Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:14

Хиллари Клинтон Жапонияга тилектештигин билдирди


Хиллари Клинтон Жапониянын императору Акихито менен, Токио, 17-апрел 2011-жыл
Хиллари Клинтон Жапониянын императору Акихито менен, Токио, 17-апрел 2011-жыл

АКШ Мамкатчысы жекшембиде Жапонияда болуп, март айындагы зилзала кесепеттери менен алпурушуп жаткан жапон элине тилектештигин билдирди.

Бул өлкөдө 11-мартта болгон жер титирөө, андан келип чыккан цунами 28 миңдей кишинин өмүрүн алып кеткен.

Хиллари Клинтон жапон эли кыйнчылыктарды жеңет деп ишенээрин айтып, өлкөнү эл аралык сахнада мурдагыдай эле активдүү кала берүүгө үндөдү. Тышкы иштер министри Такеаки Мацумото менен жолугшуудан кийин Вашингтондун өкүлү буларды айтты:

- Жапония биз кризис учурунда күбө болгон кайраттуулугун мындан ары да көргөзөт, өлкө дүйнөдөгү күчтүү турумун сактап калат деп ишенебиз.

Премьер-министр Наото Кан менен кездешип, Клинтон АКШ Азиядагы ири шеригине колдон келген жардамы берет деп кайталады.

11-мартта болгон жер титирөө, андан келип чыккан цунами 28 миңдей кишинин өмүрүн кыйган жана атомдук кырсыкка алып келген эле. Фукушима Дайичи атомдук станция цунамиден жабыркап, бир нече реакторунда жарылуулар болгон. Ошондон бери радиациянын айлана-чөйрөгө, сууга жайылышын токтотуу аракеттери тынбай келатат. Жекшембиде адистер Фукушимадагы кризис 3-6 айдан кийин жөнгө салынышы мүмкүн деп маалымдашты.

Дүйнөдө 3-орунда турган жапон экономикасы да абдан жабыркады. Жаратылыш кырсыгынын материалдык зыяны 300 миллиард долларга бааланууда.

Клинтонду Токио сапарында АКШнын Соода палатасынын төрагасы Томас Донахью коштоп жүрдү. Мамлекеттик катчы америкалык жарандарды Жапониядагы иштерин уланта берүүгө, ал өлкөгө мурдагыдай эле каттап, инвестиция салууга үндөдү. Тараптар кайра куруу иштерине инвестиция тартуу үчүн коомдук-жеке шериктештик долбоорун түзүү жөнүндө макулдашышты. Ага жапон өкмөтү көзөмөл кылып турмакчы.

Вашингтон “Томодачи” (япон тилинде “дос”) деген операциянын алкагында Жапониянын жээктеринде жайгашкан кемелерге миңдеген аскерлерин жиберген. Алар гуманитардык иштерге тартылууда.

Клинтон император Акихито жана анын жубайы Мичико менен да жолугушту. Журналисттер бул фактыны өзгөчө белгилешет. Себеби император адатта мамлекет башчылар менен гана кездешет.

XS
SM
MD
LG