Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2022 жума, Бишкек убактысы 19:58

Шайлоо жана Мылтык


Америкалык саясат таануучу Спритзер курал боюнча демократ Барак Обама (солдо) менен республикачыл Митт Ромнинин позициялары жакын экенин айтат

Акыркы бир жылда АКШда жөн гана көчөдө же башка коомдук жайларда мылтыкчан адамдардын колунан өлгөндөрдүн саны буга чейин болуп көрбөгөн чекке жетти. Бирок сиз азыр бул өлкөдө алдыдагы президенттик шайлоого аттанып жаткан Барак Обамадан да, анын атаандашы Митт Ромниден да бул жөнүндө биле албайсыз. Алардын бири да Кошмо Штаттарында курал көзөмөлү тууралуу маселеге кайрылууну туура көрүшкөн жок.

Колорадодо 12 адам, тогуз киши Висконсинде. Беш адам Миннесотада, дагы жетөө Калифорнияда... АКШда бир жыл ичинде коомдук жайларда күтүүсүздөн эле атылган адамдардын ушул жарым-жартылай тизмеси да таң калтырат.

Жумуриятта президенттик шайлоого 10 күн калганда басылган макалада соңку 30 жылдан бери Америкада мыйзамдуу жол менен сатылып алынган тапанчалардан кеминде 61 адам өлгөнү кабарланды.

Бирок азыр өлкөнү башкарууга аттанган эки талапкердин – президент Барак Обама менен анын атаандашы Митт Ромнинин – бири да соңку кездери Американы титиреткен бул кандуу окуяларга шайлоо өнөктүгү учурунда кайрылышкан жок.

Психикалык жактан оорулуу киши Колорадодогу кинотеатрда 12 адамды атып салгандан кийин президенттикке талапкерлердин экөө тең курал-жарак колдонуу жөнүндөгү азыркы эле мыйзамды аткарууну күчөтүү зарылдыгын айтышты, бирок эч кимиси жаңы мыйзам керектиги тууралуу сөз козгогон жок.

Колорадодогу кинотеатрда адамдарды аткан деп шектелген Жеймс Иган Холмс, 23-июль, 2012
Колорадодогу кинотеатрда адамдарды аткан деп шектелген Жеймс Иган Холмс, 23-июль, 2012
Шайлоочулар менен жолугушуулар учурунда аларга адамдар канткенде көчөдөгү күтүүсүз чабуулдарды токтотсо болоору жөнүндө суроолор менен кайрылып жатышты. Ромни эч кандай жаңы мыйзам керек эмес деп, анын ордуна үй-бүлөлөрдөгү тарбия канчалык маанилүү экенине токтолду. Обама болсо “куралды сатууга тыйуунун жаңы шарттарын кароо мүмкүнчүлүгү” жөнүндө ойлонуп көрсө болоорун, негизгиси мунун баары дурус билимдин жоктугунан болуп жатканын гана айтты.

Ошондуктанбы, айтор, азыр телеканалдар бул эки талапкердин жоопторунун негизинде сатиралык программаларын да көрсөтө башташты.

Азыр эми шайлоо өнөктүгүндө алар куралды көзөмөлдөөгө анча көңүл бөлбөй жатышканы, бир чети кызык көрүнөт. Анткени алар экөө тең мурдараак күчтүү мыйзамдар керектиги тууралуу айтып келишкен.

Бирок Обаманын президенттигинин жылдарында курал менен байланыштуу бир гана мыйзамга – куралды улуттук парктар менен поезддерде колдонууга уруксат берген документке гана кол коюлган.

Демократтардагы өзгөрүү

Роберт Спритзер азыр Нью-Йорк университетинде саясат таануудан дарс окуйт, “Курал көзөмөлүнүн саясаты” деген китептин автору. “Демократиялык партия мурдатан эле дайыма куралга көзөмөлдү күчөткөн мыйзамдар керек деп жүрчү, - дейт ал. – Бирок 2000-жылкы шайлоодо демократ Ал Гор республикачыл Жорж Бушка жеңилип калгандан кийин алар саясатын өзгөртүштү”.

"Демократтар ошондо Гордун жеңилип калышынын себебин анын куралды катуу көзөмөлдөгөн мыйзамдарды жактаганы себеп болду деп ойлошкон, - дейт ал. - Андан бери муну чындап дурус анализдеп деле көрүшкөн эмес, бирок демократтар өздөрүнүн курал боюнча саясаты дайыма аларды артка тартат деп ишенип алышты".

“Ошондон бери, - дейт Спритзер, - демократтар куралды жакшылап көзөмөлдөш керек деп кыйкырганды токтотуп, аны колдонууну коргогон талапкерлерди катарына тандай башташты”.

“Президент Обама курал колдонуучулардын укугун кеңейткен аракеттерди көргөнүнө карабай, курал бизнесине ээлик кылгандар Обаманын экинчи жолу президент болушун каалашпайт”, - деп эсептейт Вейн Лапьер, Улуттук мылтык ассоциациясынын башчысы. Анын ишениминде, куралдарга ээлик кылгандар азыркы шайлоону “өздөрү үчүн эң коркунучтуу шайлоо” деп билишет.

Ошол эле ассоциациянын дагы бир өкүлү Эндрю Аруланандамдын ишениминде, курал ээлери экинчи жана акыркы жолу президент болуп шайланган Обама аларга “Америка берип жаткан бул эркиндикти” оңой эле жок кыла алат. Анткени аны өзүнүн саясаттагы келечеги ойлондурбай калат. Алардын бул укугун Митт Ромни сактап калат деп ишенишет. Ромни өзү мергенчилерди, үйлөрүн коргош үчүн курал алгандарды чындап коргой турганын быйыл апрелдеги сөздөрүнүн биринде ырастаган. Бирок миллиондогон элдин алдында сүйлөгөн учурда этиятыраак гана билдирүү менен чектелди.

Коомдук пикир

Азыр эми курал жөнүндө талапкерлердин экөө тең сүйлөгүсү келбей жатканы эл алардан муну талап кылбаганы менен байланыштуу.

1990-жылы маселен, америкалыктардын дээрлик 80 процент курал сатууну катаалдатыш керек деген эле. Былтыр болсо андай ойдогу адамдардын саны 43 процентке түшүп кетти. Азыр тетирисинче, суралгандардын жарымынан көбү – 55 проценти азыркы мыйзамдар бир аз жеңилдетилиши керек деп билет.

Муну адистер туш келди эле көчөлөрдө, коомдук жайларда бейкүнөө адамдарга кол салган учурлар көбөйгөнү менен түшүндүрүшүүдө. «Азыр курал жөнүндө такыр ойлобогон адамдар да өзүн коргош үчүн аны сатып алуу зарыл экенине ынанып калышты», - дейт ньюйорктук саясат таануучу Роберт Спритзер.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG