Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Обама ИМ тобу Ирактан сүрүлөрүнө ишенет


Барак Обама менен Хайдар ал-Абадинин жолугушуусу.
Барак Обама менен Хайдар ал-Абадинин жолугушуусу.

АКШ президенти Барак Обама “Ислам мамлекети” террордук тобу Ирактан сүрүлүп чыгарыларына ишеним билдирди. Бул экстремисттик уюмга каршы күрөшүү жана Иракка колдоо көрсөтүү “Чоң жетиликтин” 8-июнда Германияда аяктаган саммитинин күн тартибиндеги маселелердин бири болду. Бул аралыкта Улуттар уюмунун атайын чабарманы “Ислам мамлекети” тобун алар туткундап кеткен кыздарга кордук көрсөтүп, сатып жатканы үчүн айыптады.

Жакында Ирак менен Сириядан жаңы аймактарды каратып алган “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштүн соңку абалы президент Барак Обама менен Ирактын премьер-министри Хайдар ал-Абадинин эки тараптуу сүйлөшүүлөрүндө талкууланды.

Сүйлөшүү “Чоң жетиликтин” Бавариядагы саммити алкагында өттү. АКШ президенти саммиттен кийинки жыйынтык пресс-конференцияда “Ислам мамлекети” тобу боюнча буларга токтолду:

- Биз “Ислам мамлекети” тобун алар басып алган же жергиликтүү элге бүлгүн салган аймактардан артка сүрүү боюнча олуттуу прогресске жетиштик. Бирок Рамади сыяктуу аймактарда биз алар бир жерден сүрүлүп, бирок экинчисине келгенине да күбө болдук. “Ислам мамлекети” тобу айлакер, агрессивдүү жана оппортунисттик уюму. Биз жакшыртууга камданып жаткан нерсе - Ирактын күчтөрүн машыктыруу ишин тездетүү. Ирактын күчтөрүн түздөн-түз машыктырып, жабдып, жардам көргөзгөн жерлерибизде алар эффективдүү иштөөдө. Моралдык дух жана жарак-жабдык жок жерде Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн натыйжалуу иштөөсүнө доо кетиши мүмкүн.

Президент Обама бирок Ирактын күчтөрүн машыктырып коюу эле проблеманы чечпей турганын, Ирак өкмөтү коопсуздук күчтөрүнүн катарына чакырууну, өзгөчө суннит мусулмандар арасынан тартылгандар санын көбөйтүүсү керектигин, дегеле өлкө үчүн ич ара саясий ынтымактын маанилүүлүгүн кошумчалады:

- Эгер сунниттер, шииттер, күрддөрдүн баары алардын проблемасы чечилип жатканын, мыйзамдуу саясий структуранын алкагында аракеттенүү менен коопсуздук муктаждыгы, дискриминацияланбай турганы кепилденерин сезишсе бизге кыйла жеңил болот. Премьер-министр ал-Абадинин бул принципти карманганы жакшы жаңылык, бирок ал Ирактын түрдүү тайпалары арасындагы ири ишенимсиздикти мурастап калды, ага чоң саясий тобокелчиликке барууга туура келет.

“Чоң жетиликтин” саммитине чейин “Ислам мамлекети” тобу менен күрөштүн абалы өткөн аптада ага каршы эл аралык коалициянын Париждеги отурумунда талкууланган болчу.

Коалицияга кирген жыйырмадай мамлекетти негизинен суниттер жашаган Анбар провинциясынын борбору Рамади шаарын кайра алуу планы менен тааныштырган учурунда Ирактын премьери коалиция абадан да, кургактан жа жетиштүү жардам көрсөтө албай жатканын айтып, даттанган эле. Ал-Абади 8-июнда президент Обама менен жолугушууда төмөнкүлөрдү ырастады:

- Биз “Ислам мамлекети” тобуна каршы бир нече майданда күрөшүп жатабыз. Бир нече айлампада жеңишке жетиштик, бирок бир айлампада, Рамадиде жоготууга учурадык. Бирок биз буга чейин билдиргендей, бул убактылуу гана жоготуу. Ирактын коопсуздук күчтөрү жана элдик мобилизациялык күчтөр (шиит кошуундары) башкы командачынын, өкмөттүн жетекчилиги астында кырдаалды көзөмөлгө алды жана Ирактын бардык аймактарын бошотуу үчүн жан үрөөдө.

Ал-Абади менен британ премьер-министри Дэвид Кэмерон да жолукту. Анын айтымында, "Чоң жетиликтин" саммитинде үч маселе, атап айтканда Ирактын коопсуздук күчтөрүн машыктыруу, премьер ал-Абадиге саясий колдоо көрсөтүү жана "Ислам мамлекети" террордук тобунун идеологиясы жайылышын токтотуу жөнүндө сөз болду.

"Тамекинин кутусундай сатылган" кыздар

Бул аралыкта Улуттар уюмунун атайын чабарманы Зейнаб Бангура “Ислам мамлекети” тобу уурдалган кыздарды базарда “тамекинин кутусундай” эле сатып жатканы үчүн айыптады.

БУУнун атайын чабарманынын эсебинде, жихадчылар тарабынан туткундалып, сексуалдык кыянатчылыкка кабылган кыздардын саны 3000ден 5000ге чейин жетет.

“Кыздарды уурдоо “Ислам мамлекети” тобунун чет элдик согушкерлерди катарына тартуу стратегиясынын борбордук багыты болуп калган”,- деди Улуттар уюмунун чабарманы “Франс пресс" агенттигине. Башкача айтканда ИМ тобу чет элдик согушкерлерди кыздарды аялдыкка ала аларын айтып азгырышат.

БУУнун өкүлү белгилгендей, өспүрүм кыздар "Ислам мамлекети" тобунун адамдары арасында колдон колго өтүп, бир нече жүз доллардан бир нече миң долларга чейин сатылат. Сексуалдык кулчулукка кабылгандардын көбү езид диний азчылыгы арасынан уурдалгандар.

БУУнун чабарманы чогулткан маалыматтарга карганда, адатта ИМ тобунун согушкерлери кайсы бир кыштакты басып алгандан кийин аялдар менен эркектерди бөлүп, 14 жаштан жогору курактагы эркектерди өлтүрүшөт. Энелер менен кыздар да бөлүнүп кармалат. Алардын ичинен жаштары жана чырайлуулары ИМ тобунун Сириядагы таяныч бекети - Ракка шаарына жөнөтүлөт.

Зейнаб Бангура кошумчалгандай, 22 жолу сатылып, акыры туткундан качып чыккан кыз ИМ тобундагы шейхтердин бири анын колунун артына "менчиги" иретинде өз атын жазып койгонун айткан.

Өкмөт тарапта согушуп жаткан шиит кошуундары Баижиде. 8-июнь, 2015-жыл.
Өкмөт тарапта согушуп жаткан шиит кошуундары Баижиде. 8-июнь, 2015-жыл.

Ирактын өзүндө болсо, соңку кабарларга караганда, абадан АКШ баштаган коалиция колдогон өкмөттүк күчтөр Баижи шаарчасына кире алды. Бирок шаарча жана Ирактын ал жердеги эң ири мунай заводу бошотулду деп айтуу эртелик кылат.

Баижи борбор Багдад менен “Ислам мамлекети” тобунун колундагы Мосулду байланыштырган кан жол кесилишкен жерде жайгашкан.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG