Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Пентагондун мурдагы башчысы Обаманы сындады


Хиллари Клинтон, Барак Обама жана Роберт Гейтс. 3-май, 2011-жыл
Хиллари Клинтон, Барак Обама жана Роберт Гейтс. 3-май, 2011-жыл

АКШнын мурдагы коргоо министри Роберт Гейтс китеп жазып, анда президент Барак Обаманы Ооганстандагы согуш өнөктүгү үчүн катуу сындаган. Китеп 17-январда чыгат, бирок рецензиялар АКШ медиасында 7-январда эле жарыяланды.

"Кызмат: аскер министринин эскерүүлөрү" деген китебинде Роберт Гейтс президент Барак Обама башында эле администрациянын Ооганстандагы ийгилигине ишенген эмес деген ойду жазат.

"Мен эч качан ал аскерлерди колдогонунан күмөн санаган эмесмин, бирок биздин максаттар боюнча андай дей албайм", - деп эскерет Гейтс.

Республикачыл Гейтс Пентагонду Жорж Буш маалында жана Обаманын учурунда башкарды, 2011-жылы саясаттан кеткен. Гейтс эки ар башка партиянын лидерлери учурунда иштеген жетекчи катары да белгилүү.

Роберт Гейтс Обаманы ооган кампаниясы учурунда кабыл алган чечимдерин кубаттаганы менен, Обама Ирактагы жана Ооганстандагы ага мурдагы администрация тарабынан “мураска” калтырылган согуштарга көңүлү келбегенин байкаган.

Обама аскер жетекчилерине эч качан ишенбегенин, ар кандай сценарийлерден күмөн санаганын да эстейт.

Гейтс китебинде Обама генерал Дэвид Петреусту жактыра бербегенин да мисал келтирген. Обама 2011-жылдын мартында Ооганстанга кошумча 30 000 жоокер киргизүү стратегиясын жактырып, 2010-2011-жылдары Петреус Ооганстандагы НАТО аскер күчтөрүнүн командачылык кызматында иштеген. Гейтс кошумчалагандай, президент Барак Обама ооган президенти Хамид Карзайды жек көрчү.

Гейтс “2011-жылы мартта өтүп жаткан жолугушууда президент өзүнүн аскер башчыларына ишенбей турганын, ооган президенти Хамид Карзайды жек көрөрүн, өзүнүн стратегиясына да ишенбесин жана бул согуш аныкы эмес экенин” көргөнүн жазат.

“Бул Обаманын согушу эмес эле, ал үчүн согушту тезирээк аяктап, чыгып кетүү зарыл эле” деген ойду баса белгилейт.

Washington Post гезити Гейтстин мемуарлары анын министр болуп тургандагы токтоо мүнөзүнө окшобогонун жазып чыкты.

Пентагондун мурдагы башчысы Обаманын администрациясы Пентагондун ишине катуу кийлигишет деп сындап, Ричард Никсондун учуруна салыштырган.
“Президенттин улуттук коопсуздук боюнча кызматкерлери бардык нерсени көзөмөлдөп, жаңы деңгээлге чыгарылды», - деп баса белгилейт Гейтс.
Ишенбөөчүлүк Гейтс үчүн чоң көйгөйгө айланганын айтат.

Анткен менен Гейтс Обаманын Пакистандын Усама бин Ладен жашырынып жүргөн районунда операцияга макулдук бергенин жогору баалайт. Гейтстин баамында, бул - ал иштеп жүргөн учурдагы эң эр жүрөк чечим болгон. Бирок башында президент буга да каршы чыккан.

Роберт Гейтс китебинде Обаманын администрациясындагы башка адамдарга да токтолуп, мамлекеттик катчы Хиллари Клинтонго өтө жогору баа берет.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG