Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:31

Өзбекстанда эт тартыштыгы күчөдү


Өзбекстанда эт каатчылыгы күчөдү жана жыл башынан бери бодо мал менен кой этинин баасы дээрлик 50 пайызга өстү.

Тартыштыктын айынан тамактануучу жайларда шишкебек өңдүү эт тамактар аз даярдалып, кээ бир кафе-ресторандарда болсо дээрлик жасалбай калды.

Маселени чечүүгө өкмөт башчы өзү киришип жатканы кабарланган эле. Байкоочулар эт каатчылыгын жоюу боюнча бийликтин чаралары натыйжа бербей жатканын айтышат.

"Азаттыктын" өзбек кызматы буга чейин этти граммдап сатып алган жергиликтүү тургундар көбөйгөнүн жазып чыккан болчу.

"Азаттыктын" өзбек кызматынын ишенимдүү булагы ушул тушта Ташкент шаарында бир катар коомдук тамактануучу жайларда уйдун сулп этинен жасалган шишкебек тартыш экенин, түштөн кийин болсо такыр эле жасалбай каларын айтып берди:

- Мен 29-июлда "Миллий таомлар" ("Улуттук тамактар") ресторандар жана "Шашлычная" кафелер тармагында болдум, уйдун тууралган этинен жасалган шишкебек алайын десем тартыш экен. Түштөн кийин болсо дээрлик бардык коомдук тамактануучу жайларда шишкебек даярдабай калдык дешти.

Коомдук тамактануучу жайлардын кожоюндары менен ашпозчулардын билдиришинче, эттин баасы жума сайын өсүп жатат жана тартыштык жоюла элек.

Өзбекстанда эттин баасы жыл башынан бери жалпысынан 50 пайызга кымбаттады. Мисалы азыр базарларда бир килограмм уй эти орто эсеп менен 45 миң сум, башкача айтканда беш доллар турат. Дүкөндөрдө болсо анын баасы мындан да кымбат.

Жыл башында болсо уй эти 22, ал эми кой этинин бир килограммы 25 миң сумдан сатылып жаткан.

Ташкенттик Тошбек аттуу экономисттин пикиринде, бийликтин эт каатчылыгынын жоюу аракеттеринен майнап чыга элек:

- Кандайдыр бир фонддорду түзүү жана эттин баасын күчтөп кармап туруу - мунун баары кыска мөөнөттүк чаралар. Мындай чаралар жыйынтык бербей жатат. Анткени эт каатчылыгынын баа, валюталар базары жана тоюттун жетишсиздиги өңдүү бир нече себептери бар да. Ушундай маселелердин баарын чогуу чечүү керек.

Жазында өкмөт жыйынында өзбек премьер-министри Абдулла Арипов министрлерге эттин баасын арзандатууну тапшырган. Мындан көп өтпөй базарларда арзан эт сатылган атайын жайлар пайда болгон. Базардагы азык-түлүктүн баасын жөнгө салууга көмөктөшө турган фонд да ачылган эле. Бирок ошондон бери деле эт баасынын кымбатташы токтой элек.

"Азаттыктын" өзбек кызматы буга чейин жергиликтүү тургундар этти граммдап алып калганын жазып чыккан. Ташкенттик пенсионер элдин мындан башка аргасы жок экенин айтып берген:

- Эттин баасы жума сайын кымбаттап жатат. Касапчылар эттин кымбаттыгын бодо малдын саны азайганы менен түшүндүрүп жатат. Анткени жем-чөп кымбат жана тартыш. Түштүк райондордон эгер бодо мал алынып келбей калса, эт мындан да кымбатташы мүмкүн.

Касапчылар жана ишкерлер эт баасына күйүүчү майдын наркы дагы таасир этерин белгилешет.

Бензиндин кымбаттыгынан өлкөнүн түштүк региондорунан бодо мал ташуу кескин азайды.

Ошондой эле эт базарына административдик чаралар да таасир этти. Ушул жылдын май айында президент Шавкат Мирзиёев этти экспорттоого салынган тыюуну алып салуу тууралуу жардыкка кол койгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG