Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Өзбекстан: шаарды өзгөрткөн шайлоо шааниси


Каримовдун үгүт жарнагы
Каримовдун үгүт жарнагы

Өзбекстанда президенттик үгүт өнөктүгү жүрүп жатат. 29-мартта белгиленген шайлоо алдында президенттикке кайрадан аттанган Ислам Каримов өлкө аймактарын кыдырууда.

77 жаштагы талапкер барчу аймактарда массалык ишембиликтер өткөрүлүп, көчөлөр оңдолуп, үйлөрдүн чатырлары алмаштырылып, президентке көрүнүп калуу аракети жүрүп жатат.

Үгүт кампаниясынын алкагында учурдагы президент Ислам Каримов өлкө аймактарын кыдырып, шайлоочулар менен жолугушууда.

“Азаттыктын” өзбек кызматы жазгандай, Каримов барчу аймактардын бийликтери президенттин сапарына даярдык көрүшүп, көчөлөрдү асфальттап, чоң жол боюндагы үйлөрдүн чатырларына чейин алмаштырууда. Мындай даярдыкка буга чейин Кашкадарыя, Бухара, Анжиян жана Жизак дубандарынын жашоочулары күбө болду.

Өлкө башчынын кызыл тунукелүү чатырларды жактырганын билген аталган аймактардын жетекчилери Каримов өтчү көчөлөрдөгү айрым үйлөрдүн чатырларын алмаштырууга жетишкен. Президенттин сапары алдындагы Жизактагы өзгөрүүлөр тууралуу аталган аймактын жашоочусу Мамыржан Азимов "Азаттыкка" төмөнкүлөрдү айтып берди:

- Президент келердин алдында катуу даярдык жүрдү. Борбор жактагы үйлөрдүн чатырлары жаңыртылып, тунуке менен кайра жабылды. Бир көргөн киши ырахат алчудай. Бирок жакшылап карап көрсөң, көчө тарабы эле, эл көрчү жагы эле жаңыртылган. Көчөлөрдүн айрым бөлүктөрү асфальтталып калганын да байкадым.

Ал эми президенттикке башка талапкерлердин калк менен жолугушуусуна мындай шарт түзүлбөгөнүн Азимов кошумчалады.

Дал ушундай эле даярдык Сырдарыя облусунун борбору Гүлистан шаарында да болгон. Шаар тургундарынын кабарлашынча, президент келет делгенден бери калаанын борбордук көчөлөрү тазаланып, өңү өчкөн дубалдар кайрадан сырдалып, жолдогу жыртык-тешиктерге асфальт төшөлүп жатат. Атүгүл негизги көчө боюндагы турак үйлөрдүн терезесин пластикке алмаштырууга мажбурлап жатканын тургундардын бири телефон аркылуу "Азаттыкка” кабарлаган.

Ошол эле учурда президенттин сапарынын алдында аймактарда массалык ишембиликтер уюштурулуп, ага мамлекеттик кызматкерлер, студент, окуучулар тартылууда. Ошондой эле аймактардагы коопсуздук чаралары күчөтүлүп, президент барчу шаарларга бир күн бою унааларды киргизбей койгон учурлар болгон.

Активисттер президент менен жолугушууга тандалган гана адамдар катышып, алар алдын-ала даярдалган суроолорду берүү мүмкүнчүлүгү бар экенин билдиришүүдө.

Өзбекстанда президенттик шайлоо 29-мартта өтөт. Президенттикке талапкер катары учурдагы мамлекет башчыга атаандаш катары дагы үч саясий партиянын лидери көргөзүлгөн. Бейшембиден тарта шайлоого эртелей добуш берүү башталды. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиргендей, бул жараян 27-мартка чейин уланат.

Быйылкы шайлоого тушташ Өзбекстандын бозгундагы оппозициячыл активисттери да Интернетте виртуалдык шайлоо уюштурушууда.

Алар түзгөн виртуалдык шайлоо комиссиясы президенттикке 12 талапкерди каттаган. Алардын арасында бозгунда жүргөн саясий активисттер, укук коргоочулар жана Каримовго расмий атаандаш болуп, БШКнын каттоосунан өткөн Хатамжан Кетмонов, Наримон Умаров, Акмал Саидов бар.

Бирок 17-марттан тарта аталган комиссиянын сайтына хакердик чабуулдар болуп, ачылбай жатат. Виртуалдык шайлоо комиссиясынын төрайымы, укук коргоочу МутабарТажибоева “Азаттыктын” өзбек кызматына бул чабуулдун артында Өзбекстандын коопсуздук органдары турушу мүмкүн деген божомолун айтты:

- Албетте, бул хакердик чабуул. Биздин сайтка хостинг берген компания өкүлдөрү белгисиз бир IP-даректен чабуул болду деп билдиришти. Биз ал даректи текшерсек, өчүрүлгөн деп чыкты. Менин пикиримде, биздин сайтка акыркы учурда абдан көп кишилер кирип, өз добуштарын берип башташкан. Каримов менен атаандаш болгон үч талапкерге да добуштар берилип, буга олуттуу карагандар көбөйгөн. Ушундан улам бизге тоскоолдуктар кыла баштады деген себепти көрүп жатам.

Ошентип, Өзбекстанда президенттик шайлоого бир апта убакыт калды. Бул шайлоодо өлкөнү чейрек кылымдан бери башкарып келаткан 77 жаштагы Ислам Каримов кайра эле жеңип чыгары күтүлүүдө. Анткени Каримовго атаандаш болгусу келген үч саясатчынын талапкерлиги альтернативдүү шайлоо өттү деп, жымсалдоо үчүн гана жасалып жатканын саясат таануучулар белгилешет.

Эл аралык байкоочулар Өзбекстандын буга чейинки шайлоолорунун бирин да ачык, адилет жана демократиялуу өттү деп тааныган эмес.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG