Бул күн меши 1981-жылы курулган. Ташкенттен чыгышты көздөй 50 чакырым алыс жайгашкан.
Күн меши совет доорунда өтө жашыруун объект болгон, 2009-жылга чейин катуу кайтарууда турган.
Бул меш таза энергияны өндүрүү жана жогорку температурада материалдардын курамын изилдөө үчүн керек.
Меште 62 ири гелиостат орнотулган. Күндүн нуру ылдыйдагы гелиостаттардын күзгүлөрүнүн жардамы менен чогултулуп, ийилчээк чоң күзгүгө – концентраторго жөнөтүлөт.
Шахмат тактасына окшош, 10 миң 700 күзгүдөн турган концентратордун чок ортосундагы терезе.
Ийилген ири күзгүдөгү нурлар технологиялык мунарага багытталат.
Саат 11:00-13:00кө чейин күн чайыттай тийет. Бул маалда мештеги температура 3000 градус Целсийге чейин жетет. Мындай ысыкка темирди, болотту керек болсо отко чыдамдуу титанды да эритсе болот.
Бул объектте мындан сырткары керамикалык бөлүкчөлөр жасалат.
Меш Советтер Союзунда концентрацияланган күндүн радиациясын колдонуп, ар кандай материалдарды жасоо үчүн колдонулган. Жогорку технологиялык өндүрүштө андай материалдардан керамикалык жабдыктар жасалып келген.
Бүгүнкү күндө меш чет өлкөдөн да өндүрүштүк буйрутмаларды алат.
Объектте 21 жыл иштеген изилдөөчү концентратордун биринин күчүн көрсөтүп жатат. 1-2 секунда ичинде бул таякча түтөй баштады.
Имараттын ичиндеги айнектен жасалган асма шамдын (люстра) салмагы 3.5 тонна.
Изилдөөчү материалдардын түзүлүшүнө анализ жасап жаткан учур. Азыр бул объектте 160ка жакын киши иштейт. Совет доорунда 1,500 киши иштеген.
Объекттин ичинде бомбадан жашына турган жай да бар.
Советтер Союзунан жана башка өлкөлөрдөн чогултулган изилдөөлөргө байланыштуу китептер ушул жерде сакталат.
Буга окшогон меш 1969-жылы Францияда биринчи болуп ачылган.
Концентратордун жогорудан көрүнүшү.
Меш бул жерге жер кыртышы катуу болгону үчүн курулган. Кыртыштын катуулугу бул жердеги жабдыктарды сейсмикалык таасирден сактап турат. Өзбекстанда жыл сайын ондогон жер титирөө катталат.
Ири күзгүлөрдүн айрымдары иштебейт.
Тоонун таза абасы жана күндүн чайыттай тийип турушу дагы күн мешинин дал ушул жерге курулушуна себеп болгон.
Концентраторлордун кире беришиндеги үч тилде жазылган эскертүү белгиси.
Таңкалычтуусу, кыштын ачык күндөрүндө мештеги температура өтө жогору болот. Жайкысын мындай эмес.
Учуп бараткан куш. Аркасында ири концентратор турат.
Эгерде “куштар мештин чок ортосуна учуп барса эмне болот?” деп сурасаңыз, бул жерде иштегендер “шишкебек” деп жооп берет.
Меш иштеп жатканда күзгүлөр күн нурун концентраторго багыттап турушат.
Изилдөөчү бул күн мешинин негизги артыкчылыгы - анын экологиялык жактан тазалыгында дейт. Отун менен күйгөн башка мештердей болуп ар кандай уулуу заттарды абага бөлүп чыгарбайт.
Ошондой эле температураны тез өзгөртө алган касиетке ээ.
Жумушчу тепкичтер менен жогору карай чыгып баратат.
Күн мешинин кемчиликтери да жетиштүү. Мисалы, күн бүркөк болсо меш бир канча күнгө чейин иштебей туруп калат.
Меш иштеп жатканда температураны көзөмөлдөөчү көрсөткүчтүн - (датчик) (сүрөттүн ортосунда) жанында турган жумушчулар.
Концентратордун тигил бетиндеги лифттин шахтасы. Анын үстүндө эч кандай техникалык ролду аткарбаган жөн эле архитектуралык объект турат.
Концентратордун имаратынын ичиндеги жумушчу.
Күн мешинин жанындагы айылдын жашоочусу бул жерге акыркы учурда туристтер көп келе баштаганын айтты.
Мурда бул жерде ракеталардын жана ар кандай согуш куралдарынын бөлүкчөлөрү жасалчу. Объект тууралуу өрөөндөгү жергиликтүү тургундар жана чабандар билишчү эмес.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.