Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:00

Венесуэла аза күтүүдө

Венесуэла -- Уга Чавестин бир тарапкери анын каза болгонун уккан соң сүрөтүн көтөрүп, ыйлап турат. Каракас, 5-март, 2013.

Венесуэла президенти Уго Чавес дүйнө салганына байланыштуу аза күтүп жатат. 58 жаштагы Чавес рак илдетинен кечээ каза тапкан.

Мындан улам Уго Чавестин саясатчы катары ишмердигине Түштүк Америка жана Чавеске өнөктөш болгон Азия менен Европа лидерлери, эл аралык медиа баа берип жатат.

Түштүк Американын эң карама-каршылыктуу жана солчул саясатчылар арасынан эң жалындуусу деп саналган, кезинде бийликке бир ирет аскерий төңкөрүш аркылуу жетүүгө аракеттеннген Чавес Венесуэланы акыркы он төрт жыл бою башкарды.

Соңку эки жылга жакын мезгил ичинде рак илдети менен алышты.

Чавес көзү тирүүсүндө эле мураскер катары тандаган вице-президент Николас Мадуро комендант дүйнөдөн өткөнүн жарыялап жатып, анын осуяттарын коргоону, сактоону убада кылды:

- Биз аны өмүрүбүздүн акыркы күнүнө чейин жоктойбуз. Бирок биз бул жерде анын мурасына кам көрөбүз, аны күчтүн жардамы менен ишке ашырабыз. Биздин эл билип койсун, комендантыбыздын демократиялык, ыңкылапчыл, анти-империалисттик, социалисттик мурасы чечкиндүүлүк жана ага толук берилгендик менен ишке ашырылат.

Маркумдун Түштүк Америкадагы өнөктөштөрү Чавестин өлүмүн чоң жоготуу деп аташты.

Венесуэла өзү жети күндүк аза күтүү жарыяласа, коңшулардан Куба, Эквадор үч күн аза күтөт.

Чавестин аймактагы өнөктөштөрүнүн дагы бири – Никарагуанын президенти Даниэль Ортега:

- Биздин Венесуэладагы бир туугандарыбыз, баарыңарга көңүл айтып тилектештик билдиребиз. Бирок Чавести сатпоо, күрөштү улантуу, күч кубатты дагы арттыруу үчүн биздин тилектештигибиз жана көңүл айтуубуз уланат. Токтобой турган күрөштүн натыйжасы – биздин элдин биримдиги жана ал көтөргөн тууну бийик кармоо. Бул - Латын Америка менен Кариб боюндагы эркиндиктин, тынчтыктын, адилеттиктин, биримдиктин туусу.

Чавестин океандын бери жагындагы өнөктөштөрүнөн орус президенти Владимир Путин маркумду “сейрек кездешүүчү күчтүү инсан “ деп атап, ал Орусия –Венесуэла алакасы өнүгүшүнө олуттуу салым кошконун эске салды.

Азиядан Иран президенти Махмуд Ахмадинежад Чавес “шектүү оорудан”
“шейит” кеткенин, ал кайра жарык дүйнөгө кайтып келерин белгиледи. Кытай “чоң дос” деп сыпаттады.

Чавестин бийлиги учурунда АКШ менен Венесуэланын мамилеси начарлаган эле. Венесуэла лидери АКШнын мурдагы президенти Жорж Бушту БУУнун трибунасынан “шайтан” деп атап, Вашингтондун саясатын “империалисттик” деп баалап жүргөн.

Вице-президент Мадуро ушул шейшембиде өлкөдөн америкалык эки дипломат чыгарылганын жарыялаган. Муну менен ал Вашингтон Чавестин өлүмү үчүн кандайдыр бир деңгээлде тиешеси бардыгын ишара кылды. АКШ жогорудагы айыптарды “абсурд” деп четке какты.

Президент Барак Обама АКШнын Венесуэла элине колдоосун жана Вашингтон Венесуэла өкмөтү менен конструктивдүү мамилени өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Британиянын Financial Times гезити Чавестин дүйнө салышына арналган макаласында аны бийликти “мунай дипломатиясы аркылуу курган популист” саясатчы деп мүнөздөдү.

Венесуэла мунай-газга бай мамлекет экенине карабай, жумушсуздук жана жакырчылык өлкөдө азырынча кеңири жайылган көрүнүш.

Чавести акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү жума күнү өтөт. Ага чейин анын сөөгү салынган табыт коомчулуктун коштошуусу үчүн коюлат.

Чавес 2011-жылдын орто ченинен бери Кубада рак илдетинен төрт жолу операция болгон. Акыркы операция - 11-декабрдан бери коомчулукка чыккан эмес. Былтыр октябрда төртүнчү мөөнөткө кайра шайланганы менен оорусунан улам ант бере албай койгон.

Жашы элүүдөгү вице-президент Николас Мадуро отуз күн аралыгында өткөрүлүүчү жаңы шайлоого чейин өлкөнү убактысынча башкарат. Ал саясатка келгенге чейин мурда автобус айдаган, профсоюз лидери болгон.

Мадуро алдыдагы шайлоодо оппозиция лидери, өлкөнүн экинчи ири штаты –Миранданын губернатору Энрике Каприлес менен атаандашат деп күтүлүүдө. Кырк жаштагы Каприлес былтыр октябрда Чавеске уттуруп койгон.

Коменданте Чавес сүрөттөрдө

Уго Чавес Аскерий академияда. Каракас, 1971
1/26 Уго Чавес Аскерий академияда. Каракас, 1971
5-мартта Венесуэланы 14 жыл башкарган президент Уго Чавес 58 жашында дүйнөдөн кайтты. Чавес бийликке 1999-жылы келген. 2012-жылы октябрь айында кайра президенттикке шайланган Чавестин инаугурациясы ушул жылдын 10-январына белгиленген. Бирок анын саламаттыгына байланыштуу өлкөнүн Жогорку Соту ант берүү аземин кийинкиге калтырган.
Уго Чавес энеси Eлена Фриаз жана атасы Уго де лос Рейес Чавес менен
2/26 Уго Чавес энеси Eлена Фриаз жана атасы Уго де лос Рейес Чавес менен
5-мартта Венесуэланы 14 жыл башкарган президент Уго Чавес 58 жашында дүйнөдөн кайтты. Чавес бийликке 1999-жылы келген. 2012-жылы октябрь айында кайра президенттикке шайланган Чавестин инаугурациясы ушул жылдын 10-январына белгиленген. Бирок анын саламаттыгына байланыштуу өлкөнүн Жогорку Соту ант берүү аземин кийинкиге калтырган.
Аскерий академиянын бүтүрүүчүсү лейтенант Уго Чавес, 1975
3/26 Аскерий академиянын бүтүрүүчүсү лейтенант Уго Чавес, 1975
5-мартта Венесуэланы 14 жыл башкарган президент Уго Чавес 58 жашында дүйнөдөн кайтты. Чавес бийликке 1999-жылы келген. 2012-жылы октябрь айында кайра президенттикке шайланган Чавестин инаугурациясы ушул жылдын 10-январына белгиленген. Бирок анын саламаттыгына байланыштуу өлкөнүн Жогорку Соту ант берүү аземин кийинкиге калтырган.
Уго Чавес Аскерий академиянын бүтүрүүчүсү
4/26 Уго Чавес Аскерий академиянын бүтүрүүчүсү
5-мартта Венесуэланы 14 жыл башкарган президент Уго Чавес 58 жашында дүйнөдөн кайтты. Чавес бийликке 1999-жылы келген. 2012-жылы октябрь айында кайра президенттикке шайланган Чавестин инаугурациясы ушул жылдын 10-январына белгиленген. Бирок анын саламаттыгына байланыштуу өлкөнүн Жогорку Соту ант берүү аземин кийинкиге калтырган.
Капитан Уго Чавес, 1982
5/26 Капитан Уго Чавес, 1982
5-мартта Венесуэланы 14 жыл башкарган президент Уго Чавес 58 жашында дүйнөдөн кайтты. Чавес бийликке 1999-жылы келген. 2012-жылы октябрь айында кайра президенттикке шайланган Чавестин инаугурациясы ушул жылдын 10-январына белгиленген. Бирок анын саламаттыгына байланыштуу өлкөнүн Жогорку Соту ант берүү аземин кийинкиге калтырган.
Уго Чавес аскерий машыгууда<br />
6/26 Уго Чавес аскерий машыгууда
5-мартта Венесуэланы 14 жыл башкарган президент Уго Чавес 58 жашында дүйнөдөн кайтты. Чавес бийликке 1999-жылы келген. 2012-жылы октябрь айында кайра президенттикке шайланган Чавестин инаугурациясы ушул жылдын 10-январына белгиленген. Бирок анын саламаттыгына байланыштуу өлкөнүн Жогорку Соту ант берүү аземин кийинкиге калтырган.
Венесуэланын президенти Карлос Андрес Перести кулатуу үчүн төңкөрүш уюштургандар. 1992
7/26 Венесуэланын президенти Карлос Андрес Перести кулатуу үчүн төңкөрүш уюштургандар. 1992
5-мартта Венесуэланы 14 жыл башкарган президент Уго Чавес 58 жашында дүйнөдөн кайтты. Чавес бийликке 1999-жылы келген. 2012-жылы октябрь айында кайра президенттикке шайланган Чавестин инаугурациясы ушул жылдын 10-январына белгиленген. Бирок анын саламаттыгына байланыштуу өлкөнүн Жогорку Соту ант берүү аземин кийинкиге калтырган.
Эки жылга кесилген Уго Чавес Fransisco de Yare түрмөсүндө. 1992
8/26 Эки жылга кесилген Уго Чавес Fransisco de Yare түрмөсүндө. 1992
5-мартта Венесуэланы 14 жыл башкарган президент Уго Чавес 58 жашында дүйнөдөн кайтты. Чавес бийликке 1999-жылы келген. 2012-жылы октябрь айында кайра президенттикке шайланган Чавестин инаугурациясы ушул жылдын 10-январына белгиленген. Бирок анын саламаттыгына байланыштуу өлкөнүн Жогорку Соту ант берүү аземин кийинкиге калтырган.
Мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети үчүн эки жыл абакта отурган Уго Чавес эркиндикке чыккандан кийин. 27-март 1994
9/26 Мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети үчүн эки жыл абакта отурган Уго Чавес эркиндикке чыккандан кийин. 27-март 1994
5-мартта Венесуэланы 14 жыл башкарган президент Уго Чавес 58 жашында дүйнөдөн кайтты. Чавес бийликке 1999-жылы келген. 2012-жылы октябрь айында кайра президенттикке шайланган Чавестин инаугурациясы ушул жылдын 10-январына белгиленген. Бирок анын саламаттыгына байланыштуу өлкөнүн Жогорку Соту ант берүү аземин кийинкиге калтырган.
Венесуэланын баш калаасындагы Уго Чавестин портрети
10/26 Венесуэланын баш калаасындагы Уго Чавестин портрети
5-мартта Венесуэланы 14 жыл башкарган президент Уго Чавес 58 жашында дүйнөдөн кайтты. Чавес бийликке 1999-жылы келген. 2012-жылы октябрь айында кайра президенттикке шайланган Чавестин инаугурациясы ушул жылдын 10-январына белгиленген. Бирок анын саламаттыгына байланыштуу өлкөнүн Жогорку Соту ант берүү аземин кийинкиге калтырган.
Кубанын президенти Фидел Кастро менен Уго Чавес Коммунисттик партиянын &quot;Granma&quot; гезитин окуп жатышат. Гавана
11/26 Кубанын президенти Фидел Кастро менен Уго Чавес Коммунисттик партиянын "Granma" гезитин окуп жатышат. Гавана
5-мартта Венесуэланы 14 жыл башкарган президент Уго Чавес 58 жашында дүйнөдөн кайтты. Чавес бийликке 1999-жылы келген. 2012-жылы октябрь айында кайра президенттикке шайланган Чавестин инаугурациясы ушул жылдын 10-январына белгиленген. Бирок анын саламаттыгына байланыштуу өлкөнүн Жогорку Соту ант берүү аземин кийинкиге калтырган.
Венесуэлалык аскерлер Уго Чавес жетекчилик кылган төңкөрүш орундалбай калгандан кийин анын сүрөтүн кармап турушат, 1992
12/26 Венесуэлалык аскерлер Уго Чавес жетекчилик кылган төңкөрүш орундалбай калгандан кийин анын сүрөтүн кармап турушат, 1992
5-мартта Венесуэланы 14 жыл башкарган президент Уго Чавес 58 жашында дүйнөдөн кайтты. Чавес бийликке 1999-жылы келген. 2012-жылы октябрь айында кайра президенттикке шайланган Чавестин инаугурациясы ушул жылдын 10-январына белгиленген. Бирок анын саламаттыгына байланыштуу өлкөнүн Жогорку Соту ант берүү аземин кийинкиге калтырган.
Венесуэла президенти Уго Чавес Ливиянын лидери Муаммар Каддафи менен учурашууда
13/26 Венесуэла президенти Уго Чавес Ливиянын лидери Муаммар Каддафи менен учурашууда
5-мартта Венесуэланы 14 жыл башкарган президент Уго Чавес 58 жашында дүйнөдөн кайтты. Чавес бийликке 1999-жылы келген. 2012-жылы октябрь айында кайра президенттикке шайланган Чавестин инаугурациясы ушул жылдын 10-январына белгиленген. Бирок анын саламаттыгына байланыштуу өлкөнүн Жогорку Соту ант берүү аземин кийинкиге калтырган.
Иран президенти Мохаммад Хатами Уго Чавес менен Тегеранда көрүшүүдө, 2000
14/26 Иран президенти Мохаммад Хатами Уго Чавес менен Тегеранда көрүшүүдө, 2000
5-мартта Венесуэланы 14 жыл башкарган президент Уго Чавес 58 жашында дүйнөдөн кайтты. Чавес бийликке 1999-жылы келген. 2012-жылы октябрь айында кайра президенттикке шайланган Чавестин инаугурациясы ушул жылдын 10-январына белгиленген. Бирок анын саламаттыгына байланыштуу өлкөнүн Жогорку Соту ант берүү аземин кийинкиге калтырган.
Каракаста Беларус президентин тосуу маалында
15/26 Каракаста Беларус президентин тосуу маалында
5-мартта Венесуэланы 14 жыл башкарган президент Уго Чавес 58 жашында дүйнөдөн кайтты. Чавес бийликке 1999-жылы келген. 2012-жылы октябрь айында кайра президенттикке шайланган Чавестин инаугурациясы ушул жылдын 10-январына белгиленген. Бирок анын саламаттыгына байланыштуу өлкөнүн Жогорку Соту ант берүү аземин кийинкиге калтырган.
Александр Лукашенко менен Уго Чавес Каракаста жолугушууда
16/26 Александр Лукашенко менен Уго Чавес Каракаста жолугушууда
5-мартта Венесуэланы 14 жыл башкарган президент Уго Чавес 58 жашында дүйнөдөн кайтты. Чавес бийликке 1999-жылы келген. 2012-жылы октябрь айында кайра президенттикке шайланган Чавестин инаугурациясы ушул жылдын 10-январына белгиленген. Бирок анын саламаттыгына байланыштуу өлкөнүн Жогорку Соту ант берүү аземин кийинкиге калтырган.
Уго Чавес Армиянын күнүнө арналган парадда, Каракас. 24-июнь, 2005
17/26 Уго Чавес Армиянын күнүнө арналган парадда, Каракас. 24-июнь, 2005
5-мартта Венесуэланы 14 жыл башкарган президент Уго Чавес 58 жашында дүйнөдөн кайтты. Чавес бийликке 1999-жылы келген. 2012-жылы октябрь айында кайра президенттикке шайланган Чавестин инаугурациясы ушул жылдын 10-январына белгиленген. Бирок анын саламаттыгына байланыштуу өлкөнүн Жогорку Соту ант берүү аземин кийинкиге калтырган.
Аргентиналык футбол жылдызы Диего Марадона менен
18/26 Аргентиналык футбол жылдызы Диего Марадона менен
5-мартта Венесуэланы 14 жыл башкарган президент Уго Чавес 58 жашында дүйнөдөн кайтты. Чавес бийликке 1999-жылы келген. 2012-жылы октябрь айында кайра президенттикке шайланган Чавестин инаугурациясы ушул жылдын 10-январына белгиленген. Бирок анын саламаттыгына байланыштуу өлкөнүн Жогорку Соту ант берүү аземин кийинкиге калтырган.
Уго Чавес Рим папасы Иоанн Павел II менен Ватиканда, 1999
19/26 Уго Чавес Рим папасы Иоанн Павел II менен Ватиканда, 1999
5-мартта Венесуэланы 14 жыл башкарган президент Уго Чавес 58 жашында дүйнөдөн кайтты. Чавес бийликке 1999-жылы келген. 2012-жылы октябрь айында кайра президенттикке шайланган Чавестин инаугурациясы ушул жылдын 10-январына белгиленген. Бирок анын саламаттыгына байланыштуу өлкөнүн Жогорку Соту ант берүү аземин кийинкиге калтырган.
Уго Чавес рак илдетинен дарылануу үчүн чачын алдыргандан кийин башын сылап, тамаша кылууда
20/26 Уго Чавес рак илдетинен дарылануу үчүн чачын алдыргандан кийин башын сылап, тамаша кылууда
5-мартта Венесуэланы 14 жыл башкарган президент Уго Чавес 58 жашында дүйнөдөн кайтты. Чавес бийликке 1999-жылы келген. 2012-жылы октябрь айында кайра президенттикке шайланган Чавестин инаугурациясы ушул жылдын 10-январына белгиленген. Бирок анын саламаттыгына байланыштуу өлкөнүн Жогорку Соту ант берүү аземин кийинкиге калтырган.
Президент Чавес Зулия штатында шайлоо өнөктүгүндө, 30-сентябрь, 2012.
21/26 Президент Чавес Зулия штатында шайлоо өнөктүгүндө, 30-сентябрь, 2012.
5-мартта Венесуэланы 14 жыл башкарган президент Уго Чавес 58 жашында дүйнөдөн кайтты. Чавес бийликке 1999-жылы келген. 2012-жылы октябрь айында кайра президенттикке шайланган Чавестин инаугурациясы ушул жылдын 10-январына белгиленген. Бирок анын саламаттыгына байланыштуу өлкөнүн Жогорку Соту ант берүү аземин кийинкиге калтырган.
Уго Чавес кыздары Мария (солдо) жана Роза (оңдо) менен президенттик сарайда, Каракас. 4-июль, 2011
22/26 Уго Чавес кыздары Мария (солдо) жана Роза (оңдо) менен президенттик сарайда, Каракас. 4-июль, 2011
5-мартта Венесуэланы 14 жыл башкарган президент Уго Чавес 58 жашында дүйнөдөн кайтты. Чавес бийликке 1999-жылы келген. 2012-жылы октябрь айында кайра президенттикке шайланган Чавестин инаугурациясы ушул жылдын 10-январына белгиленген. Бирок анын саламаттыгына байланыштуу өлкөнүн Жогорку Соту ант берүү аземин кийинкиге калтырган.
Чавестин тарапкери анын портретин кармап турат. 27-февраль, 2013
23/26 Чавестин тарапкери анын портретин кармап турат. 27-февраль, 2013
5-мартта Венесуэланы 14 жыл башкарган президент Уго Чавес 58 жашында дүйнөдөн кайтты. Чавес бийликке 1999-жылы келген. 2012-жылы октябрь айында кайра президенттикке шайланган Чавестин инаугурациясы ушул жылдын 10-январына белгиленген. Бирок анын саламаттыгына байланыштуу өлкөнүн Жогорку Соту ант берүү аземин кийинкиге калтырган.
Уго Чавес гитара чертип жатат
24/26 Уго Чавес гитара чертип жатат
5-мартта Венесуэланы 14 жыл башкарган президент Уго Чавес 58 жашында дүйнөдөн кайтты. Чавес бийликке 1999-жылы келген. 2012-жылы октябрь айында кайра президенттикке шайланган Чавестин инаугурациясы ушул жылдын 10-январына белгиленген. Бирок анын саламаттыгына байланыштуу өлкөнүн Жогорку Соту ант берүү аземин кийинкиге калтырган.
Президент Чавес кыздары менен Гаванада ооруканада гезитти барактап жатат, 14-февраль 2013
25/26 Президент Чавес кыздары менен Гаванада ооруканада гезитти барактап жатат, 14-февраль 2013
5-мартта Венесуэланы 14 жыл башкарган президент Уго Чавес 58 жашында дүйнөдөн кайтты. Чавес бийликке 1999-жылы келген. 2012-жылы октябрь айында кайра президенттикке шайланган Чавестин инаугурациясы ушул жылдын 10-январына белгиленген. Бирок анын саламаттыгына байланыштуу өлкөнүн Жогорку Соту ант берүү аземин кийинкиге калтырган.
Президент Чавес Каракаста анын ден соолугу үчүн сыйынышкандардын жөрөлгөсүнө катышууда.&nbsp; 21-август, 2011
26/26 Президент Чавес Каракаста анын ден соолугу үчүн сыйынышкандардын жөрөлгөсүнө катышууда.  21-август, 2011
5-мартта Венесуэланы 14 жыл башкарган президент Уго Чавес 58 жашында дүйнөдөн кайтты. Чавес бийликке 1999-жылы келген. 2012-жылы октябрь айында кайра президенттикке шайланган Чавестин инаугурациясы ушул жылдын 10-январына белгиленген. Бирок анын саламаттыгына байланыштуу өлкөнүн Жогорку Соту ант берүү аземин кийинкиге калтырган.
Артка
Алдыга
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG