Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Айтылуу опера жылдызы дүйнө салды


Монсеррат Кабалье Москвадагы концерт учурунда. 6-июнь, 2018-жыл.
Монсеррат Кабалье Москвадагы концерт учурунда. 6-июнь, 2018-жыл.

Испанияда белгилүү опера ырчысы Монсеррат Кабалье көз жумду.

Жергиликтүү басылмалар кабарлагандай, 85 жаштагы Кабалье 6-октябрда Испаниянын борбору Барселонада жашоо менен кош айтышты.

Сентябрдын аягында ал ооруканага жатканы кабарланган. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 8-октябрда болот.

Атагы алыска тараган испаниялык Монсеррат Кабалье жүздөн ашуун эмгектерди жаратып, булбул үнү менен көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган.

Болочок жылдыз 1933-жылы Барселонада жарык дүйнөгө келген. 21 жашында Лисео театрынын алдындагы консерваторияны аяктаган.

1960-жылдардын ортосуна чейин Европанын көптөгөн опера театрларында ырдаган.

Монсеррат Кабальеге дүйнөлүк атак-даңк 1965-жылы келген. Анда ал Карнеги-Холлдо коюлган Гаэтано Доницеттинин “Лукреция Боржиа” операсында америкалык ырчы Мэрилин Хорндун ордуна чыккан.

Ошол эле жылы Нью-Йорктогу “Метрополитен-операга" чакырылган. Ал жерде 1980-жылдардын аягына чейин ишмердик жүргүзгөн.

Монсеррат Кабалье дүйнөлүк жылдыздардын бир нечеси менен дуэт ырдаган.

1996-жылдын декабрында Reuters агенттигине берген маегинде "Эгер убакытты артка кайтарууга мүмкүн болсо, XX кылымдагы атактуу ырчылардын бири, 1977-жылы дүйнөдөн өткөн Мария Каллас менен чогуу ырдамакмын" деп өкүт кылган жайы бар.

​1992-жылы Испаниядагы жайкы Олимпиада оюндарында Кабалье Queen тобунун солисти Фред Меркюри менен "Барселона" аттуу ырды аткарган. 1987-жылы жазылган бул чыгарма беш жылдан соң Барселонадагы Олимпиаданын гимнине айланган.

Монсеррат Кабалье 2013-жылы Арменияга келген учурда Азербайжан менен талаштуу Тоолуу Карабакка да барган, аны аймак жетекчиси Бако Саакян аны кабыл алган эле.

Опера жылдызынын бул сапары азери бийлигин нааразы кылып, “персона нон-грата” деп жарыяланган. 2015-жылы Барселона шаарды соту аны салык төлөбөгөнү үчүн айыптуу деп тапкан.

Маркум бир уул, бир кыздын энеси.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG