Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:02

Ергин: АКШ мунайдан көз карандысыз болот


Эл аралык энергетика агенттиги жакында жарыялаган баяндамасында кийинки беш жылда Түндүк Америкада мунай өндүрүшү кескин өсүп, мунун айынан АКШ ири мунай экспортеруна айланат жана дүйнөлүк базарды өзгөртөт деп жазылат.

"Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын Вашингтондогу кабарчысы Хизер Майер буга байланыштуу энергетика тармагындагы белгилүү эксперт Дэниел Ергин менен маектешкен.

Дэниел Ергиндин “Чабыт: Мунай, акча жана бийлик үчүн дүйнөлүк күрөш” китеби Пулитцер сыйлыгын алган, анын соңку китеби – “Квест: Энергия, коопсуздук жана жаңы дүйнө” деп аталат.

“Азаттык”: Сиз “мунай шогу” тууралуу кандай ойдосуз?

Дэниел Ергин: Менин пикиримде бул чоң жаңылык деле болгон жок. АКШнын мунай өндүрүүсү 2008-жылдан бери 43 пайызга өстү. АКШда мунай өндүрүүнүн өсүшү - мен өсүш тууралуу гана айтып жатам - Нигериянын жалпы мунай өндүрүшүнө барабар.

“Азаттык”: Сиздин акыркы китебиңиз таза, экологиялык, түбөлүк энергия булактарына болгон талап тууралуу эле. Сиз мунайдын ашыкча болуп жатышына сүйүндүңүзбү?

Дэниел Ергин: Акыркы жаңылыктар дүйнөлүк базар мунай менен жакшыраак камсыз болот дегенди түшүндүрөт. Мунай өндүрүүдө азыркыдай чоң бурулуштун болуп жатышы мунай базарында туруктуулукка алып келет. Мурдагыдай сырьенун жетишсиздиги баанын өсүшүнө алып келбейт жана ушуга байланыштуу дүйнөлүк экономикада кыйынчылыктарды жаратпайт.

“Азаттык”: Эми түбөлүк энергия булактарын издөө басаңдабайбы?

Дэниел Ергин: Мунайдын жетишсиздиги жана ага болгон кымбат баа башка энергия булактарды издөөнү тездеткен, бирок ошол эле учурда башка экологиялык энергия булактарын издөөгө өтө эле көп үмүт артылган. Толугу менен өтүүгө көп убакыт бар.

“Азаттык”: Түндүк Америкалык мунай менен камсыздоочулар эми өз ара сүйлөшүп алыштыбы?

Дэниел Ергин: Буга чейин дүйнө 5 жолу мунайдан кетүүгө аракеттенген – ошондо жаңы технологиялар өнүккөн. Ошол эле маалда биз энергиялык натыйжалуулукка жетишип жатабыз. АКШда азыр бир унаа 3,8 литр майга 87 чакырым жүрөт. Бул чоң өзгөрүү. Энергияны колдонуучулар жана аны камсыз кылуучулар - эки жактан тең өзгөрүү бар.

“Азаттык”: АКШнын мунай импортерунан экспортерге айланышы анын тышкы саясатын кандайча өзгөртөт? Иран үчүн Перс булуңунда жаңжал чыгышы мүмкүн деген кооптонуулар азаябы?

Дэниел Ергин: 1970-жылдан тарта Перс булуңу жана мунай базарындагы туруктуулук бири-бирине көз каранды. Бирок АКШ бул жактан көп мунай албайт. АКШдагы мунайдын акыркы бир нече жылдагы 8 пайызы гана ушул аймактан келди. Толук эмес, бирок Түндүк Америка мунай жактан көз карандысыз болот.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG