Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Мигрант жигит ата-энесин өрттөдү


Иллюстрация
Иллюстрация

Өзбекстандын Бухара облусунда 47 жаштагы бир жаран 70тен ашкан өзүнүн ата-энесинин үстүнө бензин чачып, от коюп жиберди. Бул кошуна өлкөдө соңку кездери өз жакындарынын өмүрүнө кол салган бирин-серин окуя эмес. Адистер мындай окуяларга көбүнчө жашоо-шарттын начардыгы, жетишпеген турмуш себеп болуп жатканын айтууда.

Бухаранын Пешку районундагы Денов айылында болгон мындай мыкаачылык ушул аптанын башында белгилүү болду. Маалыматтарга караганда, 47 жаштагы Фарход Эгамов өз ата-энесине от койгон соң качып кетип, кийинчерээк колго түшкөн. Ал азыр камакта. Жабырланган кемпир-чал ошол окуя болгон 29-январь күнү эле оор абалда ооруканага жеткирилген.

Окуяга күбө болгон жергиликтүү тургундардын биринин айтышынча, ата-эне менен баланын ортосундагы чатакка акча себеп болгон:

- Алардын уулу Орусияда эки жыл иштеп, атасына акча салып турган экен. Анан Орусияда иши жүрүшпөй калган соң Бухарага кайтып келип, атасынан акча сураса бербей койгон. Атасы бирөөлөргө үстөккө акча берип жүрчү. Анан сүткор атасы акча бербей койгонуна ачууланган уулу атасы менен анын жанында турган энесинин үстүнө бөтөлкөдөгү бензинди чачып, от коюп жиберет, - деди "Азаттыктын" өзбек кызматына атын ачык айткысы келбеген жергиликтүү тургундардын бири.

Бухара облустук укук коргоо мекемелериндеги булактар ата-энесине от койгон жаран Фарход Эгамовго адам өмүрүнө кол салуу аракети боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

- Фарход Орусиядан жакында эле келиптир. Атасынан акча сураса бербей койгон экен. Тергөө учурунда ал бул ишке мас абалында барганын жана азыр ага бушайман болуп жатканын айткан. Азыр камакта. Бактыга жараша, 72 жаштагы атасы Носир Эгамов менен 71 жаштагы энеси Шабон Эгамова аман калган. Азыр алар ооруканада, - деди облустук укук коргоо органдарында иштеген бир кызматкер.

Өзбекстанда өз жакындарынын өмүрүнө кол салган мындай окуялар соңку убакта тез-тез кайталанууда. Үч ай мурда Хорезм облусундагы Гойбу айылында жашаган 30 жаштагы бир келин эки баласын бычактап салган. Натыйжада жети жаштагы кызы жарык дүйнө менен кош айтышып, 10 жаштагы уулу оор жараланган. Ал жетишпеген турмуштан ушул кадамга барганы айтылган. Былтыр июлда Самарканд облусунда бир аял ичкич күйөөсүн бычактап өлтүргөн. Өткөн жылдын февралында Навойи облусунда 28 жаштагы аял өз атасын балта менен чаап өлтүрүүгө шектелип, камакка алынган. Тергөөдө ал үй-бүлөлүк келишпестиктен чыккан жаңжалда атасына кол салганы белгилүү болгон.

Адистер мындай окуялардын себебин социалдык маселелерден көрүүдө. Алар жашоо-шарттын начардыгынан, жетишпеген турмуштан чыккан чыңалуулар адамдарды ушундай кадамга түрткөн себептердин бири экенин айтышат.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG