Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:39

АКШ Түндүк Кореяга дагы бир эскертүү жасады


Кошмо Штаттары Түндүк Кореяны "кооптуу чекке" жакындап калгандыгын эскертип, провокация жоопсуз калбай тургандыгын билдирди. Ал эми Түштүк Корея түндүк ракета атса, аны атып түшүрө тургандыгын эскертүүдө.

АКШнын коргонуу катчысы Чак Хейгел Түндүк Кореяга кылт этсе эле Вашингтондон жооп болоорун эскертти. Ал Түндүк Корея ракетасын учурганы жаткандыгы байкалгандан кийин АКШ, Түштүк Корея жана Жапония жогорку даярдык абалына келтирилген мезгилде сүйлөдү:

- Корея азуусун айга жанып тим болбостон, анын кыймыл-аракети да кооптуу боло баштады. Бул өлкө улам барган сайын чектен чыгып баратат. Мындай нерселер жарылганы турган кырдаалды жөнөкөйлөштүрө албайт.

Эртеси Түштүк Кореянын коргоо министри "эгер Түндүк Корея "Патриот" ракетасы жете турган аралыкта ракета атса, ал атып түшүрүлө" тургандыгын эскертти.

Ал эми Орусиянын тышкы иштер министри Түндүк Корея боюнча АКШ менен Вашингтондун ортосунда "айырма жок" экендигин белгиледи жана «согуштук маневрлар менен» кырдаалды ого бетер курчутпоого чакырды.

Түштүк Кореянын чалгын кызматтары Түндүк Корея чыгыш жээгинен орточо аралыкка учуучу эки ракетаны учурууга даярдап жаткандыгынан шектенүүсүн билдирген.

Түндүк Корея феврал айында үчүнчү ядролук сынак жүргүзгөндөн кийин Пхеньян бул өлкөгө каршы санкцияларды күч алдырган. Мындан кийин Пхеньян АКШ менен коңшусу Түштүк Кореяны бир топ коркутту.

Кырдаал курчуган чак Түндүк Кореяда азыркы мамлекет башчысы Кин Чоң Ындын атасы, жумурияттын негиздөөчүсү Ким Ир Сендин мааракеси белгилене турган 15-апрелге тушташ келип жатат.

Шаршембиде Пентагондо сүйлөгөндө Чак Хейгел Ким Чоң Ын «ар нерсеге барышы» мүмкүн деди жана АКШ, Түштүк Корея, Жапонияга коркунуч келсе, Вашингтондун тийиштүү планы бар экендигин белгиледи.

Мунун алдында кабарларда Түштүк Корея менен АКШнын биргелешкен командачылыгы чукул даярдыкка келтирилгени айтылган. Түндүк Корея буга чейин АКШга ядролук сокку уруп, Түштүк Корея менен согушабыз деп коркуткан.

Аналитиктердин болжолунда, АКШнын континенталдык аймагына сокку урууга Түндүк Кореянын даремети жок жана өлкөнү тыптыйпыл кылышы мүмкүн болгон жаңжалга жол берээри күмөн.

Бирок БУУнун баш катчысы Пан Ки Мун курч кырдаалда калпыс кадамдар орду толгус жоготууга алып келиши мүмкүн экендигин эскертүүдө.

XS
SM
MD
LG