Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Каримовдун саламаттыгы кайрадан көңүл чордонунда


Өзбекстан президенти Ислам Каримовдун бир нече убакыттан бери элге көп чыкпай калышы анын жүрөгү кармап оор абалда жатат деген айың кептерге жем таштады. Президенттин кеңсеси бул маалыматты төгүнгө чыгарганы менен, андай имиштер Каримовдун ордун ким басат деген эски дискуссияны кайра жандандырды.

Өзбекстандын Мамлекеттик телеканалы 75 жаштагы Каримовду акыркы жолу 19-мартта Ташкенде Нооруз майрамында бийлеп жатканда көргөзгөн. Ошондон кийин президент калың элдин назарынан жок болуп, шаан шөкөттөн көп узабай инфаркт болуптур деген сөздөр тарап кетти.

Каримовдун Нооруздагы бийи

Каримовдун Нооруздагы бийи
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:45 0:00

Биринчилерден болуп мындай имиштерди жергиликтүү оппозиция илип алып, Өзбекстан Элдик кыймылынын бозгундагы лидери Мухаммад Салих президенттин оорусу тууралуу кабарды Ташкендеги бийликке жакын чөйрөдөн алганын “Азаттыкка” билдирди:

- Мен буга 100 процент ишенем. Ноорузду майрамдагандан кийин Каримовдун жүрөгү кармаптыр, ал азыр доктурлардын көзөмөлүндө жатыптыр деген маалыматты 3 булактан тастыкташты. Абалы жакшырганын, бирок дагы эле дарыланып атканын айтышты. Каримов жакшы болуп кетиши мүмкүн, бирок бул факт инфаркт болгонун жокко чыгарбайт. Биздин булактардан күмөн санабайм, алар абдан ишеничтүү.

Отко май тамызгансып, “Республика” деген көз карандысыз сайт атын атабаган булакка таянып, президенттин кенже кызы Лола Швейцариядан капысынан кайтып келгенин 16-мартта жазды.

К+ деген менчик канал болсо Каримов инфаркат болуп, ооруканага жаткызылган деген “Өзбекстандан түшкөн” кабарды таратты.

Расмий Ташкент демейдегидей эле этияттыгын көргөзүп, мамлекет башчынын администрациясындагы анонимдүү адам Орусиянын РИА новости агенттигине Каримов “адаттагыдай эле өзүн жакшы сезүүдө” деп билдирди.

Оппозициядагы Элдик кыймыл болсо имиштердин алдын алуу үчүн мамлекеттик маалымат каражаттарына архивдеги кадрларды пайдаланып, президенттин бийлегенин көргөзүү көрсөтмөсү берилгенин ырастоодо.

Каримовдун тун кызы Гүлнара Твиттерде атасынын саламаттыгына байланышкан суроого жооп берип Ноорузда “20 мүнөт бийлеген Каримовдун ооруганын болжолдоо – “таза макоолук” деп жазат. Жообун узаткандан кийин “каныке” Гүлнара Өзбекстан менен Ливандын футбол боюнча дүйнө чемпионатына иргөө матчына жөнөдү. Мурда беттешүүгө президент Каримовдун бараары жарыяланган.

Авторитардык режим өкүм сүргөн өлкөдө мамлекет башчынын оорусу анын ордун ким басат деген талкууларды кайра жандантты.

Адатта мураскерлер арасында 3 кишини атап келишет.

Эки талапкер - президенттин жакын чөйрөсүнөн чыккан премьер-министр Шавкат Мирзияев жана биринчи вице-премьер, финансы министри Рустам Азимов. Үчүнчүсү – Гулнара Каримова. 40 жаштагы ырчы жана дизайнердин саясатта тажрыйбасы жок болсо да, миллиарддаган долларлык үй-бүлөлүк бизнес империясын тескөөдө жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алды.

Каримовдун мураскери катары аталгандар: Гүлнара Каримова, азыркы премьер Шавкат Мирзоев, 1-вице Рустам Азимов жана бозгундагы өзбек оппозиция лидери Мухаммед Салих.
Каримовдун мураскери катары аталгандар: Гүлнара Каримова, азыркы премьер Шавкат Мирзоев, 1-вице Рустам Азимов жана бозгундагы өзбек оппозиция лидери Мухаммед Салих.


БУУнун Женевадагы мекемелеринде Ташкенттин элчилик кызматын аркалаган Каримова Өзбекстандагы соопчулук иштерине ыктап, социалдык тармактарда активдүүлүгү күндөн күнгө артууда. Муну менен президенттик ат салышта колдоо табууга аракеттенип жаткан жокпу деген спекуляцияларга жем таштады.

Экинчи жагынан, Гүлнаранын убактысынын көбүн мекенинде өткөрүшүнө Швеция менен Швейцарияда жүрүп жаткан тергөө түрткү берген болушу мүмкүн. Атап айтканда, Каримованын шериктери арам акчаны адалдоо үчүн айыпталууда. Гулнара ал иштерге тиешеси жоктугун айтып келатат.

Мураскер жөнүндөгү талаштарга анын блогдордогу жана Твиттердеги комментарийлери да чок таштады. Каримова Азимовду үй-бүлөөсү менен кошо коррупция үчүн айыптоодо. Ташкенттеги көпчүлүк аткаминерлердей эле президент кызынын интернеттеги күжүрмөндүгүн жактырбаган, Азимов болсо ага жооп кайтарган жок.

Ал тапта көңүлдүн бардыгы парламенттин кош палатасынын 28-мартта өтчү сессиясына бурулуп турган кез. Адатта анын ачылышында президент Каримов сөз сүйлөйт.

28-29-март күндөрү парламенттин биргелешкен сессиясы башталат. Президент кааласа, конституцияга жана президент жөнүндөгү мыйзамга ылайык, жыйынга катыша алат. Кудайга шүгүр, бардыгы тынч , бардыгынын ден соолугу жакшы. Бардык элдер 100гө чыкса, президентибиз болсо 150гө жетсин деп тилейбиз, - дейт Сенаттын депутаты Светлана Ортыкова “Азаттыкка”.

XS
SM
MD
LG