Каримова тууралуу үстүдөгү кабар Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө борбору жарыялаган баяндамада айтылат. Анда Каримова Өзбекстанда иштеген Батыштын уюлдук компанияларынан өлкөгө киргени үчүн ортомчулар аркылуу ири каражаттарды алып турганы жазылган. Бир жылдан бери үй камагында отурганы айтылган Каримовага каршы буга чейин Швейцария менен Швецияда тергөө башталган эле.
Баш кеңсеси Сараеводо жайгашкан журналисттик иликтөө уюму белгилегендей, документтер Гүлнара Каримова аралашты деп шектелген коррупциялык иштердин масштабы мурда маалымдалгандан кыйла кеңири экенин көргөзүүдө. Уюмдун эсебинде, чет элдик, анын ичинде Батыштын телекоммуникация компаниялары Өзбекстандын базарына кирген учурда Каримовага ортомчулар аркылуу пара жана үлүш иретинде бир миллиард долларга чейин каражат берген. Алардын арасында Орусиянын МТС, Швециянын TeliaSonera, баш кеңсеси Амстердамда жайгашкан Vimpelcom жана Eastwell сыяктуу компаниялары бар.
Баяндаманы даярдаган топтун жетекчиси Миранда Патручич иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:
- Гүлнара Каримова өлкөдөгү телекоммуникациялык компаниялардан 1 миллиард долларга жакын каражат алган. Бул сандар Каримова мурда айтылып жүргөндөн дагы ашынган ачкөз, коррупциянын масштабы болсо биз ойлогондон да кеңири экенин көрсөтөт. Бул документте 2001-жылы Гүлнара Каримова Өзбекстанга кайтып келгенден тарта ээлик кылган бардык каражаттары тууралуу маалыматтар камтылган. Биз дагы мындай иштер кантип жүргүзүлгөнүн иликтедик. Ал атасынын бийлигинен ашкере пайдаланып, ар кандай былыктарды зордук менен ишке ашырган экен.
Бул баяндаманы борбордун эксперти Миранда Патручич жетектеген ондон ашык журналист даярдаган. Алар үч жылга жакын миңдеген документтерди көтөрүп чыгышкан. Патручич иликтөө абдан дыкат жүргүзүлгөнүн билдирет:
- Мен бул иликтөөнү 2012-жылы баштагам. Анда 10 адамдан турган чакан топ иштеди. Алар бул ишке тиешелүү дүйнөнүн бардык тараптарына барып, төлөнгөн акча каражаттардын эсебин иликтеп, миңден ашык документ топтолгон. Документтерди иликтөөгө үч жылдан ашык убакыт кетти. Алар дыкаттык менен иликтенип, жөнөкөй адамдарга түшүнүктүү тилде жарыяланды.
Баяндамага ылайык, миллиондогон доллар Гүлнара Каримованын банктагы эсептерине түшүп турган. Бул үчүн Каримова уюлдук компаниялардын Өзбекстанда 3G лицензия алуу, оптикалык куурларды төшөө, WiMAX жана WiFi түйүндөрүн орнотуу тармактарында иштөөсүнө шарт түзүп берген. “Гүлнара талаптарына көнбөгөн компанияларды "жаптырып салам" деп коркутуп-үркүткөн. Ал аталган ишканалардан эч кандай акысы жок үлүштөрдү талап кылган. Адатта анын үлүшү 26 пайызга чейин болгон” деп жазылат баяндамада.
Каримованын айтканына көнбөй, анын каарына калгандардын катарында Өзбекстандан кетүүгө аргасыз болгон COSCOM ишканасы аталат.
Ошондой эле баяндамада 2001-жылдан берки Гүлнара Каримованын телекоммуникация тармагынан тапкан кирешеси эсептелген. Жакынкы айларда ал кирешелелер боюнча өзүнчө отчет жарыяланары айтылды. Ошондой эле журналисттик иликтөө борбору Каримованын ондогон банктар менен инвестициялык фонддордо сакталган жүз миллиондогон долларын ачыкка чыгарууну убада кылууда. Мындай жол менен журналисттер өзбек президентинин кызынын коомчулукка билинбеген “толгон-токой былыктары” көп экенин айтып жатышат.
Бир кезде атасы Ислам Каримовдун мураскери болот деп болжолдонгон, 42 жаштагы Гүлнара өткөн жылдан тарта бийлик, бизнес жана маданий чөйрөдөн четтеп, үй камагына алынганы маалымдалган. Маалыматтарга караганда, Гүлнара кызы менен дагы деле үй камагында.
Арам акчаны адалдоо фактылары боюнча учурда Швейцария менен Швецияда жүрүп жаткан тергөө Гүлнара Каримованын ысымы менен байланыштуу. Мындан сырткары өзбекстандык эрке айымдын Франциядагы 28 миллион долларлык мүлкү камакка алынган.
Өзбекстандын өзүндө да Гүлнара Каримова кылмышка шектүү катары аталып, аны менен кызматташкандардын бир нечеси түрмөгө түшкөн.