Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

"Жыл адамы" Путиндин сөлөкөтү өрттөлдү


Bonfire Night Celebration деп аталган англис улуттук майрамында Путиндин сөлөкөтүн өрттөө адаттан тыш көрүнүш болду.
Bonfire Night Celebration деп аталган англис улуттук майрамында Путиндин сөлөкөтүн өрттөө адаттан тыш көрүнүш болду.

Эл аралык басма сөзгө баяндама (3-9-ноябрь).

Forbes журналы быйылкы жылдын эң кубаттуу лидерлеринин тизмесин чыгарды. Былтыркыдан айырмаланып, биринчилик Орусиянын президенти Владимир Путинге тийди. Журналда:

2014-жылы Владимир Путин Крымды аннексиялап, Украинада согушту тутантып, эл аралык коомчулукта жылуу пикир жаратпаса да, эсепсиз энергетикалык байлыгы жана өзөктүк куралы менен эң эле кубаттуу өлкөнү башкарып, Си Цзинпин менен Барак Обаманы артка таштады. Редакторлор кеңеши 72 дүйнө лидерин өлкөсүнүн ички дүң өнүмү, каржылык ресурстары, энергетикалык байлыгы боюнча баалады. Экинчи орунда Барак Обама, үчүнчү болуп Си Цзинпин турат”, - деп жазылган.

Басылманын редактору Каролина Хоувард Путинди: “Эч ким аны алсыз деп айта албагандай эле мыкты жигит деп да баа бере албайт” деп сыпаттаган. Си Цзинпинден кийинки орунда Ангела Меркел, Рим Папасы жана Билл Гейтс турат. Эскерте кетсек, бул тизмеде 2010-жылдан 2013-жылга чейин биринчиликти АКШ президенти Барак Обама эч кимге бербей келген эле.

Ал арада Британияда 400 жылдан бери ноябрь айынын башында өтүүчү атактуу фейерверк парадында Владимир Путиндин таарындылардан жасалган сөлөкөтү өрттөлдү деп кабарлайт The Washington Post гезити. "Бул парад жана анын сүрөт галереялары узаган аптадагы Батыш басма сөзүндө эң көп талкууланып, окулган тема болду. Англиянын Сасекс аймагындагы Люис аттуу шаарында бир нече метрлик жылаңач Путин курал кармап, Украинада талкаланган Малайзия учагынын үстүндө турган сөлөкөтүн жергиликтүү эл көчөлөрдү кыдырткандан кийин кечкисин өрттөп жибергени кызыктуу окуя болду" деп жазат аталган гезиттин кабарчысы Адам Тейлор.

"400 жылдан бери белгиленип келаткан Bonfire Night Celebration деп аталган англис улуттук майрамында Путиндин сөлөкөтүн өрттөө адаттан тыш көрүнүш болду" деп жазат The Independent гезити.

Кытайда наристе көбөйгөн жок

The Japan Times гезити Кытайда бирден ашык балалуу болуу мыйзамы алынып салынгандан кийин быйыл төрөлгөн балдардын саны көбөйөт деп күтүлгөн, бирок андай болгон жок деп жазып чыкты.

2014-жылы бул мыйзам күчүнө киргенден кийин 700 миң жуп гана экинчи балалуу болобуз деген тилек менен мамлекетке кайрылган. Кытайдын Улуттук саламаттык жана үй-бүлөнү пландоо комиссиясынын айтымында, жаңы мыйзам төрөт санын 1,5 проценттен 1,6 процентке гана көтөрдү. Өткөн жылы Кытай бийлиги атуулдарына экиден балалуу болууга уруксат берген эле, деп кабарлайт The Japan Times.

Эң жакыр президент машинесин сатууда

Эскирип, жүрбөй калган 1987-жылкы машинеси
Эскирип, жүрбөй калган 1987-жылкы машинеси

Дүйнөнүн эң жакыр президенти наамын алган Уругвайдын лидери Хосе Мужика араб шейхтерине өзүнүн эски Beetle үлгүсүндөгү машинесин 1 миллион долларга сатам деп сунуштаганын The Telegraph гезити басып чыкты. Анын эскирип, жүрбөй калган 1987-жылкы машинесине ким кызыкмак эле деген суроого Хосе Мужика: “Адам баласын аңдап билүү өтө кыйын. Айрымдар символикалуу нерселерди чогултканды жакшы көрөт да”, - деген жооп узаткан.

“Курманжан Датканы” жактырган Шерон Стоун

Лос-Анжелестеги “Курманжан Датка” тасмасынын бет ачарына Голливуддун актрисасы Шерон Стоун катышканы тууралуу Батыш басылмалары байма-бай жазышты.

Британиянын The Daily Mail басылмасы “Курманжан Датка” тасмасын Кыргызстандын тарыхында эң көп каражат, башкача айтканда 1,5 миллион доллардай акча коротуп тартылган деп сыпаттап, анын Калифорниядагы ачылышына Шерон Стоун жалтырак шым, кара кайыш кемселчен келди деп жазган.

Ал эми башкы ролдогу Элина Абай кызын гезит “Кеченин айымы” деп атап, кийген кийимине жогору баа берди. Ошондой эле The Daily Mail бет ачар кечеге Голливуддун Жюди Тенута, Клое Херст аттуу актрисалары да катышканын кабарлады.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG