Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:17

Каримов кетиргендерди Мирзиёев кайра алып келди


Шавкат Мирзиёев
Шавкат Мирзиёев

Өзбекстанда президенттин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев алып келген жаңы өкмөт мүчөлөрүнүн айрымдары Каримовдун тушунда кылмыш жоопкерчилигине тартылып, иштен айдалгандар экени белгилүү болду.

Серепчилер Мирзиёевдин бул жүрүштөрүн бир кездеги табакташтарын кайрадан өз канатына калкалап алуу аракети катары түшүндүрүүдө.

Ислам Каримов көз жумган соң президенттин милдетин аткаруучу вазыйпасын да өзүнө алган премьер-министр Шавкат Мирзиёев 13-сентябрда бир катар жарлыктарга кол коюп, өкмөттө жаңы дайындоолорду жүргүздү.

Биринчи вице-премьер Рустам Азимов өз кызматында калды. Ал мурдагыдай эле финансы министри, макроэкономика, инвестиция комплексинин жетекчиси кызматын аркалайт. Ошондой эле мындан ары ал билим жана илим тармагына да жооптуу.

Саламаттыкты сактоо, экология боюнча вице-премьер-министр Адхам Икрамовго дене тарбия жана спорт тармагы боюнча да жоопкерчилик жүктөлдү.

Бул эки адам тууралуу маалымат анча көп эмес, алар өз ишмердүүлүгүндө кандайдыр бир чуулгандуу же коомчулукта талкуу жаратуучу жагдайларга туш болгон эмес.

Ал эми жаңы дайындалган кийинки эки аткаминердин бири учурунда мамлекеттик казынага өтө чоң суммада зыян алып келген коррупционер катары таанылса, экинчисин паракорчулук үчүн маркум Ислам Каримов өзү иштен айдаган.

55 жаштагы Абдулла Арипов өкмөт башчынын жаштар саясаты, маданият, маалымат системалары жана телекоммуникация боюнча орун басары болуп дайындалды.

Өзбек өкмөтүндө бул адам жаңы фигура эмес. 2002-2012-жылдары Арипов телекоммуникация, байланыш тармагында түрдүү жетекчилик кызматтарды ээлеген. Дал ошол кезде ал байланыш компанияларына лицензия берүүдө жемкорлукка барган деп айыпталып, ага карата кылмыш иши да козголгон. Каримовдун кызы Гүлнара аралашкан, чуусу Европага чейин жеткен швециялык TeliaSonera байланыш компаниясынын ишмердүүлүгүнө тиешелүү чырга да бул адамдын катыштыгы бар болчу дейт өзбекстандык журналист Шухрат Бабажанов:

- Ариповдун бир колтамгасынан кийин 1 млрд долларга жакын акча Өзбекстандын казынасынан жок болгон. Бул өлкөнүн бир жылдык бюджетинин 7%. Жаңылбасам, саламаттыкты сактоого бир жылга бөлүнүүчү каражаттын жарымы. Биз Швециядагы прокурорлор менен байланыштык. Алар бардык документтерде Ариповдун колу бар экенин тастыкташты. Кылмыш иш ачылып, кайра токтотулган. Кызматтан кеткенден кийин ал бир окуу жайда сабак берип жүрдү. Бийликке ким келди деп сурасак, элдин көбү «белгилүү бир коррупционер келди» деп айтып жатышат.

Арипов вице-премьерликке Мажит Каримовдун ордуна келди. Каримов бул кызматка жаңы эле, 11-августта дайындалган болчу. Экс-президент дүйнө салбаса, балким, ордунда эле иштей бермек, эми жаңы жетекчинин жарлыгы менен ал билим министринин орун басары болуп которулду.

Мирзиёевдин соңку дайындоолорундагы элдин жана серепчилердин көңүлүн бурдурган экинчи адам – бул Рустам Касымов.

Касымов мындан ары Жогорку жана орто билим министрлигин жетектейт. Бирок дал ушул жаатта ишти эптей албаганы үчүн убагында Каримовдун каарына калган дейт журналист Шухрат Бабажанов:

- Бул киши 2-3 жыл мурда паракорлук боюнча 5-6 факт аныкталганда «сен бул тармакты эптей албадың» деп Каримов муну иштен алып таштаган.

Рустам Касымов тууралуу маалымат дүйнөнү бир сыйра дүрбөлөңгө салган WikiLeaks сайтына да чыккан. «Өзбекстандагы мамлекеттик кызматтардын соодасы» деген аталыш менен жарыяланган макалада ал 2006-жылы Өзбекстандагы кримчөйрөнүн аталыгы жана таасирдүү ишкер делген Салимбай Абдувалиев уюштурган чоң тойлордун бирине аялы экөө барып катышканы тууралуу баяндалат.

Өзбекстанды 27 жыл үзбөй башкарып келген Ислам Каримов 2-сентябрда 78 жашында дүйнө салды. Өлкөнүн Конституциясы боюнча президент каза болсо анын милдетин үч ай парламент төрагасы аткарып, андан кийин шайлоо өтүшү керек. Бирок 8-сентябрда Баш мыйзам одоно бузулуп, бул укук спикерге эмес, премьер-министр Мирзиёевге берилгенин серепчилер өзбек элитасынын ич ара макулдашуу, бийлик бөлүшүүсүнүн жыйынтыгы болду деп аташты.

Эми өлкөнү башкарууда эки тизгин бир чылбырды колго алган Мирзиёевдин соңку дайындоолору жогоруда баяндалган коррупция жана паракорлукка айыпталган министрлердин жетекчиси катары ал кыңыр иштерге жеке өзүнүн тиешеси бар болгонун айгинелейт дейт Шухрат Бабажанов:

- Мирзиёев премьер-министр кезде бул адамдар министр болчу. Эми «Каримов жок, падыша өлдү!» деп аларды кайра кайтарып алды.

59 жаштагы Шавкат Мирзиёев билими боюнча айыл чарба инженери. Өзбек өкмөтүн ал 2003-жылдан бери жетектеп келатат. Жакындан тааныгандар аны кыялы чорт, көздөгөнүн бербеген көк бет адам дешет.

Жизак облусунун губернатору болуп турган кезде айыл жергесиндеги кыйынчылыктарга арызданып келген фермерди элдин көзүнчө ур-токмокко алганы ал ачуусун тарта албаган адам экенинен да кабар берет дешет байкоочулар.

XS
SM
MD
LG