Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:13

АКШдагы шайлоонун Кыргызстандагы дүбүртү


АКШдагы шайлоого сереп салган китепче. Бишкек, 6-ноябрь, 2012.
АКШдагы шайлоого сереп салган китепче. Бишкек, 6-ноябрь, 2012.

Ушул сааттарда АКШ жарандары кырк бешинчи президентин тандап жатышат. Шайлоодо ат салышып жаткан эки талапкердин кимиси марага чыгаарына Кыргызстандагы америкалыктар кызыгуу менен көз салып жатышат. Ала-Тоодогу 2000 миңден ашык америкалык жарандын президенттик шайлоолор тууралуу көз карашы кандай, алар бул өнөктүктөн эмнени күтөт?

Аарон Мидлонг былтыртан бери Кыргызстанда. Ал АКШнын Тынчтык корпусунда ыктыярчы катары учурда Нарындын Ак-Талаа районундагы жаштарга англис тилин үйрөтөт. Бирок четте жүргөнүнө карабай, президенттик шайлоодо эртелеп добуш берген:

- Мен өзүм каалаган талапкерге добушумду бердим. Бул үчүн бизге мүмкүнчүлүк бар. Маселен, мен интернет аркылуу бюлетенди алып, аны толтуруп өзүм жашаган аймактын шайлоо комиссиясына жиберип койгом.

Аарон белгилегендей, АКШ мыйзамдарына ылайык, четтеги жарандар эртелеп добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Алар элчиликтерге катталып, урнага бюллетен таштабай эле атайын анкета толтуруп, алдын-ала бюллетенди алып почта же интернет аркылуу добуш беришет.

Добуш берүүнүн жол-жобосу тууралуу Кыргызстандагы АКШ элчилигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Кристиан Райт буларды билдирди:

- Өлкѳдѳн тышкары жүргѳн жарандар алдын-ала шайлоо бюллетендери аркылуу добуш берүү актысына ылайык, шайлоо укугун ишке ашырууга мүмкүнчүлүктѳрү бар. Бул алдын-ала добуш берүү төмөнкүдөй принциптердин негизинде өтөт. Сыртта жүргөн жаран атайын анкета толтуруп, аны ѳздѳрү добуш берүүгѳ укуктуу болгон штаттагы шайлоо ѳткѳрүүчү органынын ѳкүлүнѳ жѳнѳтүп алдын-ала шайлоо үчүн бюллетен сурайт. Эгер анкета жактырылса, анда шайлоо ѳткѳрүүчү органынын ѳкүлү чет ѳлкѳдѳ жүргѳн жаранга алдын-ала шайлоо үчүн бюллетен жиберет. Ал жаран добуш берип, бюллетенди алдын-ала белгиленген мѳѳнѳттѳн кечиктирбестен бюллетенди элчилик көмөгү менен почта аркылуу жибере алат.

Райттын айтымында, учурда Кыргызстанда 2200гө жакын америкалык шайлоочу бар. Алардын көпчүлүгү дал ушундай жол менен эртелеп добуш беришкен. Эми бул жарандарынын көпчүлүгү президенттик шайлоого өзгөчө маани берип, көз салып турган учуру. АКШ жарандарынын пикиринде, келээрки президенттин ким болушу ар бир жөнөкөй жарандын жашоосуна таасирин тийгизиши мүмкүн.

Тынчтык корпусундагы ыктыярчылардын бири Дэниэл Коули мындайча айтып берди:

- Мен Тынчтык ыктыярчысы катары Кыргызстанда иштеп жаткандыктан бул шайлоонун жыйынтыгы мен үчүн абдан маанилүү. Анткени бул шайлоонун жыйынтыгы биздин долбоорго таасирин тийгизет. Биздин долбоор федералдык казынадан каржылангандык келечектеги президенттин багытына жараша тагдыры чечилет. Ошондуктан, бул жакта турсам, шайлоого катышып, мага ыңгайлуу болгон талапкердин шайланышына салым коштум десем болот.

АКШдагы аламан шайлоого Кыргызстандыктардын деле кызыгуусу күч. Маселен, добуш берүүнүн алгачкы сааттарында Бишкектеги Америка борборуна 80ге жакын кыргызстандык студент чогулду. Алар президенттикке талапкерлерди талкуулашып, шарттуу түрдө кийинки төрт жылда АКШ Ак үйүнүн ээси үчүн добуш беришти. Добуш берүүнүн жыйынтыгына караганда кыргызстандык жаштардын көпчүлүгү учурдагы президент Барак Обамага кайрадан ишеним көрсөтмөк экен.

Бул иш-чаранын катышуучуларынын бири Бекзат Иманкуловдун айтымында, АКШдагы президенттик шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүнө кыргызстандык жаштар да тынбай көз салып жатышат:

- АКШ дүйнөдөгү эң кубаттуу мамлекеттердин бири. Каалайбызбы, каалайбызбы бул мамлекет кандай саясат жүргүзсө, бизге таасирин тийгизет. Ошондуктан, бул мамлекеттин башына ким келет, кандай саясат жүргүзөөрүнө биз көз салышыбыз керек.

АКШдагы шайлоого Кыргызстандан бир гана байкоочу көз салууда. ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун байкоочулары атынан узак мөөнөттөгү байкоочу катары Кыргызстандын жараны Айжан Беккулиева тандалып алынган. Учурда Беккулиева 23 өлкөдөн турган эл аралык байкоочулар тобунун курамында АКШдагы шайлоого көз салууда.


АКШдагы шайлоонун Бишкектеги дүбүртү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:48 0:00
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG