(Сүрөттөр "Kyrgyz USA Community" уюмунун мүчөлөрү тарабынан тартылган).
Америкалыктар асырап алган кыргыз балдар
АКШдагы “Кыргыз балдарынын келечеги” (Kyrgyz Children’s Future) уюму америкалык үй-бүлөлөр асырап алган кыргыз балдарын чогултуп, 20-21-июнда Вашингтондо “Кыргызстандын мурасы” деген аталыштагы атайын иш-чара өткөрдү.
![Иш-чарага америкалыктар асырап алган кырктай кыргыз бала чогулду.](https://gdb.rferl.org/63f4f88e-6ac7-46ae-9943-a84808adf4e4_w1024_q10_s.jpg)
1
Иш-чарага америкалыктар асырап алган кырктай кыргыз бала чогулду.
![Бул жолугушууга балдардын ата-энелери менен бирге жүз чакты адам катышты.](https://gdb.rferl.org/58e85b83-5940-4148-b1cd-94eaf71c4bba_w1024_q10_s.jpg)
2
Бул жолугушууга балдардын ата-энелери менен бирге жүз чакты адам катышты.
!["Кыргызстандын мурасы" аталышындагы иш-чара жыл сайын “Кыргыз балдарынын келечеги” (Kyrgyz Children’s Future) уюму, АКШдагы Кыргызстандын элчилиги менен бирдикте уюштурулуп келет. Бул жылы ага башка шаарлардан келген кыргыз журтташтар ыктыярчы катары катышты.](https://gdb.rferl.org/4e029316-8251-4293-9213-cb43f791b4ed_w1024_q10_s.jpg)
3
"Кыргызстандын мурасы" аталышындагы иш-чара жыл сайын “Кыргыз балдарынын келечеги” (Kyrgyz Children’s Future) уюму, АКШдагы Кыргызстандын элчилиги менен бирдикте уюштурулуп келет. Бул жылы ага башка шаарлардан келген кыргыз журтташтар ыктыярчы катары катышты.
![Уюштуруучулар жана ыктыярчылардын бардыгы улуттук кийимдерди кийип, чогулган бөбөктөргө кыргыздардын үрп-адаттары, салт-санаалары тууралуу кеңири айтып беришти.](https://gdb.rferl.org/60a65f2d-6b88-4148-bee4-a35e93f37f01_w1024_q10_s.jpg)
4
Уюштуруучулар жана ыктыярчылардын бардыгы улуттук кийимдерди кийип, чогулган бөбөктөргө кыргыздардын үрп-адаттары, салт-санаалары тууралуу кеңири айтып беришти.
![](https://gdb.rferl.org/be6b7792-9b50-409b-80f3-c7803f555b2f_w1024_q10_s.jpg)
5
![](https://gdb.rferl.org/e712854a-9289-40e6-80f5-9f5be50d3db7_w1024_q10_s.jpg)
6
!["Кыргызстандын мурасы" иш-чарасына быйыл жети жаштагы Азамат да барды. Аны Пенсильвания штатында жашаган Шимкустардын үй-бүлөсү 2008-жылы асырап алган. Бирок андан көп өтпөй Кыргызстанда чет өлкөлүктөрдүн бала асырап алуусуна мораторий киргизилгендиктен баланы 2014-жылдын сентябрында гана алып кетишкен. ](https://gdb.rferl.org/2bc9e0d3-c040-4cde-b8b5-a2c28f029d95_w1024_q10_s.jpg)
7
"Кыргызстандын мурасы" иш-чарасына быйыл жети жаштагы Азамат да барды. Аны Пенсильвания штатында жашаган Шимкустардын үй-бүлөсү 2008-жылы асырап алган. Бирок андан көп өтпөй Кыргызстанда чет өлкөлүктөрдүн бала асырап алуусуна мораторий киргизилгендиктен баланы 2014-жылдын сентябрында гана алып кетишкен.
![Азамат быйыл биринчи классты аяктады. Ал нышан (үстүңкү ээрди жырык) болуп төрөлгөн. АКШдан ага операция жасалып, учурда дарыланып жатат.](https://gdb.rferl.org/bc8ba2ba-b867-4f32-a38f-40ad6b01606c_w1024_q10_s.jpg)
8
Азамат быйыл биринчи классты аяктады. Ал нышан (үстүңкү ээрди жырык) болуп төрөлгөн. АКШдан ага операция жасалып, учурда дарыланып жатат.
![Азаматтын энеси Габриелла уулу абдан акылдуу жана сүйкүмдүү экенин айтат. "Уулубуз төрөлгөн элди жана жерди биз да абдан жакшы көрөбүз"-дейт ал. Азамат Эмерсон жана Грейсон аттуу эки карындашын аябай жакшы көрөт.](https://gdb.rferl.org/01dbd29c-9582-404f-b015-25ccb456dd7a_w1024_q10_s.jpg)
9
Азаматтын энеси Габриелла уулу абдан акылдуу жана сүйкүмдүү экенин айтат. "Уулубуз төрөлгөн элди жана жерди биз да абдан жакшы көрөбүз"-дейт ал. Азамат Эмерсон жана Грейсон аттуу эки карындашын аябай жакшы көрөт.