Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:38

АКШ эки аймакта элчиликтеринин ишин токтотту


АКШ жана Европанын айрым мамлекеттери Түндүк Африка менен Жакынкы Чыгыштагы элчиликтеринин көбүн убактылуу жапты. Мындай кадамга түрткү берген жагдай катары “ал-Каида” террордук уюмунан кол салуу коркунучу жаралгандыгы айтылууда.

АКШ Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкадагы дипломатиялык жана консулдук мекемелеринин ишин убактылуу 4-августтан тарта токтоткон.

Маалыматтарга караганда, АКШнын аталган эки аймактагы өлкөлөрдө жабылган дипмиссияларынын саны кеминде 19.

Булардын ичинен Мамлекеттик департамент Йемендин борбору Санадагы элчиликтин анча зарыл эмес кызматкерлерине өлкөдөн чыгууга көрсөтмө берди жана америкалык жарандарга да Йеменден тез кетүүнү сунуш кылууда.

АКШдан тышкары Түндүк Африка менен Жакынкы Чыгыштагы элчиликтеринин айрымдарын Британия, Франция, Германия жана Норвегия да жапты.

​Батыш маалымат агенттиктери кабарлагандай, АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнүн жогорудагыдай чечимине “ал-Каида” террордук уюмунун азыркы лидерлери ортосундагы маалымат жана пикир алышуунун мазмуну түрткү берди.

АКШ Конгрессинин ички коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Майкл Маккоул колдо бар чалгын маалыматтарын “2001-жылдын сентябрынан берки эң деталдуу жана ишенимдүү”, - деп атады.

Мамлекеттик департаменттин өкүлү Мари Харфтын айтымында, жогорудагыдай өзгөчө чараларды көрүүгө кырдаал мажбурлап отурат:

- Жалпысынан биз жасап жаткан нерселер биздин адамдарды, объектилерибизди, чет өлкөлөрдөгү мекемелерибизге келип-кеткендерди коргоого багытталган сактануу чаралары.

Батыш агенттиктери жана америкалык гезиттер жазгандай, АКШ бийликтеринин кооптондурган маалымат жана пикир алмашуу “ал-Каиданын” азыркы лидери Айман ал-Завахри менен уюмдун Йемендеги бөлүм башчысы Нассер Вухайшинин ортосунда жүргөн. Алардын байланышын АКШнын атайын кызматтары бир нече апта мурда эле кармаган.

Мамдепартаменттин өкүлү Мари Харф төмөнкүлөрдү кошумчалады:

- Азыркы коркунуч Араб жарым аралынан келүүдө. Араб жарым аралындагы “ал-Каида” эң активдүү террордук топ жана “ал-Каиданын” эң активдүү бөлүмү деп саналат. Мен азыркы коркунучтун артында кимдер турганы боюнча чалгын маалыматтарынын башка чоо-жайын айта албайм.

“ал-Каиданын” Араб жарым аралындагы бөлүмү дегенде Йемен өлкөсү эске алынып жатат.

“Нью-Йорк Таймс” басылмасы йемендик эксперттерге шилтеме берип жаткандай, “алкаидачылардын” бул жердеги анабашы Нассер ал-Вухайши кезинде Усама бин Ладендин жеке катчысы болгон. 2001-жылы Ооганстандан Иранга өтө качкан, бирок 2003-жылы ал жерден мекенине депортацияланган. 2006-жылы өлкө борбору – Санадагы түрмөдөн качып кеткен.

Америкалык расмий өкүлдөр “Нью-Йорк Таймска” “ал-Каиданын” Пакистанда деп саналган баш кеңсеси операциялык иштерди террордук түйүндүн бөлүмдөрү менен талкуулаганы адаттан тыш көрүнүш экенин айтышкан.

Айман ал -Завахри.
Айман ал -Завахри.
Мындан улам “ал-Каиданын” азыркы жолбашчысы Айман ал-Завахри Йемендеги бөлүмдүн башчысы Нассер ал-Вухайшини глобалдык террордук түйүндүн экинчи жетекчиси кылып дайындаган деген божомолдор бар.

Өзү “ал-Каиданын” Араб жарым аралындагы бөлүмү акыркы жылдары жогорку деңгээлдеги террордук чабуулдарды жасаганга умтулуп келет. Алсак, 2009-жылы алар Детройт шаарынын үстүнөн бир учакты жардырууга аракеттенишкен.

Соңку бир жарым жылдан бери Йемендеги “алкаидачыларга” АКШ учкучсуз башкаруудагы учактардын соккулары, Йемен армиясы өз чабуулдары аркылуу кысым көргөзүүсүнүн натыйжасында согушкерлер мурда ээлеген аймактарынан сүрүлүп, азыр жашырынып жүрүүгө аргасыз.

Маселен АКШнын учкучсуз башкаруудагы учагынын ушул шейшембидеги соккусунан чыгыштагы Мариб провинциясында, йемендик расмий өкүлдөр билдиргендей, “ал-Каиданын” төрт согушкери жок кылынды.

Эми Йеменде жана Түндүк Африка менен Жакынкы Чыгыштын башка өлкөлөрүндөгү элчиликтер кеминде ушул апта соңуна, ыйык Рамазан айы аяктаганга чейин жабык турары күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG