Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:58

Швецияда өзбектер ИМге көмөктөшкөн деп кармалды


Швецияда өзбекстандык төрт киши каржылык кылмыштарга байланыштуу жана өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган экстремисттик топко акчалай жардам берип жүргөнү үчүн айыпталууда.

Алар борбор калаа Стокгольм шаарынын айланасында жашашкан жана Швециянын жарандыгын алган.

Кармалгандар боюнча тергөө жүргүзүп жаткан Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгынын маалыматына ылайык, түбү өзбекстандык болгон төрт киши салыктан качып, мыйзамсыз жол менен акча таап, кирешесин Сириядагы “Ислам мамлекети” тобуна жөнөтүп турган. Алар 17-февраль күнү колго түшкөнүн Dagens Nyheter гезити жазып чыкты. Тергөөгө байланыштуу кармалгандардын аты-жөнү ачык айтылбайт.

Шектүүлөрдүн бири 32 жаштагы айым, калгандары эркек кишилер. Эң улуусу 51, дагы экөө 32-34 жаштарда.

Окуяны иликтеп жаткан ТТ (жергиликтүү маалымат) агенттигинин кабарчысы Малин Экмарктын “Азаттыкка” айтымында, алар шейшемби күнү Стокгольмдун эки аймагында жүргүзүлгөн операциянын алкагында колго түшкөн:

- Бизге маалым болгондой, Швециянын күч кызматкерлери шейшемби күнү төрт кишини кармаган. Алар салык төлөөдөн качып жүргөнү айтылууда. Ал эми Dagens Nyheter гезити өз иликтөөлөрүнө таянып, колго түшкөндөр Сириядагы “Ислам мамлекети” тобуна акча жиберип турганын жазып чыгышты. Бирок расмийлер бул кабарды тастыктаган да, четке каккан да жок.

Ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгынын ушул ишти карап жаткан тергөөчүсү Ингела Оглен “Азаттыктын” суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.

Журналист Малин Экмарк кармалгандардын үчөө Швециянын жарандыгын алганын, бирөө Өзбекстандын атуулу экендигин билдирди.

- Кармалгандар Стокгольмдо жашаган. Аларга таандык бир канча фирма болгон. Ал фирмалардын бири тазалоо иштери менен алектенген.

Учурда колго түшкөн өзбектерге таандык алты фирма текшерилип жатат. Алардын бири чындап эле таштандыларды тазалоо иштери менен алектенет жана өткөн жылдын өзүндө эле 160 миң швед крону же 19 миң АКШ доллары өлчөмүндө салык төлөөдөн качкан.

Швеция өзбекстандык качкындар, айрыкча диний көз карашынан улам өкмөттүн кара тизмесине илингендердин баш калкалоочу дарегине айланган.

Макаланы өзбек тилинен Санжар Эралиев которду.

XS
SM
MD
LG