Киев кайра чабуулга кабылды, 20дай киши набыт болду
Дүйшөмбүгө караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын борбору Киевге кайра сокку урду. Шаар бийлиги маалымдагандай чабуулдан 20дай кишинин өмүрү кыйылып, ондогон адам түрдүү жараат алды. 5-июлда украин президенти Владимир Зеленский чалгын маалыматтарына таянуу менен Орусия НАТОнун Анкарадагы саммитинин алдында Украинага жапырт соккуларды даярдап жатканын билдирген эле.
Шерине