Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:34

Өзбекстан коопсуздук чараларын күчөттү


Өзбекстан
Өзбекстан

Өзбекстанда Нооруз майрамына жакын күч кызматкерлеринин “коомдук тазалоо” операциясы күчөдү. Ташкенде паспорт режими киргизилип, борборго “себепсиз” келгендер дароо кичи мекенине кайтканга мажбур болууда.

2016-жылкы жалпы элдик Нооруз майрамын белгилөө жөнүндө президент Ислам Каримовдун буйругуна ылайык жүрүп жаткан текшерүүлөр учурунда “шектүү кишилер” аныкталып, жоопкерликке да тартыла баштады.

“Тазалоо операциясы” бийликтин тийиштүү буйругунун негизинде жүрүп жатканын Өзбекстандын Ички иштер министрлиги жергиликтүү булактарга расмий бышыктаган. Бул чара – майрам күндөрү коомдук тартипти сактоо катары сыпатталып, “шектүүлөрдү” аныктап, күч органдарына маалымдоо милдети кварталдык жарандар комитеттерине жүктөлгөн.

Айрым облустарда бул иш-чара “Тазалоо-антитеррор” деп аталат. Ички иштер министрлигинин “Постто” гезити тараткан кабарга ылайык, операциянын алкагында эң көп мыйзам бузуулар Хорезм жана Самарканд облустарында аныкталып, ондогон кылмыштардын бети ачылган.

“Азаттык” радиосунун өздүк булактары кабарлагандай, Ташкенттеги “Тазалоо” операциясы учурунда расмий маалымдалбаган чаралар да колдонулууда.

Мисалы, баш калаада паспорт режими күчөтүлүп, облустардан келгендер суракка чакырылууда жана протоколдор түзүлүп жатат. Милиция кызматкерлери үймө-үй жүрүп, жарандардын документтерин текшерүүдө. Ички иштер министрлигиндеги ишенимдүү булактын билдиришинче, милициянын өздүк курамы 35 пайыз күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөн. Айрыкча, мечиттерди текшерүү көбөйгөн. Паспорту жок кишилерди дароо бөлүмгө алып барышып, темир тор артына киргизишүүдө.

Ал эми паспорту болуп, бирок каттоого турбаган болсо, протокол түзгөндөн соң жаран облустагы үйүнө кайра кетүүгө мажбур. Чөнтөгүндө паспорту жок ташкенттиктер да кармалып, тек-жайы аныкталмайынча милиция бөлүмүндө отурат. “Тазалоо” иштерин жүргүзүүгө жана тийиштүү “отчетту” берүүгө райондук ички иштер башкармалыктарынын жетекчилери милдеттүү экенин Ташкент шаардык милициясында иштеген, бирок атын атоону каалабаган кызматкер билдирди:

- Күнүгө кечинде участкалык милиционерлер чогулуп, үймө-үй кыдырып, паспорт текшерүүнү башташат. “Операция” учурунда күч кызматкерлери бирден эмес, топ-топ болуп иштешет. Эгер кимдир бирөө документин көрсөтүүнү каалабаса, “бийлик өкүлүнө моюн сунбоо” беренеси менен кылмыш иши козголот.

Текшерүү учурунда тартип сакчылары менен кварталдык комитет башчылары чогуу жүрүүгө, кайсыл үйдө “шектүү киши” бар экенин маалымдоого милдеттүү. Күнүмдүк аткарылган иштер Улуттук коопсуздук кызматына күн сайын отчет иретинде жеткирилет.

Өзбекстанда Нооруз жана Эгемендик майрамына жакын коопсуздук чараларын күчөтүү – көнүмүш адатка айланып калган. Бийлик муну “экстремисттик топтордун пландаган иштерин аныктоо жана террордук актылардын алдын алуу чарасы” катары сыпаттайт.

Майрамга жакын коңшу мамлекеттер менен чек араларды жабуу же күчөтүлгөн тартипте кайтаруу да Өзбекстанда адатка айланган.

XS
SM
MD
LG