Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

АКШнын Асадга мамилеси өзгөрдүбү?


Башар Асаддын элеси Сирия акчасына чегерилген
Башар Асаддын элеси Сирия акчасына чегерилген

Барак Обама өлкөнү башкарып турганда Вашингтон жарандык согушту токтотуунун ачкычы адегенде Сирия президенти Башар Асадды кызматтан кетирүү деп айтып келген эле. Трамптын кеңешчиси бул биринчи орундагы маселе деле эместигин жана Асадга оппозиция тарапты колдоо программасы токтотуларын билдирип чыкты.

Сирия президенти Башар Асад өлкөсүндөгү алты жылдык жарандык согушту саясий жагынан жөнгө салууга аракет кылууда. Буга байланыштуу Кошмо Штаттары анын токтоосуз кызматтан кетүүсүн талап кылбасын президент Дональд Трамптын кеңешчиси 20-июлда айтып чыкты.

"Биз үчүн Асад дароо кетиши керек деген талап маанилүү деп ойлобойм. АКШ кайсы бир мезгилде Асаддын кеткенин каалайт" деди террорчулукка каршы туруу багытындагы президенттин кеңешчиси кеңешчи Том Боссерт. Бул тууралуу 20-июлда Колорадо штатында өткөн коопсуздук форумунда билдирди.

Муну менен АКШнын азыркы президенттик администрациясынын туруму Барак Обама башкарган Ак Үйдүкүнөн айырмаланды десе болот. Обама Сириядагы жагдайды саясий талаада жөнгө салуу үчүн ириде Асад отставкага кетиши керектигин талап кылып келген эле.

- Эгер Иран менен Орусия кан-жанын, жыйган-тергенин төгүп бул сириялык өнөктөшүн колдоону жана ушул сазга батууну каалашса бул алардын тандоосу. Кошмо Штаттардын президенти катары менин тандоом башка. Сирия жаңжалын чечүүнүн жалгыз реалдуу жолу бул саясий чечим. Анын ичинде өзгөртүүнү Асадсыз жүргүзүү. Дипломатия мына ушуну талап кылат, - деген эле Барак Обама бир жыл мурда.

Ошол эле учурда айрым кубаттуу батыш өлкөлөрүнүн лидерлеринин да туруму жумшарып бараткандай. Маселен, Франциянын жаңы шайланган президенти Эммануэл Макрон да Асаддын кетиши Сирия боюнча тынчтык келишимине жетишүүнүн биринчи шарты эместигин айткан.

Ошол эле коопсуздук форумунда кеңешчи Боссерт дагы бир маанилүү маселенин башын ачты. Ал президент Трамп Асад менен күрөшүп аткан сириялык козголоңчуларды куралдандыруу жана окутуу боюнча Борбордук чалгын кызматынын жашыруун программасын да токтотууну чечкенин айтууда.

АКШ турумундагы бул эки өзгөрүү тең Орусияга жагышы ыктымал. Анткени Москва Вашингтонду козголоңчуларды куралдандыруудан баш тарттырууга аракеттенип келген. Ошондой эле орус тарап Сирия саясий транзити боюнча сүйлөшүүлөр учурунда Башар Асад колдоо таба турган болсо бийликте калат жана кайра шайлана алат деген турумду карманат.

Куралдандыруу программасы этап-этабы менен токтотуларын адегенде 19-июлда Вашингтон Пост гезити да жазып чыккан эле. Анда расмий адамдар Трамп бул кадамы аркылуу Орусия менен иштешүү жолун издөө кызыкчылыгын көрсөтөт деп баалашкан. Кабарды ырастаган Боссерт Трамптын Сирия маселесинде Орусия менен кызматташуу саясаты өзүн актайт деген ишенимде.

ЦРУнун программасы Обаманын администрациясы тарабынан Асадды кызматтан кетирүүгө басым көрсөтүү үчүн 2013-жылы башталган.

Сирияда 2011-жылдын мартындагы антиөкмөттүк демонстрациялар аёосуз басылгандан кийин курчуп, жапырт башаламандык тутанган. Ошол эле жылдын жайында куралдуу жаңжалга айланган. Оппозициянын башкы талаптарынын бири бийлик башындагы Башар Асадды кызматтан кетирүү болгон.

2000-жылы атасы, президент Хафез Асад өлгөндөн кийин президенттикке келген Башар Асад талапты аткаруудан баш тартып, жаңжал жарандык согушка айланды. Ага кийин террордук топтор кошулду. Ошентип жети жылга узарып бараткан Сирия согушунда 300 миңден ашуун адам өлүп, миллиондогону качкынга айланышты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG