Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:09

Вальс - өмүрдүн кымбат ирмеми


Жеңиш аянтындагы вальс, Бишкек.
Жеңиш аянтындагы вальс, Бишкек.

Вальс! Бийлердин падышасы. Вальсты эргий бийлеп жаткан эркек-аялдардын көлдө жай калкып бараткан ак куудай көрктүү турпаты жана музыка жараткан ажайып маанай көрүп турган адамды аруу кыялдын дүйнөсүнө алып учат.

"Келиңиз, сиз да бийкечтердин бири менен бизге кошулуп, чимириле айланыңыз", - деп чакырат.

Маэстро, вальс! Вальс! Сиз да Дмитрий Шостаковичтин номур экинчи вальсын угуп жатып, биринчи вальсты качан, ким менен бийлегениңизди эстеп көрүңүзчү...

Ал эми Лев Толстойдун “Согуш жана тынчтык” романындагы Наташа Ростованын биринчи балда бийлегеничи. Элестетиңизчи...

1809-жылдын 31-декабры. Петербург. Адеми жасалгаланган зал. Ак, көк, кызгылтым көйнөк кийип, жылаңач колдоруна жана апакай моюндарына бриллиант, каухар таккан аялдар, мундирчен, жылдыз, лента тагынган эркек таналар... Бай бойдоктор да ушу жерде.

"Алгачкы бийге чакырылбаган Наташа четке сүрүлүп калган аялдардын арасында турат. 16 жаштагы селкинин ою уйгу-туйгу болуп, тынчы кетүүдө. “Чын эле мага эч ким басып келбейби, биринчи болуп бийлегендер менен кошо чын эле бийлебей каламбы,.. бу эркектердин баары чын эле мени байкабай коюшабы? Жок, андай болушу мүмкүн эмес!" деп ойлоду ал.

Бирок, кокусунан, капалыктын түнөргөн булутунан кубанычтын күнү чыга келди. Наташа бийге чакырылды! Князь Андрей ага вальстан бир тур бийлөөнү сунуш кылды. Белгилүү князь Андрей Болконский!

Азапка да, кубанычка даяр турган Наташанын жалдыраган өңү бактысына ыраазы болгон баланыкындай жайнай түштү. Бийлебей калбагай элем деп коркуп, ыйлаганы турган кыз кубана күлүңдөп, князь Андрейдин ийнине колун койгондо: “Сени көптөн бери күтүп турам" деп жаткандай сыяктанды.

Музыканын ыргагы менен кошо Наташанын көңүлү көтөрүлдү. Бир нече мүнөт мурда жанына тынчтык бербеген ойлор унутулду. Учуп кетти.

Лев Толстой “Согуш жана тынчтык“ эпопеясында Наташа Ростованын орус падышасы өзү катышкан балдагы сезимин сүрөттөп, бүтүн аялзатынын өмүрүндөгү биринчи балдагы бий маалындагы ички абалын ачып көрсөткөн деп ойлоп кетем.

Балда биринчи бийди күтүп жаткан Наташанын абалын австриялык кинорежиссер Роберт Дорнхельмдин 2007-жылы чыккан “Согуш жана тынчтык” телесериалында башка фильмдерге караганда мыкты көрсөтүлгөн деп ойлойм.

18-кылымдын башында жашаган адабий каарман - Наташанын Петербургдагы чоң балда мени ким бийге чакырат деп жалдырап тургандагы абалы кыргыз аялдарын да кайдыгер калтырган эмес. Мурза Гапаровдун “Наташа Ростованын биринчи балы“ деген аңгемесин окуп көрөлү.

"А эртели- кеч тою түшкөнү жаткан кыздын көздөрү болсо кайрадан жашка толду. Тамгалар дагы көрүнбөй калды. Ансыз да жүрөгү кубанычка толуп чыккан кыз, окуй албастан, башын көтөрдү. Бул жолу ал көзүн жуумп, жашын сыгып таштоого ашыккан жок.

Ушинтип турганда, ашкананын картаң эшиги катуу кычырап, тыштан жоош-момун жүзү бар, жаш келин кирип келди. Бул - кыздын жеңеси болчу.

- Жеңе!-деп кыйкырып жиберди кыз, аны көрүп. - Наташаны бийге чакырышты".

Адистердин айтымында, вальс Альп тоолорунун этегин байырлаган австриялыктар мене немистердин эркек-аял жуп-жуп болуп чимириле бийлечү элдик бийлерине окшоп кетет жана ушул эки этностун бийинин негизинде вальс жаралган экен.

Вальс 1787-жылы Венада испаниялык композитор Винсент Мартиндин Una Cosa Рара деген операсында бийленгенден кийин Европанын аристократтары арасына тез жайылат. Ырас, вальс падышалардан колдоо тапканча, диниятчылар тарабынан “бузуку“, “ыймансыз" деп бааланып, катуу каршылыкка кабылган.

Жаштар Ф. М. Достоевскийдин музейинин алдында вальс бийлешүүдө. Семей, 16-май 2012.
Жаштар Ф. М. Достоевскийдин музейинин алдында вальс бийлешүүдө. Семей, 16-май 2012.

​Бүгүн вальс – вальсты сүйүүчүлөр үчүн жүрөктөрдүн бир ыргакта жаңырган күүсү; түн уйкуну бузуп, жүрөк толкуткан махабат сезими эми пайда болуп жаткан кездеги сүйүктүү адамыңыз менен биринчи бийлеген учуруңузду көз алдыңызга тарткан керемет маанай. Вальс – өткөн жаштыгыңызга болгон сагыныч, кусалык, суктануу. Мындай сезим мени Энтони Хопкинстин “Вальс уланууда“ (And The Waltz Goes On) деген вальсын угуп жатканда коштой баштайт. Айрыкча, нидерландиялык дирижёр жана скрипкачы Андре Рьё жетектеген Иоганн Штраус атындагы оркестр түрдүү вальстарды аткарганда.

Ушу тапта ким да болсо маанайына жараша түрдүү вальстарды тандап укса болот. Мага, айрыкча, Дмитрий Шостаковичтин экинчи вальсы жакын.

Вальс, 2015-жылы дүйнөдөн өткөн грек өнөрпозу Демис Руссос Come Waltz With Me ("Келиңиз, мени менен вальс бийлеңиз") деген ырында айткандай, өмүр кымбат экенин бизге Д. Шостаковичтин вальсынын мукам ыргактарынын коштоосунда эскертип турат.

Come waltz with me and let go of the way you are going

Come talk to me and I'll tell you what's really worth knowing

Life's much too good, my friend. Don't let it end.

Келиңиз, мени менен вальс бийлеңиз! Мен сизге баа жеткис белек берем. Чогуу тобокел кылып көрөлү! Мен өмүр кандай кымбат экенин көргөзөм. Жашоодо жакшылыктар көп, досум. Өмүрдү токтотконго жол бербеңиз.1

Come dance with me and I'll give you a gift worth giving

Take a chance with me and I'll show you a life that's worth living

Life's much too good, my friend. Don't let it end.

Келиңиз, мени менен бийлеңиз! Мен сизге баа жеткис белек берем. Чогуу тобокел кылып көрөлү! Мен өмүр кандай кымбат экенин көргөзөм. Жашоодо жакшылыктар көп, досум. Өмүрдү токтотконго жол бербеңиз.

Вальс, маэстро! Вальс уланат!

---------------

1 Редактордон-Амирбек Азам уулунун сөзмө сөз котормосу.

XS
SM
MD
LG