Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:11

Өзбекстан Каримовду акыркы сапарга узатты (видео, сүрөт)


Ташкент, 3-сентябрь, 2016-жыл
Ташкент, 3-сентябрь, 2016-жыл

78 жаштагы Каримовдун сөөгү бүгүн кичи мекени Самаркандда жерге берилди. Эми Өзбекстан 5-сентябрга чейин аза күтөт.

Өзбекстанда бүгүн президент Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Президент ооруканага түшкөнү расмий жарыялагандан алты күндөн соң дүйнө салганын өзбек өкмөтү өткөн түнү билдирген.

Маркум Ислам Каримов менен ишембинин таңында оболу Ташкент шаарынын тургундары коштошту.

Табытты коштогон автокербен аэропортко бараткан кезде миңдеген ташкенттикттер жолдун эки канатында каз-катар тизилип турушту. Жол боюна кызыл розалар ташталды.

Каримовду акыркы сапарга узатуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:01 0:00

Каримовдун сөөгү өзүнүн керээзине ылайык, кичи мекени, Ташкенттен 300 чакырым аралыкта жайгашкан Самаркандга коюларын өзбек өкмөтү кечээ түнү билдирген.

Самаркандда тажияга даярдыктар көрүлүп жатканы кечээ күндүз Каримовдун дүйнөдөн өткөнү расмий жарыялана электе эле маалым болгон.

Ташкенттен кийин Самарканддын аэропортунан президенттин сөөгүн шаарга алып кирип жатышканда да жол боюнда миңдеген адамдар каз-катар тизилип турушту.

Самаркандда Ислам Каримов менен коштошуу зыйнаты тарыхый Регистан аянтында өттү, президенттин жаназасы ушул аянтка жакын жайгашкан Тилла Кари медресесинин алдында өлкө муфтийи Усмонхон Алиев тарабынан окулду.

Ал эми маркумдун сөөгү анын ата-энеси коюлган мүрзөдө жерге берилди.

Каримовдун сөөгү жерге берилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:57 0:00

Самаркандга Каримовдун тажиясына катышуу үчүн жалпысынан 20дан ашуун өлкөлөрдүн делегациялары барды.

Орусия, Казакстан, Кыргызстан премьер-министрлерин жөнөтүштү. Түркия, Кытай вице-премьерлерин жиберишти.

Ал эми тажик президенти Эмомали Рахмон, түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухаммедов өздөрү келишти. Ооганстандын президенти Ашраф Гани болду.

Орус президенти Путин көңүл айтуу телеграммасында Каримовдун өлүмүн "Өзбекстан үчүн өтө чоң жоготуу" десе, казак президенти Назарбаев "отуз жыл ийиндеше иштешкен досунан" айрылганын белгиледи.

Кытай лидери Си Цзинпин маркум Каримовду "чыныгы дос" деп атап, ал Өзбекстандын "өнүгүүсү жана бакубатчылыгы үчүн тарыхый салым кошконун" эске салды.

АКШ президенти Барак Обаманын билдирүүсүндө Өзбекстан “тарыхтын жаңы барагын” ачып жатканы, Кошмо Штаттар Өзбекстанга анын “суверенитети, коопсуздугу, анын жарандарынын баарынын укуктарына негизделген келечеги үчүн өнөктөш бойдон калары” белгиленген.

Президенттин жубайы Татьяна Каримова жана Лола Каримова-Тилляева
Президенттин жубайы Татьяна Каримова жана Лола Каримова-Тилляева

Мамлекеттик телеканалдар көргөзгөн сюжеттерде Каримовдун улуу кызы, далай чуулгандуу окуялардан кийин коомчулукка чыкпай калган Гүлнара Каримова атасынын тажиясында байкалган жок.

Президенттин жубайы, кара кийген Татьяна Каримованын жанында бул үй-бүлөнүн кичүү кызы Лола Каримова-Тилляева гана көрүндү.

Эске сала кетсек, президент Каримов ооруканага мээсине кан куюлуп түшкөнүн өзбек өкмөтү эмес, оболу ушул дүйшөмбү күнү Лола Каримова ырастаган болчу.

Президенттин милдетин аткаруучу ким?

Өзбекстандын Конституциясы боюнча мамлекет башчынын көзү өткөндө же ал милдетин аткара албай калган кезде президенттин ыйгарым укугу парламенттин жогорку палатасы – Сенаттын төрагасына өтөт.

Сенаттын төргалык кызматында азыр мурда башкы прокурордун орун басары, юстиция министри болгон 54 жаштагы Нигматилла Юлдашев отурат.

Орус, казак, кыргыз президенттери, КМШнын башка лиделери көңүл айтуу телеграммаларын президенттин милдетин аткаруучу катары мына ушул адамдын дарегине жолдошту.

Бирок Ташкенттен Юлдашев президенттин милдеттин аткарууга киришкени тууралуу азырынча эч кандай расмий кабар түшө элек. Азыр өлкөдөгү биринчи адам ким экени толук анык эмес.

Ал эми Каримовду акыркы сапарга узатуу боюнча комиссиянын башчылыгына премьер-министр Шавкат Мирзиёев дайындалган.

Самарканддагы аза күтүү митингинде да өзбек бийлигинин атынан сөздү Шавкат Мирзиёев сүйлөдү.

Эгер советтик доордогу салтты эстесек, комиссия башчылары кийинки лидер болуп калчу.

Талдоочулардын көпчүлүгү да Өзбекстандын кийинки президенти катары дал ушул Шавкат Мирзиёевди көрүшүүдө. Ал Каримовдун оң колу катары премьер-министрдин кызматын акыркы 13 жылдан бери аткарып келди. Самаркандга коңшу Жизак облусунан болот. Премьер-министрлик кызматка чейин ушул облусту башкарган.

Өзбекстандын Конституциясынын талаптарына президенттик шайлоо эми үч ай аралыгында өтүшү керек.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG