Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Шериктер АКШ «тыңчылыгынан» көңүлү кайт болду


Британиянын "Гардиан" гезити Вашингтон шериктеринин 38 кеңсесинде жана өкүлчүлүгүндө тыңчылык кылгандыгы тууралуу маалыматты америкалык чалгын аналитиги, качкын Эдвард Сноуденге шилтеме берип жазды.
Британиянын "Гардиан" гезити Вашингтон шериктеринин 38 кеңсесинде жана өкүлчүлүгүндө тыңчылык кылгандыгы тууралуу маалыматты америкалык чалгын аналитиги, качкын Эдвард Сноуденге шилтеме берип жазды.

Кошмо Штаттары өз союздаштарынын кеңселеринде тыңшаган шекилдүү. Бул тууралуу качкын тыңчынын билдирүүсү азыр Германия, Франциядан берки Батыш өлкөлөрүн бир чети таң калдырса, бир чети нааразы кылууда.

Алгач Германия үн катты. Немис канцлеринин маалымат катчысы эгер Вашингтон европалык союздаштарынын артынан тыңчылык кылганы чын болсо, «бул өтө орой» көрүнүш болоорун билдирди.

Штеффен Зайберт дүйшөмбүдө бул маалымат канцлер Ангела Меркелди көңүл кайт кылганын кошумчалады.

Ага чейин Европа Комиссиясы Вашингтондун тыңчылык ишмердүүлүгү тууралуу кабарды салкын кабыл алган эле.

Комиссиянын маалымат катчысы Пия Ахрендилде Хансен Брюсселде буларды айтты:

Бул кооптондуруучу кабар. Эгер чын болуп чыкса, ага толук түшүндүрмө берилиши керек. Европа Биримдигинин кеңселериндеги тыңчылык, тыңшоолор тууралуу маалым болоору менен биз Европалык Тышкы аракеттер Кызматына маселени Брюсселде жана АКШда АКШ бийликтери менен көтөрүп, мындай кабарлар канчалык чындыкка дал келээрин аныктоону сураганбыз.

Дүйшөмбүдө Британиянын "Гардиан" гезити Вашингтон европалык жана башка шериктеринин 38 кеңсесинде жана өкүлчүлүгүндө тыңчылык кылгандыгы тууралуу маалыматты америкалык чалгын аналитиги, качкын Эдвард Сноуденге шилтеме берип жазды. Тизмеде Канада менен Британия жок, бирок башкалар менен катар Франция, Италия, Греция, Жапония жана Түркия бар.

Мунун алдында Германияда «Дер Шпигел» басылмасы Европа Биримдигинин Вашингтондогу, Нью-Йорктогу жана Брюсселдеги кеңселери бутага алынганын, ошондой эле Германияда кат-кабарлар аңдылганын жазган.

Мындай кинелерге АКШнын Мамлекеттик катчысы Жонн Кэрри «тыңчылык менен алектенбеген өлкө жок» деген таризде жооп кайтарды:

– Улуттук кызыкчылыктан улам, эл аралык иштерге аралашкан дүйнөдө ар бир өлкө өзүнүн улуттук коопсуздугун коргоо үчүн ар кандай иштер менен алектенет. Буга ар кандай маалымат кошумча болот. Мен билгенден, бул көп өлкөлөр үчүн кадыресе көрүнүш. Бирок колумда бардык маалымат болмоюнча, жана кырдаал кандай экендигин так билмейинче, мен эч кандай комментарий бербейм.

Ал арада АКШга тырчыгандардын катарына Франциянын президенти кошулду. Франсуа Олланд «түшүндүрмө талап кылуу үчүн зарыл болгончолук маалымат топтолгонун белгилеп, «тынчылыкты дароо токтотууну талап кылабыз»,- деди.

«Дер Шпигелдин» жазышынча, Сноуден ачыктаган документтер бутага алынгандардын арасында Европа Биримдиги менен Франциянын Бириккен Улуттар уюмундагы кеңселери да бар экендигин айгинелеген.

Женевада Бириккен Улуттардын маалымат катчысы Пан Ги Мун эгер бул кабар чын болсо, ал эл аралык мыйзамга көлөкө түшүрөрүн мындайча белгиледи:

– Дипломатиялык, анын ичинде ишмердүүлүгү Вена конвенциясы өңдөнгөн тийиштүү конвенциялар менен корголгон Бириккен Улуттардын жана башка эл аралык уюмдардын миссиялары кол тийгис болушу керек. Бул менимче, эбактан калыптанган эл аралык мыйзам. Ошондуктан БУУнун мүчө өлкөлөрү дипломатиялык миссиялардын кол тийбестигин коргоо үчүн тийиштүү аракеттерди көрүшү керек.

Буга чейин АКШнын чалгын программасынын аки-чүкүсүн жарыялап жиберген Сноуденге мекенинде чыккынчылык боюнча айып коюлууда.

Сноуденди акыркы жолу 23-июнда Москвадагы "Шереметьево" эл аралык аба бекетинде учактан түшүп жатканда көрүшкөн эле. Ал дагы деле "Шереметьевонун" өткөөл бөлүмүндө деп болжолдонууда. Москва аны Кошмо Штаттарына кайтарбастыгын кулак кагыш кылган.

Сноуден Эквадорго барууну көздөйт деп кабарланган. Эквадордун президенти Рафаэл Корреа жекшембиде адам Эквадорго же бул өлкөнүн элчилигине келмейинче, эч кимдин баш калканч берүү өтүнүчүн карай албастыгын эскертти.

XS
SM
MD
LG