Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Израил уруш узак болорун эскертүүдө


Израил армиясынын чабуулунан кийинки Газа шаарынын түштүк тарабы, 29-июль, 2014
Израил армиясынын чабуулунан кийинки Газа шаарынын түштүк тарабы, 29-июль, 2014

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху анын өлкөсү узак мөөнөттүү куралдуу эрегишке даяр турушу керектигин айтып, Газа тилкесинде ок атуу токтотулушу мүмкүн деген үмүттөрдү өчүрдү.

Палестин бийликтери шейшембиде Израилдин согуштук авиациясы менен танктардын чабуулунан 100 киши, алардын ичинде он чакты жаш бала мерт болгонун кабарлашты.

Үч жумадан бери Газа тилкесинде уланып жаткан куралдуу эрегиш 1200дөн ашуун палестин, көпчүлүгү жай тургундардын өмүрүн алып кетти. Израил 53 аскерин, үч куралсыз атуулун жоготконун билдирди. Шейшембиде Израилдин танктары Газа тилкесиндеги жалгыз чоң электр станцияны бутага алып, аймактын көпчүлүк бөлүгү жарыксыз калды. Шейшембинин таңында адегенде ХАМАС уюмунун жетекчиси Исмаил Ханьянын үйү, ага удаа ХАМАСка караштуу Ал-Акса теле жана радиокомпаниясынын имараттарына сокку урулду. Кечке маал Ал-Акса телеканалы обого чыгып жатты, радиосу угулбай калды. Түнү менен улантылган аскердик чабуул палестиндердин 20дай үйүн, эки мечитин кыйратты.

Газа секторундагы атышуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:59 0:00

Дүйшөмбүдө кечинде теледен сүйлөгөн Израил премьери Нетаньяху ХАМАС уюмунун исламчыл согушкерлери куралдарын таштамайынча, чыр-чатакты чечүүнүн башка жолу жок деп белгиледи.

"Алдыда өтө татаал күндөр бар экенин билгенбиз. Бүгүн ошондой оор күн. Биздин өлкөнү жок кылууга умтулган террорчуларга каршы күрөштү улантуудан башка жол жок. Узак күрөшкө даяр болушубуз керек", - деди Израилдин өкмөт башчысы.

Шейшембиде Ирандын Жогорку руханий лидери Аятолла Али Хаменеи Израил Газа тилкесинде геноцид, же тукум курут саясатын жүргүзүп жатат деп айыптап, ислам дүйнөсүн палестиндерди куралдандырууга үндөдү.

Тель-Авивдеги 10-канал телекомпаниясы уюштурган сурамжылоо жыйынтыгы Израил өкмөтүнүн Газа тилкесиндеги аскердик компаниясын колдогондор өлкө калкынын көпчүлүгүн түзөөрүн көргөздү. Шейшембиде палестин аймагынан Изралдин түштүк жана борбордук бөлүгүн бутага алган бир нече ракета атылды. Алардан кандай зыян залака келтирилгени азырынча белгисиз.

Шейшембиде кечинде Хамас уюмунун жер астындагы туннелинен тартылган видео интернетке чыгарылды. Израил өкмөтү хамасчылар дал ушундай туннелдерди карапайым израилдиктерди бутага алган ракеталык чабуулдар үчүн пайдаланып жатат деп билдирген.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун жана АКШ президенти Барак Обама Израилдин премьери Нетаньяхуга кысымын күчөтүп, аскердик чабуулдарды токтотууга чакырууну улантышты. Пан Ги Мун мырза Израил аскерлери Газа тилкесине асмандан баракчаларды чачып, “он миңдеген палестин тургундарын үйлөрүн таштап башка жакка кетүүгө” үндөгөнү чын болсо, анын арты аябай терең гуманитардык апаатка алып келет деп эскертти. “Улуттар уюмунун кызматкерлери азыр эле айласы куруп, куралдуу чабуулдар ортосунда калган карапайым элге жардам бере албай калды”, - деп басым жасады Улуттар уюмунун баш катчысы.

Эң соңку маалыматтарды кошо кетсек, шаршембиде Израил армиясы Газа тилкесинде ок атууну төрт саатка токтотоорун жарыялады. Аскерлердин айтымында, гуманитардык максаттагы тыныгуу жергиликтүү убакыт боюнча саат 15те күчүнө кирет. Ошондой эле алар жай тургундардын уруш болуп жаткан аймакка кирбеши керектигин эскертти.

Буга чейин Газадагы палестин топтору 24 саатка ок атышууну токтотууга даяр экенин билдирип чыгышкан.

Палестиналык өкүлдөр билдиргендей, шаршембиге караган түнү Израил армиясынын аткылоосунан Газа тилкесинде ондогон адамдар набыт болушту. Палестиндик дарыгерлер набыт болгондордун арасында БУУнун көмөгү менен салынган мектеп имаратында жашырынган 16 адам бар деп жатышат.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG