Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Булбулдун үнү өчтү


Уитни Хьюстон Грэмми салтанатында, 2011-жылдын 11-февралы.
Уитни Хьюстон Грэмми салтанатында, 2011-жылдын 11-февралы.

Америкалык атактуу ырчы жана актриса Уитни Хьюстон дүйнөдөн кайтты.

Жекшембиге караган түнү дүйнөдөгү маалымат каражаттары Уитни Хьюстондун миллиондогон күйөрмандары үчүн суук кабарды окуп жатышты.

Ырчынын жасатын Лос-Анжелестеги “Беверли Хилтон” мейманканасында табышкан. Полициянын кабарына караганда, ырчынын денесинде зордуктун белгилери табылган эмес.

Хьюстондун музыкадагы чыгармачылык өмүрү баңги менен аралашкан толгон-токой жаңжалдар менен коштолду. Бирок соңку кездерде, ырчынын досторунун айтымында, ал дээрлик наркотик колдонбой калган болчу, үнү да бир топ эле калыбына келе баштаган.

Азырынча ырчы эмнеден көз жумганы аныктала элек. Полиция иликтөөлөрүн баштады, алгачкы жыйынтыктары 1,5 - 2 айда айтылат дешти.

Уитни Хьюстон 48 жашта болчу. Ал дүйнөдө эң көп музыкалык сыйлыктарды алган артист катары Гиннестин рекорддор китебине кирген. 6 “Грэмми”, 15 “Биллборд” (Billboard Music Awards), 21 жолу АКШнын музыкалык сыйлыгы (American Music Awards) жана эки жолу “Эммини” алган.

Дүйнө боюнча анын 170 миллион пластинкасы сатылды.

Ырчы көз жумган отелдин жанына анын көптөгөн күйөрмандары менен журналисттер чогулушту.

Rolling Stone журналы Уитни Хьюстонду дүйнөдөгү 100 мыкты аткаруучунун катарына кошкон. Ал аткарган I Will Always Love You (Мен сени түбөлүккө сүйөм) аттуу баллада глобалдык хитке жана сүйүүнүн гимнине айланды.

Америкалык кантри стилиндеги ырчы Долли Партондун бул ырын Хьюстон актер Кевин Костнер менен ойногон “Жан сакчы” тасмасында аткарган болчу.

Уитни Хьюстон АКШнын Нью-Жерси штатында 1963-жылдын 9-августунда жарык дүйнөгө келген. Ал Жон менен Сисси Хьюстондордун үй-бүлөсүндөгү үч перзенттин кенже кызы болчу. Апасы, эки бир тууган эжеси жана өкүл апасы Арета Франклин ритм-энд-блюз, соул, джаз жана госпел-музыкасы боюнча дүйнөгө белгилүү ырчылардан.

Журналисттердин айтымында, ырчынын өлүмү быйылкы "Грэмминин" натыйжасына таасир этет. Азырынча белгилүү болгондой, сыйлыкты тапшыруу аземинде Хьюстондун жаркын элесине атайын ыр арналат жана аны Женнифер Хадсон аткармакчы.
Уитни Хьюстондун I Will Always Love You (Мен сени түбөлүккө сүйөм) аттуу ырына "бийлеген" Дубай шаарындагы фонтан. (Тасма You Tube сайтынан алынды)

  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG