Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37
Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын жаңы президенти кызматка киришти

АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын жана вице-президенти Майк Пенстин кызматка кирүү аземи өттү. Салтанатка кызматын тапшырып жаткан президент Барак Обама жана вице-президент Жо Байден үй-бүлөлөрү менен катышты. Ошондой эле аземге экс-президенттер Жимми Картер, кичүү Жорж Буш, Билл Клинтон жубайы, Трамптын атаандашы Хиллари Клинтон катышты.

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Орусия менен мамилелерди калыбына келтирүү тууралуу байма-бай билдирүүлөрдү жасап келген. Өткөн аптада Times жана германиялык Bild гезиттерине курган маектеринде билдиргендей, ал АКШнын жана Орусиянын өзөктүк арсеналдары “олуттуу кыскарышын” көздөп турат. Мындан улам ал экономикалык санкциялардын жоюлушу үчүн орус президенти Владимир Путинге өзөктүк арсеналдарды кыскартууну сунушу кылышы мүмкүндүгүн ишара кылган.

Лос-Анжелес инаугурацияга даярданууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:23 0:00

Радикалдуу ураандар менен коштолгон шайлоо өнөктүгүн жүргүзгөн Дональд Трамп кызматына киришээр замат убадаларын четинен аткара баштарын айтып келген. Бүгүн ал Барак Обамадан президенттик кызматты өткөрүп алаары менен бир нече жарлыкка кол коет деп күтүлүүдө. Анын ичинде Обама киргизген бир нече чаралар бар болгонун Трамптын басма сөз катчысы Шон Спайсер билдирди.

Трамп 12 мамлекет кол койгон Транс-Тынч океан экономикалык келишиминен чыгаарын билдирген. Ал ошондой эле миграцияны чектеп, АКШ менен Мексиканын чегине дубал куруларын айткан.

Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, Трампка кол коюуга 200гө жакын жарлык жиберилет.

Дональд Трамп: ант берүүгө чейинки 70 жыл

Дональд Трамп 1946-жылы ньюйорктук бардар үй-бүлөдө төрөлгөн.
1/18 Дональд Трамп 1946-жылы ньюйорктук бардар үй-бүлөдө төрөлгөн.
АКШнын 45-президенти Дональд Трамптын өмүр баяны
Трамп беш баланын төртүнчүсү. Анын атасы Тед Трамп ньюйорктук ийгиликтүү куруучу болгон. Трампка жеке бизнесин тикелөөгө атасы жардам берген.
2/18 Трамп беш баланын төртүнчүсү. Анын атасы Тед Трамп ньюйорктук ийгиликтүү куруучу болгон. Трампка жеке бизнесин тикелөөгө атасы жардам берген.
АКШнын 45-президенти Дональд Трамптын өмүр баяны
Нью-Йорктун аскердик мектебинде
3/18 Нью-Йорктун аскердик мектебинде
АКШнын 45-президенти Дональд Трамптын өмүр баяны
Дональд Трамп атасы менен Уортон бизнес мектебинин бүтүрүү кечесинде. 1968-жыл.
4/18 Дональд Трамп атасы менен Уортон бизнес мектебинин бүтүрүү кечесинде. 1968-жыл.
АКШнын 45-президенти Дональд Трамптын өмүр баяны
1977-жылы Трамп чехословакиялык Ивана Зельничковага үйлөнгөн. Алар 1989-жылы ажырашкан. Алардын ортосунда үч бала бар – Эрик, Иванка жана Дональд.
5/18 1977-жылы Трамп чехословакиялык Ивана Зельничковага үйлөнгөн. Алар 1989-жылы ажырашкан. Алардын ортосунда үч бала бар – Эрик, Иванка жана Дональд.
АКШнын 45-президенти Дональд Трамптын өмүр баяны
1993-жылы Трамп модель жана аткаруучу Марла Мейплска үйлөнөт.
6/18 1993-жылы Трамп модель жана аткаруучу Марла Мейплска үйлөнөт.
АКШнын 45-президенти Дональд Трамптын өмүр баяны
Алар 1999-жылы ажырашкан.
7/18 Алар 1999-жылы ажырашкан.
АКШнын 45-президенти Дональд Трамптын өмүр баяны
1996-жылы Трамп “Дүйнөнүн сулуусу” аттуу сулуулар сынагынын ээси болот. Сынактын ошол жылкы жеңүүчүсү Алисия Мачадо кийинчирээк ал менин намысыма тийди деп Трампты айыптап чыккан.
8/18 1996-жылы Трамп “Дүйнөнүн сулуусу” аттуу сулуулар сынагынын ээси болот. Сынактын ошол жылкы жеңүүчүсү Алисия Мачадо кийинчирээк ал менин намысыма тийди деп Трампты айыптап чыккан.
АКШнын 45-президенти Дональд Трамптын өмүр баяны
Трамп эл аралык мейманканасынын пайдубалына таш орнотуу аземи. Лас-Вегас, 2005-жыл.
9/18 Трамп эл аралык мейманканасынын пайдубалына таш орнотуу аземи. Лас-Вегас, 2005-жыл.
АКШнын 45-президенти Дональд Трамптын өмүр баяны
Бай болуунун сырларын Трамп 2004-жылы жарык көргөн китебинде бөлүшөт. Андан мурун басылып чыккан “Келишим түзүү өнөрү” деп аталган китеби бестселлер болуп, Трамптын белгилүү болушуна жол ачкан.
10/18 Бай болуунун сырларын Трамп 2004-жылы жарык көргөн китебинде бөлүшөт. Андан мурун басылып чыккан “Келишим түзүү өнөрү” деп аталган китеби бестселлер болуп, Трамптын белгилүү болушуна жол ачкан.
АКШнын 45-президенти Дональд Трамптын өмүр баяны
2005-жылы Трамп словениялык Мелании Кнаусс аттуу моделге үйлөнгөн. Алар 2006-жылы уулдуу болуп, атын Баррон деп коет.
11/18 2005-жылы Трамп словениялык Мелании Кнаусс аттуу моделге үйлөнгөн. Алар 2006-жылы уулдуу болуп, атын Баррон деп коет.
АКШнын 45-президенти Дональд Трамптын өмүр баяны
Трамптын уулу Баррон.
12/18 Трамптын уулу Баррон.
АКШнын 45-президенти Дональд Трамптын өмүр баяны
Trump International Hotel мейманканасынын курулушу. Чикаго, 2006-жыл.
13/18 Trump International Hotel мейманканасынын курулушу. Чикаго, 2006-жыл.
АКШнын 45-президенти Дональд Трамптын өмүр баяны
Трамп Республикачылар партиясынын атынан президенттикке талапкер болуп шайланды. Кливленд, Огайо, 21-июль 2016-жыл.
14/18 Трамп Республикачылар партиясынын атынан президенттикке талапкер болуп шайланды. Кливленд, Огайо, 21-июль 2016-жыл.
АКШнын 45-президенти Дональд Трамптын өмүр баяны
Өзүнүн шайлоо кампаниясы учурунда Трамп эгер АКШ Украинага Крымды кайтарууга жардам берүүгө аракеттенсе, Үчүнчү дүйнөлүк согуш башталарын айткан.
15/18 Өзүнүн шайлоо кампаниясы учурунда Трамп эгер АКШ Украинага Крымды кайтарууга жардам берүүгө аракеттенсе, Үчүнчү дүйнөлүк согуш башталарын айткан.
АКШнын 45-президенти Дональд Трамптын өмүр баяны
Дональд жана Мелани Трамп президенттик шайлоодо добуш берип жатышкан учуру. Нью-Йорк, 2016-жылдын 8-ноябры.
16/18 Дональд жана Мелани Трамп президенттик шайлоодо добуш берип жатышкан учуру. Нью-Йорк, 2016-жылдын 8-ноябры.
АКШнын 45-президенти Дональд Трамптын өмүр баяны
АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трампка каршы митингдин катышуучулары. Вашингтон, 2017-жылдын 18-январы.
17/18 АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трампка каршы митингдин катышуучулары. Вашингтон, 2017-жылдын 18-январы.
АКШнын 45-президенти Дональд Трамптын өмүр баяны
Ант берүүгө бир нече күн калганда Трамп Твиттердеги баракчасында кызматка киришүүгө даярдык көрүп жаткан сүрөтүн жарыялаган. “Жуманы чыдамсыздык менен күтүп отурам” деп жазган ал.
18/18 Ант берүүгө бир нече күн калганда Трамп Твиттердеги баракчасында кызматка киришүүгө даярдык көрүп жаткан сүрөтүн жарыялаган. “Жуманы чыдамсыздык менен күтүп отурам” деп жазган ал.
АКШнын 45-президенти Дональд Трамптын өмүр баяны
Артка
Алдыга

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG