Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:55

Пенс Пхеньянга Трамптын чечкиндүүлүгүн эскертти


АКШнын вице-президенти Майк Пенс он күндүк Азия сапарынын алкагында Сеулга жекшембиде барды. Түндүк Корея президент Дональд Трамптын чечкиндүүлүгүн сынабай эле койсун деп, Пхеньяндын курал сыноо жана өзөктүк программасына каршы “бардык варианттар үстөл үстүндө” экенин эскертти.

Пенс 17-апрелде Сеулда маалымат жыйында Сирия менен Ооганстандагы АКШнын аскерий операциялары “биздин президенттин кайраты менен чечкиндүүлүгүн” айгинеледи деп айтты Түштүк Кореянын президентинин милдетин аткаруучу Хван Гё Ан менен бирге маалымат жыйында.

Ага чейин Корей жарым аралын бөлүп турган куралсыздандырылган тилкеге барып, кырдаалды курчутууга эч кандай жол берилбестигин “Түндүк Кореяга чыдоонун эрасы бүткөнүн” баса белгиледи.

“Түндүк Кореянын эли, Түндүк Кореянын армиясы Америка Кошмо Штаттары өз өнөктөштөрүнүн тарабында экенин аңдашы керектигин” айткан Пенс Вашингтон Түндүк Кореяга байланыштуу кырдаал кай тарапка өзгөргөнүнө карабастан Түштүк Кореяны колдойт деди. Аны менен катар эле Ак үйдүн жогорку даражалуу өкүлү АКШ кырдаалды “сүйлөшүү аркылуу тынч жол менен чечүүгө” умтуларын дагы кошумчалады.

Вашингтон менен Пхеньян мамилеси марттын этегинде Түндүк Корея төрт баллистикалык ракета учургандан кийин кайра курчуган. Пхеньян муну Жапониядагы америкалык аскерий базаларга урула турган соккуга даярдык деп жар салган.

Соңку күндөрү Түндүк Корея менен АКШ бири-биринин дарегине кескин сындарды айтууда. Президент Дональд Трамп “Түндүк Кореянын маселесин чечүүнү” убада кылып, Корей жарым аралына аскерий кемелерди жиберген.

Пхеньян болсо АКШнын өзөктүк соккусуна тиешелүү жооп берилет деп эскертип, ага удаа ракета учуруп, бирок ал ийгиликсиз аяктады. Орто аралыкка уча турган ракета старт алгандан 4-5 секунда өткөн соң өлкөнүн чыгыш жээгиндеги Синпхо шаарына чукул суу алдындагы кемелердин базасында жарылган.

Вице-президентти Азия сапарында коштоп жүргөн Ак үйдүн атын атабаган кеңешчиси Кошмо Штаттарда ракета учканга чейин жана андан кийинки бардык чалгын маалыматтары бар экенин айтат. Пхеньяндын ийгиликсиз аракетин күчөтпөө максатында Трамптын администрациясы эч кандай чара көрбөй турганын да кошумчалады.

Азия боюнча 10 күндүк сапарын Пенс жекшембиде Сеулдан баштады. Вице-президентти аялы Карен менен эки бойго жеткен кызы коштоп жүрөт. Сеулдагы улуттук көрүстөнгө гүлчамбар койгондон кийин Пасханын урматына америкалык жана түштүк кореялык аскерлер менен чиркөөдө атайын жөрөлгөгө катышты.

“Менин атам Корей согушунда америкалык армиянын катарында кызмат өтөгөн. Биз бул жерде эркиндик үчүн атам корей жоокерлер менен бирге согушкан айрым жерлерди көрдүк" деди жоокерлерди шыктандырган вице-президент.

16-апрелде президент Трамп Кошмо Штаттар “Түндүк Корея проблемасынын” үстүндө Кытай менен иштешип жатканын Твиттерде жазган.

Түндүк жана Түштүк Корея 1950-53-жылдардагы жаңжалдан кийин экиге ажырап калган. 28 жарым миңден ашуун америкалык аскерлер Түштүк Кореяда жайгашкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG