Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:32

Темир көшөгөнү эриткен пианист


Ван Клиберн 2009-жылы Москвадагы маалымат жыйынында
Ван Клиберн 2009-жылы Москвадагы маалымат жыйынында

Бир кезде Советтер Союзундагы эң атактуу америкалык музыкантка айланган таланттуу пианист Ван Клиберн 78 жашында дүйнө салды.

Музыка, искусство, өнөр – чек ара, улут, саясий системаны тааныбай турган, тескерисинче, адамзатты бириктире турган көпүрө экенин дал ушул Ван Клиберндин чыгармачыл тагдыры далилдей алат.

1958-жыл. Москва менен Вашингтон кырчылдашып атаандашып турган мезгилде жаш, абдан таланттуу америкалык пианист Ван Клиберн П. И. Чайковский атындагы эл аралык эң алгачкы сынакта угарман-көрөрмандардын көңүлүн дароо өзүнө бурат. Чайковскийдин пианино үчүн эң татаал чыгармаларынын бири – оркестрдин коштоосундагы 1-концертин ал өзгөчө бир романтикалуу, терең эмоционалдуу деңгээлде аткарып жатты.

Калыстар тобу – ысымдары темир көшөгөнү эбак жарып өтүп, дүйнөгө тараган советтик алп музыканттар Дмитрий Шостакович, Эмиль Гилельс жана Святослав Рихтер эле. Таланттуу америкалык пианисттин аткаруусу залды дүркүрөгөн кол чабууларга бөлөгөнүн көргөндө алар Чайковскийдин музыкасын жаңы деңгээлге көтөргөн Ван Клибернге 1-орунду ыйгарсак калпыстык кетпейби деп айласы кеткенде ал кездеги Кремлдин кожоюну Никита Хрущевдон да уруксат алышкан экен.


Клиберн 1958-жылы Чайковский атындагы конкурс маалында
Клиберн 1958-жылы Чайковский атындагы конкурс маалында
Ошентип, саясий кастык күчөп турганына карабастан, америкалык пианист Советтер Союзундагы башкы эл аралык конкурстун жеңүүчүсү аталат. Анын атагы дароо Американын өзүндө да тарап, советтик дирижер Кирилл Кондрашин башкарган оркестрдин коштоосундагы концерт жазылган пластинка – Батышта миллиондон ашуун нускада сатылган алгачкы классикалык музыка альбому болуп калды. Советтер Союзундагы классикалык музыка деңгээлин жогору баалаган Клиберн кийин да далай ирет коммунисттик империяга барып, бир нече жолу концерт берген.


2008-жылы анын эл аралык атак-даңкына чыйыр салган Москвадагы конкурстун 50 жылдыгында Ван Клиберн ал окуяларды эскерип: “Укмуштай эле окуя болгон. Калыстар тобундагы Шостакович, Гилельс, Рихтердин алдында аткарып жатып аябай толкундангам. Залдагы элди ойлобой эле ушул үчөөнөн коркконумду айтпа. Алар менен өткөргөн мезгилим мен үчүн ушунчалык баалуу, андай керемет адамдар чанда кездешет” деген эле.

Өмүрүнүн аягына дейре Клиберн АКШнын Техас штатында жашап, өзүнүн ысымын алып жүргөн эл аралык пианисттер конкурсун уюштуруп келди. 27-февралда көз жумган музыканттын жакындарына көңүл айткан Орусия президенти Владимир Путин: “Ван Клиберн – орус элинин досу катары эсте калат” деп билдирди.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG