Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Губернатор менен курулушчулар камалды


Самарканддагы милиция кызматкери.
Самарканддагы милиция кызматкери.

Самарканд облусунун башчысы "курулушка уруксат берүүдө ири өлчөмдө пара алган" деген айып менен өткөн жумада камакка алынды.

Мындан сырткары, "облус жетекчисине пара берип, иш алып барган" деген негизде 28 курулуш мекемелеринин жетекчилери кармалып, сурак берип жаткан кези. Кылмыш ишине тиешелүү ондогон жетекчилер чет өлкөгө чыгып кеткендиги да айтылууда.

Аймактык ички иштер бөлүмүндөгү кызматкердин “Азаттык” радиосунун өзбек кызматына берген маалыматына караганда, азыркы убакта Самаркандда жогорудагы кылмыш иштерин териштирген үч тергөө тобу иштеп жатат.

Самарканд облусунун мурунку губернатору Туробжон Жураев.
Самарканд облусунун мурунку губернатору Туробжон Жураев.

- Аймакта азыр Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын раиси Иктиер Абдуллаев, ички иштер министри Пулат Бобожонов жана башкы прокурор Отабек Мурадов көзөмөлдөгөн үч тергөө тобу иштеп жатат. Мурунку облус губернатору Турабжон Жураевге пара берип, үй курулушуна уруксат алган 28 курулуш мекемесинин жетекчилери сурак берүүдө. Мурунку облус жетекчисинин камакка алынган капиталдык курулуш боюнча орун басары Өткүр Абдуллаевдин бөгөт чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылды. Анын милдетин убактылуу Шункар Худайбердиев аткарууда, - деди укук коргоо кызматкери.

Жогорудагы кылмыш иштерге байланыштуу облус жетекчисинин курулуш иштери боюнча адиси жана жардамчысы да кармалып, кийин коё берилген. Аларга "тарыхый шаарга жети жана тогуз кабаттуу үйлөрдүн курулушуна мыйзамсыз уруксат берген жана пара алган" деген күнөө коюлууда.

Самарканд шаарынын тарыхый бөлүгүндөгү жарым-жартылай бузулган имарат.
Самарканд шаарынын тарыхый бөлүгүндөгү жарым-жартылай бузулган имарат.

Өзбекстандын Маданият министрлигинин Самарканд облустук башкармалыгынын кызматкеринин билдирүүсүнө ылайык, Самарканд ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине кирген. Ал тарыхый шаарга көп кабаттуу бийик үйлөрдү курууга тыюу салынганын билип туруп, облус жетекчиси курулушка уруксат бергенин айтты:

- Жетекчинин өзүм билемдик мамилесинен улам тарыхый-маданий объектилердин бир тобу бузулуп кетти. Самарканд туристтер эңсеген эски тарыхый шаар макамын жоготуу коркунучунда калган. Туристтер Самаркандга көп кабаттуу үйлөрдү эмес, тарыхый жайларды көрүш үчүн келишет. Бул жагдайды азыр камакта жаткан жетекчилер эске алышкан эмес.

"Губернатор иш бөлмөсүндө миллион доллар сактаган"

Тергөө ишин алып барып жаткан укук коргоо органдарындагы кызматкердин айтымында, териштирүү учурунда кагазда гана бар, бирок иштебеген 3,5 миңге жакын компания аныкталган.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

- Банкта да эч кандай өздүк эсеби жок бул жалган компаниялар атайылап акчанын изин жашыруу максатында ачылган. Учурда ондон ашык курулуш компанияларынын жетекчилери эс алганы Түркияга, Чехияга, Испанияга, Орусияга кетип калышкан жана аларга чакыруу кагазы берилди. Кылмыш ишинин материалдарында ошол адамдар облус жетекчисине конверт менен доллар бергени тууралуу көрсөтмөлөр бар. Атайын операция учурунда губернатордун иш бөлмөсүндөгү сейфтен миллион доллар акча табылды. Самарканддын мурунку губернатору ал акчанын баарын пара катары алганын мойнуна алды.

Ушул жылдын 10-июлунан бери камакта кармалып жаткан Самарканддын мурунку губернатору Туробжон Жураевдин жакындары ал тергөөдө кыйноого кабылып жатканын айтышууда. Алар Жураевди эки тергөө тобу суракка алып, ага басым көрсөтүү аркылуу бардык күнөөлөрдү мойнуна алдырып жатышат деп эсептешет.

“Ишкерлер үйлөрдүн бузулушун угуп, эстен танып жатышат”

ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесиндеги Самарканддын Мираншак көчөсүнө курулган жети кабаттуу үй Умар Ражабов жетекчилик кылган курулуш компаниясына тиешелүү. Ал 18-июлда үйдү бузууга келген кызматкерлер менен талашып-тартышып жатып, эс-үчүн жоготкон абалда ооруканага түштү. Ал бул көп кабаттуу үй жумушчулардын эсебинен курулганын айтат.

Самаркандга жаңы дайындалган губернатор мыйзамсыз салынган бир топ көп кабаттуу үйлөрдү бузууга буйрук берди. Алардын катарында ЮНЕСКОнун тизмесиндеги Бостонсарай, Шохрух, Арзуу көчөлөрүндөгү жаңыдан салынган үйлөрдүн ээлери да суракка чакырылган. Мындан сырткары, "көп кабаттуу үйлөрдү курууда коррупциялык иштерге аралашкан" деген бир топ кызматкерлерге сыртка чыгууга тыюу салынды.

52 жаштагы Туробжон Жураев 2017-жылдын июнь айынан бери Самарканд облусун жетектеп келген. Башкы прокуратура ага "Коррупция" беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Анткени Самаркандга көп кабаттуу үй салган ишкерлер тергөө учурунда губернаторго уруксат алыш үчүн ири суммада пара бергенин айтышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG