Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:44

Обамага "ууланган кат" келди


Кабар белгилүү болор замат Ак Үйдү атайын кызматтар курчоого алышты, 17-апрель, 2013
Кабар белгилүү болор замат Ак Үйдү атайын кызматтар курчоого алышты, 17-апрель, 2013

АКШнын Жашыруун кызматынын бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, президент Барак Обамага жөнөтүлгөн “шектүү заты” бар кат Ак Үйгө келген каттарды текшерип өткөрүүчү жайдан табылды. Мындан мурдараак ушул эле күнү уулуу рицин деген зат салынган кат Миссисипи штатынан шайланган сенатор Роджер Уикерге жөнөтүлгөн эле.

АКШда кечээ президент Барак Обамага, андан бир нече саат мурдараак эле республикачыл сенатор Роджер Уикерге бирдей эле деңгээлде коркунучтуу кат түшкөнү кабарланды.

"Президентке жолдонгон каттар алгач түшчү башка жердеги имаратта “шектүү заты” бар кат табылганы аныкталып, ал текшерүүгө жиберилди. Азыр ФБР ал эмне болгон зат экенин билиш үчүн иликтөөлөрүн жүргүзүп жатат", - деди Ак Үйдүн расмий өкүлү Жей Керни соңку окуя тууралуу.

Кийинчерээк президентке жолдонгон ошол катта да, буга чейин сенаторго жолдонгон каттагыдай эле рицин деген уулуу заты бар экенин Федералдык Чалгын Бюросу (ФБР) кабарлады.

Бул уулуу зат салынган каттар дүйшөмбүдө Бостон шаарындагы марафондогу жардыруулардан үч адам өлүп, 170тен ашуун киши жаракат алгандан кийин табылып жатат.

ФБР шаршембидеги билдирүүсүндө президентке, сенаторго уулуу заты бар каттын жиберилиши менен Бостондогу жардыруулардын ортосунда азырынча “эч кандай байланыш табыла электигин” маалымдады.

Уулуу заттарга кирген рицинди адистер цианидден 1000 эсе күчтүү деп баалап жатышат.

Азыр полиция ушул инциденттерди иликтеп жатканын айтууда. АКШда Бостондогу жарылуулардан кийин коопсуздукка коркунуч келтирген кандай гана окуя болбосун, ага өзгөчө көңүл бурушат.

Бостондогу окуяны иликтөө боюнча да суроолорго жооп берип жатып, Ак Үйдүн расмий өкүлү Жей Керни бүгүн президент Бостонго бараарын айтты.

"Бейшембиде эртең менен президент Бостонго барып, дүйшөмбүдөгү чабуулдарда жакындарын жоготкондор жана жаракат алгандар менен жабык жолугушууга катышат. Президентти Бостонго анын жубайы коштоп барат", - деди расмий өкүл.

Шаршембиде каттар менен байланышкан окуянын артынан эле АКШдагы маалымат каражаттары Бостондогу чабуулдар үчүн бир “шектүү” адам кармалганын кабарлады.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG