Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:26

Өзбекстан: Карантинде мал уурдоо менен мажбурлоо күчөдү


Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин жана Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү үй камакта отургандар менен жолугууда. 29-апрель, 2020.
Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин жана Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү үй камакта отургандар менен жолугууда. 29-апрель, 2020.

Пандемия учурунда Өзбекстанда мал уурдоо күчөдү. Бийлик элге акысыз азык-түлүк таратуу үчүн ишкерлерди кайрымдуулук кылууга мажбурлай баштады. Ошол эле учурда ташкенттик мугалимдер социалдык тармактарда бийликти мактоо өнөктүгүнө тартылып жатат.

Башка өлкөлөр сыяктуу эле чектөөлөр киргенден бери Өзбекстанда да үй-бүлөлүк зомбулук, туугандар, жакындар ортосунда чыр-чатак жана уурулук күч алды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин жыйынында сөз болгонунун "Азаттыктын" өзбек кызматынын ишенимдүү булагы кабарлады.

– Апрель айында уурулук кылмыштары өзгөчө күч алды. Анткени карантинде адамдар акчасыз, кирешесиз калды. Мал, тамак-ашты уурдап атышат. Уурулук айрыкча Кашка-Дарыя облусунда көп катталган. Буга чейин өкмөттүн чечими менен жатак абагында жаза өтөп жаткандар иштин жоктугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган. Чынында алар азыр жумушсуз, акчасыз жатат. Кылмыштуулук ошолордун эсебинен өсүп жатат.

Ал арада өзбек бийлиги ишкерлерди кайрымдуулукка мажбурлап жатканы белгилүү болду. Мисалы бухаралык ишкер шаар бийлигинин басымынан улам кайрымдуулук кылууга аргасыз болгонун билдирди.

- Алар мага келип, "эгер сен бизге жардам берсең, биз сага насыя алганга жардам беребиз" дешти. Андан баш тартсам менде маселе жаралып калышы ыктымал экенин эскертишти. Бир да ишкер дүкөнү жабылып калышын каалабайт. Ошондуктан биз жардам уюштурууга аргасыз болуп атабыз. Мисалы мен жардам таратуу борборуна 20 кап ун, 5 кап күрүч, 5 кап шекер алып барып бердим. Кечээ алар дагы келишиптир. Мен деле алым жетип турса жардам бергим келет. Бирок азыр бизге деле кыйын болуп атат да.

Бийликтин кысымынан улам кайрымдуулук кылууга аргасыз болгон ишкерлер, жардамдын көбү борбордун тургундарына кетип, аймактагылдар акча калганына капа.

Ушуга окшогон наразылыктан улам президенттик администрация Мирзиёевдин интернеттеги рейтингин көтөрүүнүн жаңы ыкмасына өттү. Мисалы "Азаттыктын" өзбек кызматына райондук билим берүү башкармалары президентти мактоо боюнча мектеп директорлоруна жиберген тапшырмасынын сүрөт көчүрмөсү келип түштү.

Алардын бири Алмазар райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Жакшыгүл Шадиева директорлорго минтип жазган.

- Урматтуу директорлор, президентибиздин вирусту ооздуктоо боюнча аракеттери тууралуу элге жакшы маалыматтарды тара тууга жардам беришиңиздерди суранам.

"Азаттыкка" мугалимдерден келген окшош каттар
"Азаттыкка" мугалимдерден келген окшош каттар

Каттарда президентти "биздин камкор журт башы" деген сыяктуу даңазалаган сөздөр бар.

Муну улай "президентибиздин аракеттерин мактаган пикирди бул даректерге жазып, ал пикирибизди сүрөткө тартып, отчет катары бул дарекке жиберебиз" деген кошумча көрсөтмөлөр келген.

Өзбекстан буга окшогон жалданма сүрөөнчүлөрдү - троллдорду шайлоодо колдонуп келген. Кыргызстанда ОБОН деген ат менен белгилүү түшүнүктүн да түбү Өзбекстандан чыккан.

XS
SM
MD
LG