Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Обама: Иран ядролук өлкөгө айланышына жол бербейбиз


АКШ президенти Израилде Иран ядролук куралга ээ болушуна жол бербөө үчүн колунан келген бардык иштерди жасоого сөз берди.

АКШнын президенти мурдатан Иран бир жылдын ичинде өзөктүү курал жасап чыгарышы мүмкүн экендигин айткан. Барак Обама Тель-Авивге келгенде Израилдин өкмөт башчысы да ушундай эле ишенимде экендиги анык болду.

Обама Ирандын ядролук куралга ээ болушуна жол бербөөдө «дипломатияга» артыкчылык берилгени менен, бардык мүмкүнчүлүктөр каралып жаткандыгын эскертти:

Иран өзөктүк куралга ээ болсо, Жакынкы Чыгышка эле эмес, бүт дүйнөгө коркунуч келээрин баарыбыз түшүнөбүз. Израилдин мамлекет бойдон калышына да коркунуч келет. Ошондуктан биздин максат түшүнүктүү. Биздин максат Ирандык ядролук куралга ээ болушуна жол бербөө. Маселени дипломатия аркылуу чечүүгө артыкчылык беребиз. Буга дагы убакыт бар. Бирок Ирандын жетекчилиги муну туура түшүнүшү зарыл, алар эл аралык милдеттерин аткарсын. Ал арада эл аралык коомчулук Иран өкмөтүнө кысымын күч алдыра берет.

Обама ошондой эле Ирандагы буталарга карата согуштук аракет көрүүдө Израил Вашингтондун макулдугун сурайт деп ойлобой тургандыгын кошумчалады. АКШнын президенти Израилдин Иранга жакындыгынан улам ядролук Иран коркунучу Вашингтонго караганда Израилде бөлөкчө кабыл алынаарын кошумчалады.

Нетаняху өз кезегинде Ирандын ядролук куралга ээ болушуна жол бербөө үчүн Обама чечкиндүү тураарында «кылдай күмөнү» жок экендигин билдирди. Ошол эле убакта ал Израилди коргоону өлкө башкаларга калтыра албай тургандыгын мындайча белгиледи:

Биз туш келген коркунучтар ар кандай, мүмкүнчүлүктөрүбүз да ар башка. Биз муну эске алышыбыз керек. Ошол эле убакта, АКШнын президенти Обама да бизди туура түшүнөт деп ойлойбуз. Израил ар кандай коркунучтан, анын ичинде ирандык коркунучтан өз алдынча коргонууга укуктуу.

Израилдин жетекчиси ошондой эле ал Обаманын Иран бир жылдын ичинде ядролук курал жасайт деген пикирине кошулаарын кошумчалады.

Израилдин президенти Шимон Перес менен шаршемби күнү эртелеп жолукканда Обама «АКШ Израилдин эң жакын досу» экендигине ишендирди.

Перес Ирандын ядролук куралга ээ болушуна жол бербөөнү көздөгөн АКШнын саясатына анын өлкөсү ишенээрин айтты. Перес ошондой эле Иран Израилдин коопсуздугуна эң чоң коркунуч келтирээрин белгиледи. Ошол эле убакта палестиндердин согушкер «Хамас» уюму менен Ливандагы шийилердин «Хезболлах» тобун да Израил өзүнө коркунуч келтирген тараптар катары көрөөрүн билдирди.

Тель-Авивге шаршембиде келгенде Обама «Израил менен биздин достук түбөлүктүү» деп жарыялаган.

XS
SM
MD
LG