Линктер
Мазмунга өтүңүз
Навигацияга өтүңүз
Издөөгө салыңыз
Жаңылыктар
Кыргызстан
Кыргызстан
Саясат
Экономика
маданият
Дүйнө
Дүйнө
Борбор Азия
Украина
Атайын иликтөө
ТВ программалар
Бүгүн Азаттыкта
Эксперттер талдайт
Биз жана дүйнө
Данисте
Эже-сиңдилер
Азаттык+
Ыңгайсыз суроолор
Подкаст
Өзгөчө пикир
Русский
Онлайн шерине
ЭЕ/АРнун бардык сайттары
Издөө
РУС
Эфир
Эфир
Издөө
Артка
Алдыга
ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:27
Сөз эркиндиги
Алтоо АКШда: Newseum маалымат ордосу
11-Ноябрь, 2012
Вашингтондо басма сөздүн 500 жылдык тарыхына арналган Newseum музейинде түштүк азиялык кесиптештери менен болгон Жаңыл Жусупжандын сүрөт баяны.
1
Айнек менен мармар таштан салынган "Ньюзей" (Newseum - маалымат музеи) "коомчулук менен маалымат каражаттарынын өз ара түшүнүүсүн жакшыртууну" көздөйт. Ал биринчи кезекте сөз эркиндигин чектөөчү мыйзам кабыл алууга тыю салган АКШ Конституциясынын Биринчи түзөтүүсүн даңазалайт.
2
"Ньюзейде" Берлин дубалынын Германиядан тышкары жактагы эң ири бөлүгү коюлган. Маалымат менен журналистиканын интерактивдүү музейинде дагы АКШ Конституциясынын Биринчи түзөтүүсүнө, дүйнөдөгү сөз эркиндигинин абалына, интернет, теле-радионун тарыхына арналган галереялар бар.
3
"Ньюзейде" 2001-жылдын 11-сентябрында АКШны солк эттирген террордук чабуулдарга өзүнчө экспозиция арналган. Индиялык журналист Насредин Мухаммед көргөзүп жаткан майышкан темир чабуулда жардырылган Дүйнөлүк соода борборунун чатырында турган кабар антеннасы болгон.
4
Пакистандык журналист Надя Наки "Белл" компаниясы чыгарган тик учманын алдында турат. Бул тик учмалар маалымат каражаттары арасында өтө популярдуу болгон. Сүрөттөгү N206EN үлгүсүндөгү тик учма 1975-жылга чейин КХАС ТВ тарабынан колдонулуп, кийин "Белл" аны кайра оңдоп, "Ньюзейге" белекке берген.
5
Пакистандык журналисттер президент Линколндун "Элге чындыкты (facts) жеткир, ошондо өлкө коопсуз болот" деген сөзүн "колдоп" турушат. Муну менен Авраам Линколн демократия үчүн сөз эркиндигинин мааниси зор экендигин айткан.
6
Индиядан кабарчы Лаик Хан менен пакистандык Надя Наки Нюзейдин сувенир дүкөнүндө желим микрофонду көрүп жатышат. "Атактуу журналисттерди бардан жокту жараткан олуялардай даңктайт" деп сындалган "Ньюзейге" 1997-жылы ачылгандан кийинки биринчи беш жылда 2.3 миллион киши келген.
7
"Ньюзейдин" терассасында журналисттер сүрөт көрүп жатышат. Артта Конгресс жана өкмөт жайгашкан Капитолдун көрүнүшү. "Ньюзейди" коммерциялык эмес "Эркиндик форуму" (Freedom Forum) 1997-жылы негиздеген.
The Sunday Times
"Ньюзейди" "дүйнөдөгү эң кызык 12 музейдин бири" деп баалаган.
Алтоо АКШда: Newseum маалымат ордосу
Сунуш кылынган арга.
Оштон Москвага барган мигрант аэропортто катуу текшерүүлөр болгонун билдирди
Back to top
XS
SM
MD
LG