Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:24

Аткаминерлер журналист кыздарга тийишет


Eurasianet басылмасы аял журналисттер интервью алганы барганда чиновниктердин сексуалдык кысымына кабыларын жазды.

"Жолугууга эмес, интервьюга келдим"

Мына ушундай темада бишкектик журналист Асел Калыбекованын эл аралык Eurasianet онлайн басылмасына макаласы чыгып, анда аял журналисттер, айрыкча жыйырмадан ашкан кыздар Кыргызстандагы чиновниктерге интервью алганы барганда сексуалдык кысымга учурап жатканы баяндалат. Кызматкер эркектер журналист кыз болсо кесипкөй катары көрбөй кечкисин жолугууга чакырып, же бөлмөдө жалгыз калганда тийишкен учурлар көп болгонун жеке мисалы менен айтып, Кыргызстанда аялдарга карата зомбулук дале болсо күчүндө экенин шардана кылган.

Англияда мусулман министр кызматын таштады

"Узаган аптада Британиянын өкмөтүндө күтүүсүз окуя болду" деп жазат The Telegraph гезитинин саясий баяндамачысы Мэтью Холхауз. Пакистан тектүү Баронесса Уарси Британиянын министрлер кабинетиндеги алгачкы мусулман аял эле. Ал Газадагы Израилдин согуштук аракеттери жана британ өкмөтүнүн Израилге курал-жарак сатуу саясатына жеке көз караштары туура келбегендиктен, Тышкы иштер министрлигиндеги ээлеген кызматынан баш тартты.

Баронесса Сайида Уарси
Баронесса Сайида Уарси

Ал өкмөт башчысына жазган арызында: “Бир нече аптадан бери бул оор чечимди кабыл ала албай кыйналдым. Бирок биздин өлкөнүн Бириккен улуттар уюмундагы Адам укуктары боюнча жооптуу өкүлү катары Газадагы кан төгүүгө кайдыгер карай албайм. Британиянын кызыкчылыгы биринчи кезекте демократия менен адам укугун коргоо болушу керек”, - деп жазып, Израилди эл аралык сот жообуна тартуу зарылдыгын белгиледи. Премьер-министрдин басма сөз кызматы Баронесса Уарсинин кызматтан кетишине "Министр кезинде абдан жакшы жетишкендиктерге жеткен эле" деп өкүнүү менен баа берсе, Лондондун мэри Борис Жонсон: “Баронесса Уарси мыкты саясатчы, кызматына кайра кайтып келерине ишенем”, - деди The Telegraph гезитине.

Өзбекстан жакырлыктын чегинде

"Бириккен улуттар уюмунун азык-түлүк коопсуздугу программасы 2014-жылдагы маалыматтарга таянып, Өзбекстан калкынын төрттөн үч бөлүгү жакырчылыкта жашарын аныктады",- деп кабарлады Economist журналы.

Коңшу Кыргызстанга иштеп акча тапканы келген өзбекстандык аял
Коңшу Кыргызстанга иштеп акча тапканы келген өзбекстандык аял

Эл аралык сыпаттоого ылайык, ар бир өзбек жараны күнүнө тамак ашына 2 доллар гана сарптайт. Дүйнөдөгү эӊ кедей өлкөлөр: Нигерия, Мали менен Гаити жашоочуларынын да күнүмдүк керектөөсү ушунча. Айрыкча айыл чарба, тамак-аш өндүрүү жаатында Өзбекстанда эч кандай жаӊы ресурстар курулбай, инфраструктурасы талкаланып, заманбап талаптарга жооп берген азык-түлүк чыгаруучу завод-фабрикалар ондогон жылдардан бери курула элек. Өлкөдө азык-түлүк жетишерлик өндүрүлгөнү менен аны толук кандуу сатып алуучулар өтө аз. Анткени элдин 76,7 проценти жакырчылыктын жеткен чегинде турат деп кабарлашты Economist журналынын аналитиктери.

Орус олигархы Путинге нааразы

Германиянын Focus басылмасы бир нече жыл мурда Британияга көчүп кеткен орус ишкери Евгений Чичваркиндин Орусия президенти Владимир Путин боюнча айткан пикирин жарыялады. Анда: “Орус ишкерлери саясат тууралуу эмне дешет? Албетте саясаттан акча тапкылары келип, Путиндин дымагын колдоп келишет. Бирок ичинен Путин менен анын санаалаштарын каргагандары арбын. Көптөрү өлкөдөн чыгып кетишти. Орусияда акча тапкысы келгендер гана калды. Алар да азыртадан үй-бүлөсүн акырындап чыгарып кетип жатышат. Путиндин системасы теӊ салмактуулук огунан чыкты ”, - деди Чичваркин Focus басылмасына.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG