Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:38

Өзбекстан: Каримов президенттикти 5 жылга түшүрдү


Каримов Өзбекстандын президенти болуп алгач 21 жыл мурда шайланган
Каримов Өзбекстандын президенти болуп алгач 21 жыл мурда шайланган

Өзбекстандын парламентинин жогорку палатасы президенттик мөөнөттү 7 жылдан 5 жылга кыскартуу жөнүндөгү мамлекет башчы Ислам Каримовдун сунушун колдоду. Бул эмнеден кабар бериши мүмкүн?

Айрымдар бул демилге менен Ислам Каримов бийликтеги мөөнөтүн узартууну көздөөдө деп шектенишет. Азыркы президент өзү муну “демократияны түптөө” аракети катары сыпаттады.

73 жаштагы Каримов президенттикке 3 жолу шайланып, 2 ирет референдум аркылуу бийлигин узарткан. Конституция бир адамдын мамлекет башчылыкка 2 жолу гана шайланышына уруксат берет.

Азыр саясат таануучулар арасында президент Каримовдун бул демилгесин чечмелегендер эки башка пикирди айтышууда. Айрымдар бул сунушту Каримов азыркы мөөнөтү бүтпөй жатып “Конституцияга өзгөртүү киргизилди, же Баш мыйзам өзгөртүлгөн” деген таризде өзүнүн андан кийинки мамлекет башчылык мөөнөтүн нөлдөн баштоону пландап жатат дешет. Андай болсо, келерки жылдын декабрында Каримовдун кийинки эки мөөнөтү башталат да, 2022-жылы гана аякташы керек.

Бирок расмий өзбек бийлик төбөлдөрүнө жакындыгы айтылып жүргөн Uzmetronom интернет-гезити “Каримов соңку демилгеси менен президенттиктен кете турганын, мындан ары шайлоого катышпай турганын ачыктады” деп жазды.

Мындай ойду саясат таануучулардын ичинде Камолиддин Каббимов да колдойт.

“Мага бул сунуш Каримовдон кийинки президенттер үчүн жасалгандай, алардын бийлигин чектөө максатында жүргүзүлгөн саясаттай туюлду, - дейт аналитик. - Азыр дүйнөдө болуп жаткан ири өзгөрүүлөр: Орусиядагы шайлоо, арап дүйнөсүн каптаган толкундоолор, айтылуу “арап жазы”, - ушунун баары Каримовду бир топ эле ойго салды. Президенттик кызматтын мөөнөтү 5 жылдан 7 жылга узартылып жатканда “Мамлекет башчысы өлкөдө тийиштүү реформаларды өткөрүшү үчүн азыркы мөөнөт өтө эле кыска экен” деп аргументтешкен. Эми анын өзүнүн эле доорунда ошол чечим кайрадан өзгөртүлүп жатат. Мындан кийинки саясат жараяндар өтө ыкчам жүрөт жана аны президент өзү да түшүнөт. Ошондуктан мамлекеттик түзүлүштү оңдоодогу негизги саясий процесстерди ал өзү жасап, тарыхта ушундай ири өзгөрүүнүн автору катары калгысы келет”.

Азыркы сунушту камтыган мыйзам долбоорун буга чейин Өзбек парламентинин төмөнкү палатасы колдогон, эми ал күчүнө кириши үчүн Каримов кол коюшу керек.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG