон алдырууну токтотууну жана Обаманын саламаттык тармагындагы реформасын четке кагууну караган платформасын жактырышты.

Талапкерди дайындоо курултайын уюштурган Республикачыл Улуттук комитеттин төрагасы Рейнс Прибус "Обама кайра шайланса, дагы төрт жыл азап тартабыз" деди. Ал өлкөнү Ромни менен Раян туура жолго салат деп ырастады.

Ал эми Аризонадан келген республикачыл делегат Дебра Форрест "Ройтерс" сыналгысына Ромнини жерге-сууга тийгизбей минтип мактады:

Мен ушул жерде отурганыма чексиз кубанычтамын. Митт Ромнини даанышман жол башчы деп санайм. Ал экономиканы оң жолго сала алат. Ал тартынбаган курч адам. Сөзсүз АКШнын кийинки президенти болот деп ишенем.

Соңку сурамжылоо Обама менен Ромнини колдогондор дээрлик теңме-тең экендигин көрсөтүүдө. Демократтар өз курултайын келерки аптада Түндүк Каролинада өткөрүшөт.

Исаак деп аталган тропикалык бороон-чапкындан кооптонуп, республикачылар курултайын бир күн кеч башташты. Андан бери Исаак күчөп отуруп, АКШнын түштүк-чыгышындагы Луизиана штатына барып, жээкке урунду.

XS
SM
MD
LG