Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:48

Кыргызстандыктар “Сэнди” бороонунан аман


Вашингтондогу кыргыз элчилиги АКШнын «Сэнди» бороону каптаган штаттарында жашаган кыргызстандыктар менен байланышта болду. Бороон жана суу ташкындан жабыркаган кыргызстандыктар жок. "Азаттык" телефон аркылуу Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчиси Муктар Жумалиев менен кабарлашты.

"Азаттык": Муктар мырза, “Сэнди” ураганы АКШда бир нече адамдын өмүрүн алды, азыр деле көп штаттарда өзгөчө кырдаал болуп турат. Мындай шартта элчилик ошол жактагы кыргызстандыктар менен кандай иш алып бурууда?

М.Жумалиев: Биз бороон болуп жаткан беш штатта тең кыргызстандыктар көп экендигине сарсанаа болгонбуз. Биз алардын баары менен интернеттеги социалдык сайттар жана телефон аркылуу байланышып, кабар алып турабыз. Элчиликке телефон чалып “англис тилин билбей, расмий эскертүүлөргө түшүнбөй жатабыз, чукул эвакуация болсо каерге барабыз, кимге кайрылабыз” деп кайрылгандар болду. Ар бир штатта биздин активист, лидер жигиттерибиз бар. Ошолор эвакуация зарыл болсо бири-бирине жардамдашууга байланышты үзбөй турушту. Мисалы, Нью-Йорк штатында миңдей кыргызстандык бар. Биз түнү менен аларга фейсбук, твиттер булактары аркылуу бийликтердин билдирүүлөрүн жазып, эскертип жаттык. Буюрса, мекендештерибиз аман. Бул кырсыкта АКШ өкмөтү да абдан жигердүү иштеди.

"Азаттык": Биз дагы "эвакуация болсо маалымдап койсоңор" деген билдирүүнү твиттерден окудук. АКШда англис тилин жакшы түшүнбөгөн мекендештерибиз көппү?

М.Жумалиев: Көпчүлүгү жумушта же өз арада баарлашууда жөнөкөй тилде сүйлөшөт. Чукул кырдаалды жарыялаганда, өкмөт маалымат каражаттары аркылуу расмий тилде кайрылышат, андыктан расмий англис тилин түшүнбөй калгандар көп эле болот. Бизге телефон чалгандарга маалыматты жеткирип, штаттардагы активисттердин телефондорун берип, жардам керек болсо ушул жигиттерге кайрылгыла дедик. Жарандарыбыз интернет аркылуу да бири-бирине кайрылып, маалыматтар менен бөлүшүп турушту. "Көчүрүүгө же башка жардам керек болсо кайрылгыла", деп жазгандар болду. Мен ошолорду окуп алып сүйүндүм. Бул катаал кырдаалда кыргызстандыктар абдан биримдикте жана ынтымакта болушту.

"Азаттык": Бул окуяда АКШдагы кыргыздар үчүн фейсбук менен твиттер булактары байланыштын куралы болду окшойт.

М.Жумалиев: Сиз атап өткөн социалдык тармактар байланыштын эң жеңил жана ыкчам жолу десем болот. Фейсбук менен твиттерде четтеги кыргызстандыктардын көбү катталган, биз да бул мүмкүнчүлүктү күндөлүк жумушубузда пайдаланып, мекендешберибиз менен байланышып турабыз. Аларга маалыматты жеткиребиз. Мисалы, бороон жана суу ташкын болуп жаткан аймактарда 5 миңдей кыргызстандыктар жашайт. Алардын баарын маалымдаш үчүн бул сайттар бизге да ыңгайлуу.

"Азаттык": “Сэнди” ураганы 40тан ашуун адамдын өмүрүн алганы айтылды, үйүн убактылуу таштоого мажбур болгондор да көп. Кырсыктан жабыркаган же ызы-чууда документтерин жоготуп алып, элчиликке кайрылгандар жокпу?

М.Жумалиев: Азырынча жок. Негизи АКШ чоң мамлекет эмеспи, документин жоготуп, ар кайсы штаттардан кайрылгандар болот, бирок бороондун айынан андай проблемага кабылгандар боло элек. Эгер документин жоготуп алгандар болсо алар менен биздин консул скайп аркылуу байланышып, жардам берет.

"Азаттык": Бороон-чапкын алты миллиондой адамды жарыксыз калтырды. Элчиликте жарык өчпөдүбү? Иштегенге мүмкүнчүлүк болуп атабы?

М.Жумалиев: Түнкүсүн үч-төрт саатка жарык өчүп кайра жанды. Дипломаттар иштеп жатабыз, мүмкүнчүлүк бар, мен азыр сиз менен элчиликте туруп сүйлөшүп жатам. Бирок бул жакта өкмөттүк ишканалар, мектептер убактылуу жабылсын деп буйрук чыкты.

"Азаттык": АКШда жашаган кыргызстандыктардын саны канча? Америкага эптеп жетип алгандан кийин өлкөдөн убагында чыкпай койгон кыргызстандыктар өтө эле көп деп уктум эле?

М.Жумалиев: Бейрасмий маалымат боюнча АКШда 20 миңдей кыргызстандык бар. Жыл сайын “Жумуш жана саякат” деген программа менен миңдей студенттер келет. Мыйзамдуу жол менен эле келишет, бирок убагында чыкпай, визасын узартып, атайын макам алууга аракет кылышат. Көпчүлүгү окууга тапшырып, жакшы билим алалы деп умтулушат, арасында кылмыш кылгандары да жок эмес. Биз аларга Американын мыйзамы катуу экенин түшүндүрөбүз. Бул жактан сапаттуу билим алып, Кыргызстанга барып иштеген жаштарыбыз да көбөйдү.

"Азаттык": Кошмо Штаттарда жашоосуна жакшыраак шарт түзүп алууну көздөп, “Кыргызстанда мага саясий куугунтук болуп жатат” деп жалган документтерди топтоп, АКШ өкмөтүнө арызданып атайын макам алууга аракеттендер көп деп айтылып жүрөт. Бул боюнча сизде кандай маалымат бар?

М.Жумалиев: Менде да ушундай маалымат бар. Көбүнчө жаштар АКШга келгенден кийин “саясий качкын” макамын алууга умтулушат. Бизден да кеңеш алууга аракет кылгандар болду, бирок элчиликтин мындай ишке тиешеси жок.

"Азаттык": “Азаттыкка” көп окурмандар четтеги элчиликтерге нааразы болуп, кыргызча сүйлөшпөйт деп сындашат. Вашингтондогу элчиликтин кызматкерлери кыргызча сүйлөйбү?

М.Жумалиев: Элчиликте иштеген дипломаттардын баары кыргызча сүйлөшөт. Кыргызча кайрылгандарга албетте, кыргызча жооп беребиз. Тил маселеси боюнча бизге доомат жок.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG