Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:54

Азиядагы геосаясий “оюндар”


Орусия менен Пакистан биринчи жолу биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүшөт. Бул тууралуу пакистандык айрым маалымат каражаттары кабарлашты. Түштүк Азия регионунда мамлекеттердин мамилесиндеги мындай өзгөрүү Вашингтон менен Исламабаддын мамилесинин салкындоосунун фонунда өтүүдө.

Орусия менен Пакистандын биргелешкен аскердик машыгуусу тарыхта биринчи жолу болмокчу. Ал машыгуу эски союздаштардан болгон АКШ менен Пакистандын ортосундагы мамиле салкындаган учурда болушу менен өзгөчөлөнүүдө.

Исламабад менен Вашингтондун мамилесине терс таасир тийгизген жагдайлардын бири Ооганстандагы кырдаал жана андагы Пакистандын ролу. Исламабад Ооганстанда талиптерге, террорчулукка каршы күрөшкө жакшы салымын кошпой жатат деп, Вашингтон жакында эле Пакистанга аскерий учак сатпай койгону белгилүү.

Пакистан жогорку даражалуу чиновниктеринин айтымында, Орусия жана Пакистандын биргелешкен аскерий машыгууларына эки тараптан 200дөн аскер катышат. Ал ушул жылдын аягында болору белгиленүүдө.

Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Нафис Закария “Машаал радиого” курган маегинде аскерий машыгуулар Орусия менен мамилелердин ар тараптуу жакшыруусунан кабар берет дейт:

- Менде аскерий машыгуулардын деталдары тууралуу маалымат жок, бирок эки өлкө бир нече тармактар боюнча жакындашып жатканын айта алам. Сиздер билгендей, Орусия Түндүк-Түштүк газ кууру боюнча келишим алды. Бул 2 млрд. доллар турат. Ал аз эмес. Ошондуктан мунун баары эки өлкөнүн мамилеси ылдамдык менен өнүгүп жатканын көрсөтөт.

Пакистандын Түндүк-Түштүк долбоору боюнча Лахор шаарынан Карачиге газ кууру тартылат. Аны Орусиянын RT Global Resources компаниясы курмакчы.

Пакистан менен Орусиянын жакындашуусуна удаалаш Исламабаддын башкы атаандашы Индиянын АКШ менен мамилеси ар тараптуу, анын ичинде аскерий жактан кызматташуусу өркүндөөдө. Маселен, Кошмо Штаттар жана Индия август айынын аягында бири-биринин аскердик базаларын колдонууга уруксат берген келишимге кол койгонун “Америка үнү” кабарлаган.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керринин Индияга өткөн айдагы сапары учурунда “АКШ жана Индиянын стратегиялык жана соода диалогу” боюнча жылдык кеңешме өткөрүлүп, ар тараптуу кызматташууларды өнүктүрүү талкууланды. Кошмо Штаттар Ооганстандагы кырдаалды турукташтырууда Индиянын ролун жогору баалаган. Эки өлкө да биргелешкен аскерий машыгууларды өткөрүүнү пландаштырганы кабарланды.

Орусиялык аскерий талдоочу Павел Фельгенгауер Пакистан менен Орусиянын, Индия менен АКШнын жакындашуусун жалпы дүйнөлүк геосаясий жараяндар менен байланыштырат:

- Туура, Азияда союздаштар жана биргелешип аракеттенүүнүн эски схемалары өзгөрүүдө. Индия АКШ менен көбүрөөк жакындашууда. Орусия Кытай менен. Демек, Пакистан менен да. Анткени Пакистан Кытайга өтө жакын. "Кансыз согуш" мезгилинде америкалыктар Пакистан жана Кытайдын союздашы болсо, Орусия Индия менен жакын болгон.

Фельгенгауердин айтымында, геостратегиялык алкактан алганда Орусия үчүн азыркы кезде Кытай менен союздаш болуунун мааниси Индияга караганда артык. Индиянын акыркы кезде башка жактардан көбүрөөк курал сатып алуулары Москваны тынчсыздандырып жатканын белгилеген Фельгенгауер, бирок эки эски өнөктөштөрдөн болгон Москва менен Делинин мамилеси начарлады дегенге болбостугун, ал жетишерлик дурус абалда экенин кошумчалады.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG