Линктер

бейшемби, 27-июнь, 2019 Бишкек убактысы 02:45

Ташкентте жетекчи аялды динчилдер кодулашты


Өзбекстанда социалдык тармакта көп аялдуулук боюнча өз пикири менен бөлүшкөн мамлекеттик кызматкер кодулоого кабылды.

Өзбекстанда журналист Наргиза Рахимованын Мухаммед пайгамбар, көп аялдуулук тууралуу социалдык тармакка жазгандарынан кийин өмүрүнө коркунуч жаралганы айтылып, атайын кызмат аны үй-бүлөсү менен кайтарууга алды.

Президенттик администрацияга караштуу Маалымат жана массалык коммуникация агенттигинин жетекчисинин орун басары болуп жакында эле дайындалган Рахимова жаңы кызматынан эмгек өргүүсүнө кетүүгө да мажбур болду.

35 жаштагы Рахимова «Азаттыктын» өзбек кызматынын «Фейсбуктагы» баракчасында көп аялдуулук боюнча талкууда өзүнүн пикирин жазгандан кийин коркутуп-үркүтүүгө кабылган.

«Бир аялды да башкара албаган жүүнү бош эркектер менен күйөөсүнө эшектей минип алган ажаан аялдар гана көп аялдуулукка каршы» деп жазган Хайот Бахтиор Оглы атуу колдонуучунун пикирине өкмөттүк кызматкер: «Мухаммед пайгамбар биринчи аялынын көзү тирүүсүндө экинчи аял алган эмес» деген таризде жооп берген.

«Биздин пайгамбарыбыз Хадича энебиз тирүүсүндө экинчи аял алган эмес. Балким, ал жүүнү бош эркек болгондур, же Хадича энебиз ажаан катын болгондур, сиз аны жакшы билесиз да. Азирет Аалы да Фатима энебиздин үстүнө аял алган эмес. Мындай жагдай күлкүнү келтирет» деп жазган Наргиза Рахимова.

Ушундан кийин социалдык тармактарда Рахимованы айыптаган видеокайрылуулар, билдирүүлөр көбөйүп, айрым Интернет колдонуучулар беш балалуу аялдын дарегине эле эмес, анын үй-бүлөсүнө карата да коркуткан сөздөрдү жаза башташкан.

Ашынган динчилдер аялды «союп кетүүгө», «тилинен асууга» чакырык таштаса, айрымдары колу-бутун кесип, «көзүн чукуп салууну» сунуш кылышкан. Рахимованы «улутту, динди мазактады» деп, коммунизм, атеизм үчүн айыптап, кызматтан кетишин талап кылгандар да чыккан.

Пайгамбар жөнүндөгү пикири үчүн таландыга калган аял
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:50 0:00

9-мартта Наргиза Рахимова «Azon TV» каналы аркылуу видеокайрылуу таратып, пикири бурмаланып, түшүнбөстүк жаратканын айтып, мусулмандардан кечирим сураган.

«Мен, Жараткандын бир пендеси катары чоң талкуу жараткан пикирим үчүн бардык мусулмандардан чын жүрөгүмдөн кечирим сурайм», - деген Рахимова өз сөзүндө.

Өзбекстандын укук коргоо органдары Рахимованы жазалоого чакырык таштаган колдонуучулардын өздүгү аныкталып жатканын кабарлады.

Ал эми интернет-троллинг боюнча адистер социалдык тармакта бирөөлөрдүн атынан катталып алып, динге байланыштуу постто атайын чагымчылдык жасагандар болгонун белгилешүүдө. «Фейк» аккаунттардан чырды козуткан бир өңчөй билдирүүлөр таркатылганы аныкталган.

Бул окуядан кийин өзбек өкмөтүндөгү Диний иштер боюнча комитет «өлкөдө адамдардын диний ишенимдерин мазактагандарга мыйзам чегинде жаза каралганын» эскерткен.

Өзбекстанда улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу беш жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG