Жер-Жылдызы Жерге-Тал: Сайфаридин
Сайфаридин Кудайкулов Тажикстандын Жерге-Тал айылында туулуп өскөн. Ал ферма башчысы болуп турган 1996-жылы Дүйшөмбүдөн келген "Каримша" деген баш кесердин желдеттери Жерге-Талда бийликти басып алат. Алар Сайфаридинди койдой сабап, эртеси үйүн айланта ок атып, жүрөгүнүн үшүн алып, акыры Тажикстандан качууга мажбурлашат. "Каримша" эки жылдан кийин өкмөттүк күчтөр менен кагылышта окко учат. 41 жашында Сайфаридин чиедей жаш алты баласы менен Чүйгө келип, азыр Васильевка деген айылда үй бүлөсү менен очор-бачар болуп жашайт. Мындан 18 жыл мурдагы окуяларды Сайфаридин ичине катып жүрүп, эми гана ачыкка чыгууга батынып турат.
Чыгарылыштар
-
Октябрь 21, 2026“Сахароводо 19 күн жатып, Кыргызстанга кайттым”
-
Октябрь 19, 2026"Oзонго" чабуул: "Жардыруудан кийин суукта төрт саат турдук”
-
Октябрь 19, 2026"Ирактын абагынан өзүм чыктым, апам калды"
-
Сентябрь 13, 2026Орусияда кыргыз мигранттын кызы терроризмге айыпталды
-
Август 26, 2026"Сахароводо күйөөмдү согушка барууга мажбурлап жатышат"