Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Хейгел: дипломатия курал колдоосуна ээ болот


Чак Хейгел
Чак Хейгел

АКШнын коргоо министри дипломатияны аскердик күч сүрөп турушу керек деп эсептейт.

Апта соңунда Бахрейнде сүйлөгөн сөзүндө Чак Хейгел Ирандын ядролук программасы боюнча дипломатиянын артында АКШнын аскердик күч-кубаты турат деди.

Хейгел ишембиде аймактык коопсуздук форуму болгон «Манама диалог» жыйынында чыгып сүйлөп, АКШнын Перси булуңундагы шериктерин ушундайча жооткотту. Ал сүйлөшүүнүн келечеги «Америкалык аскердик дөөлөтүнө» көз каранды экендигин эскертти:

– Ондогон жылдар бою Иран бүт Перси булуңунда гана эмес, андан аркы аймактарда да туруксуздукту жана зордукчулукту жайылтып келди. Буга анын ядролук программасы да түртү болду. Иран өтө бейстабилдештирүүчү күч болуп саналат. Эгер ал ядролук куралга ээ болсо, бул өлкө аймактык жана глобалдык туруктуулукка аябагандай коркунуч келтирет.

24-ноябрда Ирандын АКШ жана башка беш өлкө менен келишимге жетишкени Перси булуңундагы суннилер басымдуулук кылган өлкөлөрдү бейпайга салды. Алар шииттер башкарган Иранды өздөрүнө коркунуч катары кабыл алышат.
Убактылуу келишимде Ирандын ядролук иштерин жарым жылга токтотуусу каралган. Бул үчүн Батыш санкциялардын айрымдарын күчүнөн кетирет.

Хейгел бул келишимдин аркасы менен эми «көз боёмочулук эмес, маңыздуу сүйлөшүүгө убакыт табылаарын» белгиледи. Анын сөзү боюнча, акыр аягында АКШнын дипломатиясы аймактык шериктердин алдындагы аскердик милдеттенме жана алар менен кызматташтык аркылуу бекемделет.

Коргоо министри Кошмо Штаттары Перси булуңунда 35 миң аскерди, согуш учактарын жана аскер ташуучу учакты алып кетпейт деп ишендирди:

– Бүгүн АКШ узакка созулган согуштан кутулайын деп калды. Ушул шартта ал өз милдеттемелеринен чектегиси келбейт. АКШ бул аймакты дайым колдоп келген, колдой да берет. Мен биздин диалогду улантууга дилгирмин.

Тегеранда президент Хасан Роухани убактылуу келишимдин зарыл болгондугун айтып, экономиканы жакшыртуу тынчтык максаттагы ядролук программаны улантуу менен бирдей мааниге ээ экендигин белгиледи.

Ишембиде Тегерандагы студенттер менен жолугушууда ал «Экономика кабелтең болбосо, улуттук күч-кубатыбыз өрчүй албайт»,- деди.

XS
SM
MD
LG