Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:10

Өзбекстан: милиция күндө жүздөй адамды кармоодо


Өзбекстан
Өзбекстан

Соңку кезде Өзбекстанда милиция кызматкерлери ар кандай шылтоолор менен адамдарды жапырт камап жатканы маалым болду.

“Азаттыктын” өзбек кызматына Ташкен милициясынын атын айтпаган кызматкери өйдө жактан күнүнө көчөдө шектүү көрүнгөн жүздөй адамды кармап, сурак жүргүзүү боюнча буйрук түшкөнүн жашырган жок.

- Ооба, ошондой буйрук бар. Эгер жарандын документтери, шаардагы каттоого турганы тууралуу атайын кагазы болсо да бизге шектүү көрүнсө эле бөлүмгө алып келип суракка ала алабыз. Эгер сурак маалында жаран эч кандай шек жаратпаса бошотобуз. Болбосо камайбыз. Сурактардын протоколдорун терроризм менен күрөшкөн бөлүмгө тапшырабыз, - деп айтты милиция кызматкери. Ички иштер өкүлү бул маселеде өзгөчө диний экстремизм жана террорчулукка шектүү делгендерге басым жасалып жатканын кошумчалады.

Байкоочулардын айтуусунда, камалгандардын көбү жума намазына келгендер.

Өзүн Музаффар деп тааныштарган жарандын ырасташынча, милиция кызматкерлери мечиттин жанында турган дээрлик бардык адамдарды камакка алган:

- Эгер адам ислам динине таандык кийимдерди кийип же сакал өстүрүп жүрсө, аны даароо шектүү катары көрүшүп, машинеге салып кетишүүдө, – дейт Музафар.

Өзбекстандагы көз карандысыз укук коргоочулардын демилгечи тобунун маалыматына ылайык, соңку бир айдын ичинде өлкө аймагында “Ислам мамлекети” жана башка экстремисттик топторго катыштыгы бар деген шек менен 500дөй киши кармалган.

Топтун жетекчиси Сурат Икрамов мындай камоолор ушул күнгө чейин уланып жатканын айтат.

Ал эми милиция бөлүмдөрүндө жөнсүз кармоолор болуп жатканын четке кагышууда.

Ал тапта бийликтер Өзбекстанда ар кандай террористтик актылар болуп кетиши мүмкүндүгүн айтып, өзгөчө коомдук транспорт айдоочуларды сак болууга чакырышты. Тактап айтканда, айдоочуларга унаасынын ичинде шектүү буюм жатканын байкап калышса, дароо жүргүнчүлөрдү түшүрүп, машинесин эл жок жерге алып чыгып, милицияга кабар берүү эскертилди.

Өзбекстандагы Автомобиль жана суу транспорту боюнча агенттиктин өкүлдөрү бул чаралар террористик коркунучтарды алдын алуу үчүн көрүлүп жатканын түшүндүрүштү.

Укук коргоочу Сурат Икрамовдун айтымында, бул чаралардын артында кандайдыр бир негиздер бар:

- Учурда Ташкен шаарында экстремисттик топтордун баракчалары табылып, айрым жерлерде “Ислам мамлекети” тобунун желегин илип кетип жатышкандары айтылууда. Мындай нерселерден улам бийлик, албетте, кооптонуп жатат, - дейт укук коргоочу.

3-ноябрдан тарта Ташкендеги бардык күч органдары - милиция, улуттук коопсуздук кызматы жана аскерий гарнизон күчөтүлгөн режимге өттү.

Бирок өлкө бийлиги да, жергиликтүү маалымат каражаттары да мындай жапырт кармоолор тууралуу жана коопсуздук күчтөрүнүн күчөтүлгөн режимде иштеп жатканы боюнча үн ката элек.

Ар кайсы булактардын маалымдашынча, Сириядагы экстремисттик уюмдардын катарына кошулуп кеткен өзбекстандыктар тымызын мекенине кайтканы туурасында эл арасында имиш кептер жайылууда.

Тартип коргоо органдарынын тузагына диний уюмдарга мүчө болгондор жана чет өлкөдө иштеп жүрүп келген мигранттар көбүрөөк илинип жатканы буга чейин маалымдалган болчу.

Бейрасмий кабарларга караганда, Сириядагы "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмунун катарына миңден ашык өзбек жараны кошулуп кеткен.

XS
SM
MD
LG