Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:23

Өзбекстандагы пенсия чатагы


Өзбекстанда Каржы министрлиги миллиондогон пенсионерди ашыкча пенсия алат деп күнөөлөп, ашык сумманы кайтарып берүүнү талап кылды.

Анын аралыгында пенсия жашындагы жарандардын саны өсүп, өлкөдө пенсия системасына оорчулук улам күчөп жатат.

Өзбекстанда 6 миллиондон ашыгыраак пенсионер болсо, алардын көбү айына 100 доллардын ары-берисинде пенсия алат. Жумушсуздук жогору болгон өлкөдө балдары, неберелери да пенсионерлердин колун карап отурган учурлар аз эмес.

Каржы министрлигинин тергөөчүлөрү пенсиялар ашыкча эсептелип калгандыктан 105 миллион доллар акча казнага кайтарылышы керектигин эсептеп чыгышкан. Министрлик тергөө уланып жаткандыктан, бул көрсөткүч дагы өсө тургандыгын эскертүүдө.

Өзбекстандын Пенсия корунун кызматкери кеп пенсия жашына келген жарандар иштеп жүргөндөгү айлыгын жогору көрсөтүп коюшкандыгында экендигин билдирди.

"Эгер пенсионер иштеп жүргөндө мисалы 100 сом айлык алса, пенсияга чыгаарда "200 же 300 сом алчумун" деген кагазды көтөрүп келишет. Демек ага жогору пенсия чектелет. Натыйжада Пенсия кору ашыкча чыгым болуп калат", -деди "Азаттыкка" өз атын атабоону суранган мамлекеттик кызматкер.

Анын аралыгында иштеп, пенсия коруна салык төлөй турган жарандардын саны азайып, пенсия жашындагылардын катары көбөйүүдө.

Азыр жашы 60тан өскөндөрдүн саны 28 миллион калктын алты пайызын түзөт. Бириккен Улуттар уюмунун эсебинде, 2050-жылга карата бул топтун үлүшү 21 пайызга жетет, башкача айтканда, ар беш кишинин бири пенсия жашында болот. Ошол эле мезгилде балдардын төрөлүшү үчтөн экиге азаят, же азыр төрөт жашындагы бир аялга үч бала туура келсе, алдыдагы 40 жылда бир аялга бир гана бала туура келип калат.

Каржы министрлигинин жарыясы пенсионерлерди кыйла кыжаалат кылып турган чак. 72 жаштагы үргөнчтүк пенсионер 2002-жылга чейин жеке ишкананы жетектеп турган. Ошол жылы анын ишканасы жабылып, документтердин баары конфискацияланган. Пенсионер өкмөт анын ишканасын мыйзамсыз жапты деп эсептейт.

Документтерсиз калгандан кийин анын кызматкерлери кандай айлык алып келгендигин далилдей алган эмес. Кийин алардын бирине "көп пенсия алыш үчүн айлыгын жогору көрсөткөн" деп айып коюлган:

Менин мурдагы кызматкерлеримдин бири 9 миллион сомду ашык алган деп күнөөлөнүп жатат. Бул дээрлик беш миң доллар. Пенсия корунун өкүлдөрү ага "пенсия алам десең, ушул сумманы төлөп бер" деп айтышыптыр.

Пенсионерлер көп жылдардан бери пенсиясын өз убагында ала албайт, пенсиясы жоголуп кеткен учурлар жок эмес. Ал эми кийинки убакта аларга накта акчанын ордуна кымбат товарлар сатылган саналуу супермаркеттерде гана соода кылууга боло турган дебиттик карталарды бере башташты.

Борбордук өкмөт ашык пенсияларды чогултуу милдетин жергиликтүү бийликтердин мойнуна таккан. Бирок жергиликтүү кеңештин атын атагысы келбеген бир мүчөсү карылардын ашык пенсиясын төлөгөнгө акчасы жок экендигин мындайча билдирди:

Мурда маалени жетектеген кишилерди билчү элем. Аларга 2-3 миллион сомду өз чөнтөгүңөрдөн чыгарып болсо да кайтаргыла деген талап болуптур. Анткени маалелердин тургундары ашыкча пенсияларын төлөй албай калышкан. Эми маале жетекчилери өз чөнтөгүнөн төлөшү керек экен. Мурдагы жетекчибизди бошотуп жиберишкен. Ал бүгүн да элден акча чогултуп, ар кимдин босогосун сагаалап жүрөт. Так билбейм, бирок мамлекетке 3 миллион 200 миң сом төлөшү керек экен.

Финансы министрлиги ашык акча кайтарылган күндө да, пенсия азаярын эскертүүдө. Анын аралыгында, өкмөт карыларды багуунун башкы жүгү алардын балдарына же башка жакын туугандарына артылган «кытайлык» системага кайтып келүүнү сунуш этүүдө.

Өзбекстанда ар бир төртүнчү киши жакырчылыктын чегинен төмөн деңгээлде жашаарын эске алганда, мамлекеттик социалдык системанын жүгүн үй-бүлөгө жүктөөдөн майнап чыгаары күмөн.

XS
SM
MD
LG