Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:41

Демпартиянын үмүткөрлөрү телетаймашка киришти


Берни Сандерс жана Хиллари Клинтон
Берни Сандерс жана Хиллари Клинтон

АКШда Демократиялык партиядан президенттикке үмүткөрлөрдүн алгачы телетаймашы өттү. Анда негизинен ички саясаттын талаштуу маселелери үстөмдүк кылып, Барак Обамадан кийин Ак үйдү ээлөөнү умтулган демократтар коомчулукка өз көз-караштарын жеткирүүгө аракеттеништи.

Демократтардын Лас Вегас шаарында өткөн алгачкы телетаймашына бул партиядан президенттикке талапкер болуу мүдөөсүн жарыялаган беш саясатчы катышты. Бирок негизги көңүл Демпартиянын негизги үмүткөрлөрү деп каралган мурдагы мамлекеттик катчы, 67 жаштагы Хиллари Клинтон менен 74 жаштагы сенатор Берни Сандерстин сөздөрүнө жана айткандарына бурулду.

Эң башында коомдук пикирди сурамжылоолордо демократтардын президенттикке ыктымал талапкерлери арасынан көч башында турган Хиллари Клинтондун бедели анын мамлекеттик катчы кезинде электрондук кат алмашууларды расмий эмес, жеке даректен жүргүзгөнүнө байланышкан сындардан жана айыптоолордон улам төмөндөй түшкөн эле. Бирок алгачкы телетаймашта ал демократтар арасынан азырынча башкы атаандашы Берни Сандерстен бул маселеде күтүүсүз колдоо алды.

“Бүгүн кечинде электрондук каттарым эмес, АКШнын эли кийинки президенттен эмнени күтөрү жөнүндө сүйлөгүм келет”, - деген Клинтонду атаандашы Сандерс “мурдагы мамлекеттик катчы туура айтып жатат, Американын эли сиздин каттарыңыз тууралуу уга берүүдөн чарчады”, - деп коштоду.

Президенттикке үмүткөр демократтардын алгачкы телетаймашында алардын салттуу темасы кирешелердеги теңсиздикке каршы күрөшүү идеясы утур-утур жаңырып турду. Мындан сырткары куралды көзөмөлдөө жана тышкы саясат, экономикалык маселелер да козголду.

Өзүн демократ-социалист катары мүнөздөп жаткан Берни Сандерс буларга токтолду:

- Мен президенттикке аттанып жаткандардан миллиардер эмес жалгыз талапкермин. Бул үчүн жетиштүү акча чогулта алдым. Демократиялык социализм деген эмнени билдирет? Бул төбөдөгү 10% адам, дээрлик 90% ээлик кылышы, ылдыйдагы 90% барабар байлыкка ээлек кылышы аморалдуу жана туура эмес деп айтуу.

Сенатор Берни Сандерс “Ассошейтед Пресс” агенттиги жазгандай шайлоо өнөктүгүнүн азыркы баскычындагы жыйындарда көп сандагы адамдарды чогултуп жатат. Бирок ал америкалыктарга жалпысынан бейтааныш.

Алгачкы телетаймаш ага өзүн Хиллари Клинтонго альтернатива катары таанытуу жана либералдык көз караштарына колдоо издөөсү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болду.

Ал эми мурдагы мамлекеттик катчы Клинтон коомдук пикирди сурамжылоодо сенатор Сандерстен кыйла алдыда келатат, каржы жана уюштуруучулук артыкчылыктарын эске алганда баштапкы шайлоодо Демократиялык партиядан талапкерликти утуу мүмкүнчүлүгү жогору.

Саясатчы жана мурдагы президенттин жубайы катары ысымы америкалыктарга, дүйнөгө таанымал Клинтон алып баруучунун "президенттикке шайланыш үчүн эмне айтасыз?" деген суроосуна мындай жооп кайтарды:

- Чынында эле мен бүткүл өмүрүмдө абдан ыраттуу болдум. Ар убак бирдей баалуулуктар жана принциптер үчүн күрөштүм. Бирок көп адамдар, анын ичинде кызматка талаптанып бул жерде тургандар сыяктуу эле улам жаңы маалыматты кабыл алып, дүйнөдө эмне болуп жатканын карап турам. Мен кантип орток пикир табууну, өз турумумду кантип сактоону билем, муну буга чейин ээлеген ар бир кызматымда далилдедим. Эч кимден менин фамилияма карап добуш берүүнү суранбайм. Мен сунуштарымды угуп, сенатор, мамлекеттик катчы кезимдеги жетишкендиктериме карап, анан жыйынтык чыгарууну суранышым мүмкүн.

Аналитиктер Демократиялык партиянын президенттикке үмүткөрлөрүнүн алгачкы телетаймашындагы жеңишти Клинтонго ыйгарышты. Атүгүл айрымдар ал вице-президент Жо Байдендин талапкер болуу мүмкүнчүлүгүн азайтканын да белгилешти.

Республикалык партиянын президенттикке үмүткөрлөрү арасындагы лидерлер Дональд Трамп жана Жебб Буш
Республикалык партиянын президенттикке үмүткөрлөрү арасындагы лидерлер Дональд Трамп жана Жебб Буш

Коомдук пикирди сурамжылоонун айрым жыйынтыктары болсо сенатор Сандерс алдыга чыкканын көргөздү.

АКШда келерки жылдагы шайлоо өнөктүгү расмий башталганга чейин жана андан кийин али ондогон дебаттар өткөрүлөт. Буга чейин республикачылардын президенттикке үмүткөрлөрү да өз алдынча теледен таймашкан. Республикачылардын азыркыга дейре Ак үйгө баруу ниетин ондон ашуун саясатчы жарыялаган.

Демпартиянын үмүткөрлөрү телетаймашка киришти
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:00 0:00

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG